ДНК (аферист эркектин 2 аялы, алардын күлкүлүү окуяларын баяндаган сериал)

(Башы өткөн санда)

– Ии, чын эле. Ал деген Нурия менен чогуу жашаган жатыптыр. Алар мага билмексен болуп коюшту. Бирок мен дароо эле билдим кимдин ким экенин. Ал экөө бир эркектин эки аялы экенин жашырып жатышат. Гипноз болгон үчүн күйөөсүнүн мурунку аялы менен бир үйдө жашаганга көнүп жатат да.

– Сиз ошондуктан Нурияны Дариядан сактап калыңыз. Нуриянын көзүн ачыңыз... Чогуу жашатпаңыз аларды!

– Жок. Нурия менен Дария чогуу жашабайт!- Айша ишенимдүү айтты: – Мен кызымды сактап калам. Анын башын айлантууга жол бербейм!

– Туптуура!- Каныбек жандана түштү.

Айша ишенимдүү ордунан туруп, азыр эле ага толтура жомок токуп берип ишендирип салган күйөө баласынын колун кысып, эки-үч жолу силкип жиберип, анан тапшырмасын аткарууга жөнөп бараткан аскердей ишенимдүүлүк менен кадам шилтеп кафеден чыгып кетти.

ххх

Нурия таң атпай анын бетин кичинекей бут тебелеп кеткенинен ойгонду. Марсель экен. Жүзүнө жапжакын келип бир нерселерди булдуруктады.

– Кайдагы бала? Бала кайдан жүрөт?- уйку-соонун арасында башына эң биринчи ушул ой келди. “Аа... Дариянын балдары эмеспи” деди анан өзүнө-өзү.

– Ай-ай,- бойтоюп жаздыкка отурган калыбында Марсель Нуриянын чачын сылады. Кыз өзүнчө жылмайып бактылуу боло түштү.

– Йей, быйтыска! Эмне эрте ойгонуп алдың?- баланы шап кучактап өзүнө тартты да, шуу жыттап алды. Бах, чиркин! Жыты кандай сонун!

Бала Нуриядан чочуркоонун ордуна анын кучагына ыңгайлаша жата кетип, быйтыкчадай колдору менен кыздын бетин сылап “ма-ма” деп жиберди. Коюнундагы наристе ага жалган айтып, кийин өлүү-тирүүсүн билдирбей кеткен күйөөсүнүн баласы болчу. А бирок балада эмне күнөө? Керек болсо мунун тиешеси да жок чоңдордун көйгөйүнө. Бул жөн гана бактылуу болуу үчүн, анан бактылуу кылуу үчүн келген периште эмеспи.

– Апа кана? Кана апа? Жүрү апага баралы, ээ?- баланы кучактаган бойдон ордунан туруп, Дариялар уктаган бөлмөгө жөнөдү.

ххх

– Щенки на базу! Райдер зовёт!- Нурия кирип келгенде эле керебетте ары-бери тоголонуп өзүнчө ойноп, сүйлөнүп жаткан Даниелди көрдү.

– Апаң кайда?

– На улице.

Адегенде Нурия балдардын апасы сыртка азык-түлүк алуу үчүн чыккан окшойт деп ойлоду. Бирок арадан 15 мүнөт, анан жарым саат, бир саат өтүп кетти.

Нурия тынчсыздана баштады. Балдарды өзү эле кийинтип. Үйдөгү болгон оокат менен чай беримиш болду. Ошол чай берип жаткан кичине убакытта ал кадимкидей чаалыга түштү. “Бала багыш да жеңил эмес экен” деди өзүнчө. Дарияны аяп кетти. Аны күтүп жатты, бирок ал жок... Телефонун да таштап койгон экен. Балкондон чыгып сыртты карады. Жок. Таштап туруп кетип калдыбы? Деги эсен-соо болсо экен. Жумушуна да барышы керек эле.

Толтура суроолорго жооп таппай турган учурда үйгө апасы кирип келсе болобу.

– Нурия, алдагы балдарын өзүнө алып барып бер!- деди кирип-кире элек жатып ачуулана.

– А сиз кайдан?

– Мен жанагы аферист катынды милицияга байлатып келдим. Балдарын алып барып бер. Кайда барса, айда барсын!

– Апей, кимди? Дария эжени милиция алып кеттиби?

– Ооба. Ал аферист сени гипноздоп алыптыр.

– Кайдагыны айтпаңызчы! Кана ал?

– Эй, ал деген Каныбектин мурунку аялы турбайбы!

– Анан эмне болуптур?

– Ал үй меники деп жатат. Балдарымдыкы дейт...

– Апа, кызык элесиз. Анын балдары эмне болот. Басыңыз, аны чыгаралы,- кыз шап эле кичинекейди көтөрүп, Даниелди жетелей жөнөдү.

ххх

– Сен деги соосуңбу? Күйөөңдүн мурунку катынын үйүңө жашатып, балдарын багып...- таксиде баратып да Айшанын оозу тыйылбай баратты.

– “Эмне менин күйөөмө менден биринчи тиесиң” деп милицияга каматып салыш керекпи анан?

– Апей, ал биринчи аялы болуп жатпайбы!

– Биринчиси болсо эмне болуптур? Очередь бузулуп калдыбы? Бул деген тагдыр да, апа! Жашоодо болот ушундай. Ал байкуш да биринчи жана акыркысы болом деп ойлоду. Бала төрөп берди. Чогуу болот экенбиз деп үй алганга акча чогултса, Каныбек ошонун баарын алып, качып келе бериптир. Үйдү ошол Дария чогулткан акчага алыптыр. Адамгерчилик жактан алганда үй чын эле Дарияныкы болуп жатпайбы?

– Аа, сени точно гипноздоп алыптыр. Ал шүмшүк ФСБдан үйрөнгөн да.

– Эмне болгон ФСБ?

– Россиянын ФСБсы. Ошол жактан шпион болуп келген бул Дария!

– Апа?

– Эмне?

– Бир нерсе ичтиңиз беле?

– Жок.

– Анан эмне мас кишидей эле сүйлөп жатасыз? Кайдагы ФСБ? Кайдагы гипноз?

– Бирок гипноз деген чын эле бар да. ФСБ агенттеринин баарына гипноз үйрөтөт,- капыстан булардын сөзүнө таксист кошулду.

– А сиз кайдан билесиз?- Нуриянын жини келип кетти.

– Апей, таксисттер баарын билет да,- апасы ишенимдүү жооп берди.

ххх

Участковыйдын бөлмөсүндө Дария шашпай гана чай ичип отуруптур. Маңдайындагы милиция кызматкери аны кандайдыр бир кубануу мененби, суктануу мененби, айтор, башкача көз караш менен карап отурган экен. Баары күтүрөп кирип келгенде участковый чочуп кетти.

– Охоо... Менин бандам келди,- деди Дария сүйүнүп.

– Иий, бизди кечирип коюңуз. Мен билбей калбадымбы!- Нурия актангандай үн катты. Анан дароо эле милиция кызматкерине кайрылды: – Бул жактын эч кандай күнөөсү жок. Менин да дооматым жок. Биз чогулуп кеңешип алып эле бир үйдө жашап жатабыз.

– То есть, жанагы айтылып жаткандардын баары чындыкпы?- жаш милиция кызматкери чындап таң калды.

– Айттым го... Бир үйдө бир эркектин эки аялы жашап жатабыз,- Дария жылмая жооп берди. Ал башынан эле окуя ушундай бүтөрүн билгендей камырабай жүрүптүр.

– Сенин балдарың да барбы?- милиция кызматкери кадимкидей таарына түшкөндөй болду.

– Ха, ооба... А эмне анча?

– Мен сени тамашалап жатат го деп отурбаймынбы! Аябай сонун адам экенсиң.

– Муну да гипноздоптур!- Айша жинденип кетти.

– Жок, тактап алалы... То есть, сиз күйөөңүздүн биринчи аялы менен бир үйдө жашаганга каршы эмессиз? Өз эркиңиз менен жашатып жатасыз, ээ? Эч ким мажбурлаган жок?

– Жок...

– Апаңыз тынчсызданып “кызымды аферист аял алдап жатат” деп кайрылган. Тактап коюуну туура көрдүк,- деди.

– Аа... Баарын кеңешип кылдык.

– Куба... Баарынан дагы жанагы иште жардам берсең сонун болмок. Менин жанагы шүмшүк күйөө сөрөйүм тирүү. Сен андан көрө ошону таап берчи. Мен сезип жатам, ал аферист тирүү,- деди Дария. Эбактан бери участковыйга бардык нерсени түшүндүрүп айтып берген. Албетте, участковый ишенбей жаткан. Бирок Нурияны көрүп, 2 баланы көрүп Дария бардыгын ачык айтып бергенине ынанды.

– Хорошо! Сөзсүз жардам берем. Тирүү болсо эле табабыз. Бирок таап бергенден кийин мени менен “свиданиеге” барасыңбы?

– Куба... Менде прицеп бар. Эки баланы көрбөй турасыңбы?

– Ну и что? А балким, менден мыкты ата чыгаттыр,- деп тамашалады Куба.

Айша дендароо эле боло түштү. Таң атпай атайын участковыйды алып барып, дүкөнгө бара жаткан Дарияны карматып кеткен. Нурияны алып балдарын тапшырып коёюн деп келсе эле, тиги милиция кызматкери башы айланып эле Дарияны тиктеп калыптыр. Кызы да Дарияга болушуп кетти. Баарынан дагы тиги участковый Каныбекти издеп көргөнү жатат. Эми эмне кылат? Бул чындап эле гипнозду катуу билет окшойт. Каныбекти таап алса кантет? Анда аны ФСБ өлтүрөт. Маракенттин желдеттери өлтүрөт. Нурияны да өлтүрүшөт... Жүрөгү шуу дей түштү...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
nuraiym_kenzhebaeva
2021-09-13 09:59:16
ДНК-ДарияНурияКаныбек ;)
+3
№ 979, 9-15-сентябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан