ДНК (аферист эркектин 2 аялы, алардын күлкүлүү окуяларын баяндаган сериал)

(Башы өткөн санда)

– Ай, могу бала эмне деп жатат?- Нуриянын апасы чычалап кеткендей болду.

– Сиздин күйөө балаңыз менин ыраматылык күйөөмө окшош тура... Жадакалса аты да окшош экен. Менин күйөөмдүн аты дагы Каныбек болчу.

– Жөн гана дал келүү, апа. Көңүл бурбаңыз!- Нурия да ишендиргенге аракет кылды.

ххх

Нуриянын апасы алардан чыгары менен Асанбай кичи районундагы кичинекей кафени көздөй жөнөдү. Алдын ала пландагандай эле максаттуу түрдө киши көп кире бербеген кафеге барып, кире берерде “эч ким көргөн жокпу?” дегендей айланасына бир кыдырата көз чаптырып, анан тапшырма менен жүргөн атайын кызматтын өкүлүндөй сырдуулук менен баш бакты.

Төрдө эшиктеги ысыкка карабастан кара калың капюшондуу спорттук кийим кийип, кара көз айнек тагынып башын жерге салып бир адам отурган. Нуриянын апасы түз эле ошону көздөй жөнөдү. Барды да, маңдайындагы стулду кафель полго “кыйк” эттире сүрүп туруп отура кетти.

– Айша эже, айланайын, аркы столго отуруңузчу? Сыр алдырбаш керек да...- деди кара көз айнекчен. Нуриянын апасынын ысымы Айша болчу.

– Омей, эмнеге?

– А-эй! Ушундай болчу беле? Аркы столго отуруңуз. Бирөө жарым сизди таанып калып, мени менен отурганыңызды көрсө даана ит болобуз.

– Иий, мына!- жини келе коңшу столго отурду.

– Эмне болду, Айша эже? Эми сүйлөшсөк болот.

– Эмне эле “Айша эжелеп” калгансың, апа эле дебейсиңби?! Апа эле деп жатпадың беле.

– Жок-жок! Сизди апа дегеним кооптуу... Жакын тууган экениңизди тигилер билип калса сизди да жөн коюшпайт. Атайын ушинтип айтып жатам. Эгер алар кармап калчу болсо мени “жакшы деле тааныбайм, айылдаш байкенин баласы болчу” деп коюңуз.

– Кайсы байкенин баласы эле деп айтайын?

– Айырмасы жок. Каалаган атты айта бересиз да...

– Марсель аксакалдын баласы болчу дейинби?

– Кимдин?

– Марсель аксакалдын...

– Марсель деген аксакал болбойт!

– Болбосо эмнеге балаңдын атын Марсель койдуң эле?!

Тиги неме кара көз айнегин шап чечип, капюшонун аркага ыргытты. Көздөрү алайган, дордойгон калың эриндери жарым-жартылай ачылып таң калып туруп калган бул неме Нурия жоктоп ыйлап жүргөн Каныбек болчу.

– А... Апа! Сиз туура эмес түшүнүп калгансыз го...

– Апалап жибердиң го кайра! Каныбек, деги эмне болуп жатат, түшүндүрчү мага?! Мээм айланып калды... Бүгүн Нурияга барсам бир жаш келин отуруптур. Кичинекей балдары менен. Улуусу Даниель, кичүүсү Марсель...

– Туй энең...

– “Туй энең” дей турган жери ал эмес. Келиндин аты болсо Дария экен. Эрим өлүп калган, аты Каныбек болчу дейт. А мен дароо сен жөнүндө сөз болуп жатканын түшүндүм. Даниель деген балаң бул менин атам деп сүрөтүңдөн таанып отурат.

– Ту-уй энең...

– Ии, эми мага түшүндүр баарын!

– Апа...

– Же сен эже де, же апа де! Мээмди айлантпа!

– Эже...

– Ии...

– Иттик менден кетти. Ооба, ал Дария деген келин менин мурунку аялым. Балдар менин балдарым. Бирок биздин ажырашканыбызга көп болгон.

– Эмнеге анда мурда үйлөнгөн эмесмин деп жаныңды жедиң?! Африкага барып ушинтип айтсаң мейли дейт элем, карыш турган Россиядан келип калп айтканың кандай? Калпың дароо чыкмак да...

– Жо-ок, ал... Кандай десем экен?! Ал аял менин жашоомдо болгонун мен моюнга алгым келбейт. Ал мени сатып кеткен. Ошондуктан мен калп айткам. Анын үстүнө сиздин кызыңызды сүйүп калдым. Эки баласы бар немеге кызыңарды бермек белеңер?

– Жок, бермек эмесмин.

– Ошон үчүн калп айткам. Мен аны келбесе керек деп ойлогом.

– Сен даанасың го. Кантип келбейт?

– Мурдагылары келген эмес!

– Ыя?

– Эч нерсе...

– Мурда да аял алдың беле?

– Жок, ай!

– Мурдагылары келген эмес деп жатпайсыңбы?

– Анткен жокмун, апей!

– Эй, Каныбек, сен жөн эле башымды айлантып жаткан окшойсуң, эй!

Каныбек башын мыкчып отуруп калды. Иш даана тескери кетти.

– Айт мага ачыгын!

– Айша эже... Мен чындап эле Россиянын атайын кызматында, ФСБда иштечүмүн. Кыргызстанга мени атайын тапшырма менен жиберишкен. Бул жакта кылмыш дүйнөсүнүн өкүлү болгон Маракенттин көзүн тазалашым керек болчу. Мен анын көзүн тазалагандан кийин сиздин кызыңызды көрдүм да, сүйүп калдым.

Буга чейин ФСБдагы жумушту таштасамбы деп ойлонуп жүргөм. Ар кайсы өлкөгө жанагындай тапшырмалар менен бара бергенден тажап баштагам. Ошон үчүн ойлонуп, бул жакта калууну чечтим. Кызыңызга үйлөндүм. ФСБга иштебейм, дегеним, жаккан жок. Себеби менде көп маалымат бар болчу.

Бир жагынан мен көзүн тазалаган Маракенттин жакындары, жан жөкөрлөрү аны мен өлтүргөнүмдү билип калышыптыр. Мен качууга аргасыз болдум. Кыргызстанда мени Маракенттин бандиттери, Орусияда ФСБ издеп жатат. Кызыңызга зыяны тийип калбасын дедим да, качууга аргасыз болдум. Маракенттин бандиттерин алаксытуу үчүн өзүмдү өлдү кылып койдум.

Айша күйөө баласына ишенбей карады.

– Точно ушундай болду беле?

– Ооба...

– А тиги Дарияң кайдан келди анда? Ал тууралуу эмне айткан эмессиң? Эмнеге ФСБ балдарыңды алып калып, шантаж кылбады?

– А ФСБ менин аялым бар экенин билчү эмес. Эч ким билчү эмес. Аа... Мен билдим, аны ФСБ жөнөттү! Атайылап жөнөттү...

– Эй, сен чындап эле өз жашооңду айтып жатасыңбы, же бир көргөн кинонун сюжетин эле уруп койдуңбу азыр?

– Демек, сиз мага ишенбей баштапсыз да. Муну ФСБ атайын жасаган, көрдүңүзбү? Кыргызстандагы мага ишенген адамдардын ишенимин жоготуу үчүн, эч кимге айтпаган сырларымды ачыктай башташты. Алар ушинте беришет. Акыр аягында мага эч ким ишенбей калат да, мени сатып салышат. Мен ачыкка чыгып калам. Ошондо баягы Маракенттин балдары келип мени өлтүрүшөт... Мени эле эмес, адегенде мени моралдык жактан өлтүрүү үчүн Нурияны, менин сүйгөнүмдү өлтүрүшөт.

– Кудай сакта! Кой, антпесин!

– Сиз мага ишенбей жатпайсызбы?! Ишенбей турган болсоңуз окуя дал ушундай бүтөт.

– Жок-жок... Ишенбегенде эмес. Эми мен деген жөнөкөй кишимин да, ФСБнын эмне кыларын мен кайдан билмек элем! Бирок батирди эмнеге күрөөгө койдуртуп жатканың мага түшүнүксүз болуп турат.

– Оой, Айша эже... Канча айтам?! Батирди күрөөгө коёсуздар. Мага акчаны алып келесиз. Менде азыр сокур тыйын жок. Акчаны алып сүйгөнүм менен, Нуриям менен өлкөдөн качып кетем. Антпесе бул өлкөдө калуу ага да кооптуу. Чынын айтсам, мен эч кимге карабай эле качып кетмекмин. Нурияны ойлодум. Аны кошо алып кетпесем, ага зыян кылып коюшу мүмкүн.

Мен деген ары ойлонуп, бери ойлонуп, сиз гана жардам бере аларыңызды түшүндүм да. Баласы үчүн эне гана эрдик жасай алат да, туурабы?!

– Туура! Сен менден кам санаба, Каныбек! Мен баарын ойдогудай кылам! Жанагы биринчи аялың бүгүн тоскоолдук кылды,- Нуриянын апасы жоопкерчиликтүү тапшырма алып жаткан жоокердей толкунданып сүйлөп жатты. Анын жанатан бери шекшинип, ишенкиребей турган абалы таптакыр жоголуп кетти. “Өөх” деди Каныбек ичинен. Эптеп ушул аялды алдаган.

– Эмне кылып тоскоолдук кылды?

– Аның көзү ачык неме турбайбы, ээ?

– Билбейм...

– Көзү ачык неме экен, баарын айтып койду.

– Демек, аны ФСБ үйрөткөн турбайбы... Атайылап үйрөтүптүр. Ал, менимче, кызыңызды гипноздоп алганга жетишсе керек...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
nuraiym_kenzhebaeva
2022-01-15 05:28:35
Автор комментарийлерди окуйт болду бекен? Нуриянын атасынын ысымы баш жагында Абдалы эле, кийин Тургун болуп кетти да негедир...
0
№ 978, 2-8-сентябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан