КЫЯНАТ (Балдар үйүнөн чыккан жигиттин ийгилиги, крим дүйнөгө аралашуусу, өз ата-энесине жолугуусу, сүйүү, көз жаш камтылган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Аделя Байэл менен эч эле байланышпай койду. Мурдагыдай эле эки-үч саат жинденип, ачуусу тараганда эркелеп өзү байланышат деп ойлогон. Бул жолу андай болгон жок. Кечээтен бери кылган аракетинен майнап чыгара албаганы үчүн өзүнө жини келди. “Эмне болгон, башка бирөөсү барбы же катуу таарынып калдыбы, ушинтип эле баарына чекит коюлабы?” Бул ойлор жигиттин жан дүйнөсүнө тынчтык бербей жатты. Ар кайсыны ойлой берип жакшы уктай албай койду. Таң сүргөндө эле жумушка кетүүгө даярдана баштады. Бир жагынан Тахир дагы шаштырып, бир жагынан Аделя менен мамилесине жарака түшүп, ою эки анжы болуп өзүнчө бушайман болуп турган чагы. Аида Байэлди дагы кечигет деген ойдо өзү жеткирүүгө даярданып жаткан. Аңгыча Байэл келип калды.

– Ой, бүгүн эрте келгенсиң го. Өзүм жеткирип келейин деп жаткам.

– Башка кайталанбайт дебедим беле. Машинанын ачкычын берип коёсузбу, мен сыртта болом. Сиз кийинтип алып чыга калыңыз,- Байэл Аидадан ачкычты алып чыгып кетти. Бир аздан кийин уулун жетелеп Аида чыкты.

– Жакшы барып кел, балам. Бүгүн кечинде паркка барабыз, Байэл байкеңди ук, макулбу?

– Ура-а! Парккабы?- бала коопсуздук курун тагып жаткан апасынын моюнунан кучактады. Аида баласын өөп, эркелетип жатты. Байэл көзүнүн кыйыгы менен улам аларды карап коюп отурду.

Баланы бакчага таштап чыгары менен Тахирден чалуу келди.

– Алло, Байэл, иштер ойдогудайбы?

– Ооба, пландагандай эле.

– Ошондо балдарды бүгүнкүгө дайындайынбы? Сен айткан жерге эле барышсынбы?

– Бүгүн саат 6га ошол жакта болуп калышсын. Баланы бакчадан кийин мен ошол жакка алып барам.

– Эртелетпесек, шефтер күндө менден сурай берип тажатышты. Өзүң билесиң да алардын жумушун, ар кимибизден акча талап кылып отура беришет,- деди Тахир үнү өзгөрө.

– Балдарга жакшылап түшүндүрүп кой, мен жеңил жаракат алышым керек. Болбосо Аида менден шек санап калбасын. Кайра уулун куткарып бир акчага марыйлы да.

– Сүйлөштүк анда.

Байэл акыркы күндөрү Тахирден шефтерине болгон жек көрүүнү байкап жүргөн. Азыр ачык эле аларды жамандап салганына таң калды.

ххх

Адам баласы кээде өз кызыкчылыгы үчүн башкаларды оңой эле курмандыкка чалат. Башкалардын жан дүйнөсү, жашоосу, өмүрү, сүйүүсү, анын кызыкчылыгынын алдында түккө турбай калат. Аделя Байэл менен табышып албасын деп чочулап Арс планын ишке ашырууга болушунча шашып жатты. Байэлдин сары изине түшүп, үйүнүн дарегин билди. Эми бир жолун таап Айбекти кызга жолотпош керек. Кыз окуудан чыгар маалды болжоп, макулдашкан балдары менен окуу жай жайгашкан дарекке келди. Университетке келе турган эки жолдо эки жигит Айбектин унаасын сүзгөнгө даярданып турушту. Пландагандай эле бири капталдан чыгып Айбектин унаасын сүзүп салды. Айбек унаасынан түшүп тиги жигит менен ызылдашып жатып Аделянын чалуусуна жооп бере албай калды.

– Айдоочусу келбейт, жанына барып токтоп алып жөнө. Жолдон балдар тосуп алышат. Кызга эч кандай зыян келбесин, үнүңөрдү да жогору көтөрбөгүлө. Акырын алып барып, өткөнкү үйгө киргизгиле,- Арс тигил жактагы жагдайды көрүп дароо кызды алып кетүү керек экенин кабарлады.

– Хоп, айтканыңдай болсун,- үстүндө шашкасы бар машина Аделянын так жанына келип токтоду. Айбекти көпкө күтүп калган Аделя таксиге жакын басып келди.

– Бошсузбу?

– Келиңиз.

Таксиге дарегин айтып коюп, телефон карап отура берип кайда кетип жатканын деле караган жок. Жигит дайындалган үйдүн дарбазасынан ичкери кирип токтоору менен бир жигит токтогон унаанын арткы каалгасын шарт ачып, кыз эки жакты карап үлгүргөнчө мурдуна колундагы жүз аарчыны басты.

– Апа-а,- деп бир кыйкырганга жетишти Аделя.

Бир аздан соң кыз созулуп уктап берди. Көтөрүп кирип экинчи кабаттагы керебетке жаткырып, үстүнө жука жуурканды жаап койду. Анын артынан бири суу, жашылча-жемиш, тамак-аш алып келип кыздын жанына койду да, каалганы сыртынан бекитип салышты.

– Кыз бир аздан кийин ойгонуп, ызылдап баштайт. Байэлден башка эч нерсе айтпагыла. Жанынан чыкпа, эмне кылып жатканын карап тургула. Бир нерсеге учурап калса башыбыз менен жооп беребиз. Ишти жакшы бүтүрүп акчабызды алалы,- эки жигитке ушуларды айтып сакалчан кара жигит дарбазадан чыгып кетти.

ххх

Байэл баланы бакчадан алып, унаанын арткы орундугуна отургузду да, түз эле Тахир менен пландашкан жакка айдап жөнөдү. Байэлге көнүп калган бала божурап бир нерселерди айтып, терезени көрсөтүп улам көргөнүн "бул эмне, аны эмне кылат?" деп сурап келе жатты. Байэл улам артын карап баланын суроолоруна жооп берип жүрүп отурду. Болжошкон дарекке жете бергенде Байэл бойтоюп отурган баланы бир карады да, унааны зуулдаткан бойдон айдап кетти. Ушул жерден адамдык сапаты ойгонуп кеттиби же балага болгон сүйүүсү жеңип кеттиби, айтор, Байэл өз планына өзү каршы чыкты. Болжошкон жерге баланы алып барганы менен, Тахирдин күчүктөрүнө салып бере алган жок. Телефонун өчүрүп туруп, балага көрсөтпөй жол жээкке ыргытып салды. Унаадан баланы түшүрүп, адаттагыдай жетелебестен көтөрүп алып шашкан бойдон үйдү көздөй жөнөдү.

– Апа, мени Байэл көтөрүп келди,- деп кубана кирип келип эле апасына чуркады бала.

– Ий, балапаным менин, келип калдыңарбы? Мен сени сагынып кетпедимби,- Аида уулун кучактап, кытыгылап ойноп өзүнчө эзилип жатты. Уулун Аиданын колуна тапшырганда Байэл жеңилдей түшкөндөй болду.

– Тамакка келгиле, азыр паркка барабыз.

– Мен кете бербейинби,- Байэл бир орунда тура албай жатты.

– Чогуу эле барып келебиз, кайда шашасың, бүгүн айлыгыңды да берейин.

– Шашпай берсеңиз деле болот.

– Келегой, тамагыңды ич. Парктан Байэл байкең сени ойнотот,- Аида уулуна тамак берип жатып ушуларды айтты. Карышкырга кой кайтартып жатканын аял сезгенде баары башкача болмок.

Байэл парктан кийин Аида менен уулун үйүнө жеткирип, өз унаасын айдап үйүнө келди. Тахир үйдө күтүп жатса керек “аял жанымда болуп калды, телефон жоголду дейм” деп ойлонуп келе жаткан. Айлананы карап анын унаасын көрө албай койду. Каалганы ачып кирейин деп жатканда Байэлди бирөө желке талаштыра урду. Күтүүсүз соккудан жигит сулк кулап берди. Ары жакта турган машина эшиктин алдына чейин кирип келди да, ичинен эки жигит түшүп Байэлди багажга салып, жүрүп кетти.

"Бала мушкер, абайлагыла" деп жатты эле го. Бир соккудан чыккан жок,- алдыдагы жигит дерделеңдеп айтып бүтпөй жатты.

– Тим эле рингде жеңишке жеткенсийсиң да, келчи, сени желкеге согуп көрөйүн, кандай уктаар экенсиң,- деди арттагы бири аны жактырбай.

– Андан көрө колу-бутун жакшы таңдыңарбы?

– Жеткенче ойгонуп алып, барганда даана рингге чыгып жүрбө.

– Жанагынча жипти кантип чечмек эле? Ойгонсо да эми эч нерсе кыла албайт го дейм.

Унаа зуулдаган бойдон шаардын көчөлөрүн аралап барып караңгы, кичинекей көчөгө кирип токтоду. Жапалдаш бойлуу жигит телефондун жарыгын күйгүзүп жерден бир нерсени чукулап жатты.

– Ачылабы деги аның?

– Ачылат, баягы казак баланы ушул люкка салганбыз да. Бул жактан эл да көп өтпөйт.

– Ачылды, алып келгиле,- деди жигит тигилерге кайрылып.

– Чыгып кетпесин, эч ким таппасын эле дейт, эми бирөө-жарым таап же бул чыгып көрсүнчү.

Байэлди буту-колу таңылган бойдон көтөрүп келип люктун ичине таштап салышты...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 979, 9-15-сентябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан