“Таштаба, мени таштаба, Атыңды айттырып зарлантпа, Суранам, сенден суранам, Калтырба мени башкага”,- деген ыр саптары эсиңиздеби? Муңдуу “Таштаба” ырын Чынара Исмаилова гитара менен жүрөк кылдарына жеткире ырдап көпчүлүктүн эсинде калса керек. 2006-2007-жылдары популярдуу болгон чыгарманын аткаруучусу учурда кайда, эмне менен алек, кызыгып көрдүк.
– Саламатсызбы, Чынара? Сиздин аткарууңуздагы “Таштаба” ырын жакында эле ырчы Толгонай Арзыкеева жаңылап ырдап чыкты, жаңы версиясы сизге жактыбы?
– Саламатчылык. Ооба, Толгонайдын аткаруусундагы “Таштаба” ыры абдан жакты. Буга чейин көп эле ырчылар бул ырды ырдап жүрүштү. Бирок алар менин атымды аташкан эмес. Толгонай ырдын башында “автору Чынара Исмаилова” деп белгилеп койгону менден уруксат сурап ырдагандай эле болду, ыраазы болдум. Алгач кыздарым угуп, “апа, сиздин ырыңызды Толгонай эже ырдап чыгыптыр” деп мага сүйүнчүлөштү. Анан мен Толгонайга байланышып, экөөбүз жакшы нотада таанышып, баарлаштык.– Ошондо “Таштаба” ырынын автору сизби?
– Жок, автору мен эмесмин. Негизи автору белгисиз, кичинемде агаларым ушул ырды гитара менен такай ырдашчу. Ошондо кыздын үнү да керек деп мени да хорго кошуп алышчу. Агаларымдын баары гитара чертет, ошолорго кошулуп ырдап жүрүп эле гитара черткенди үйрөндүм. Болгону ырдын “кыздык намыс жок беле” деген жерин мен “жигиттик намыс жок беле” деп өзгөртүп ырдап чыктым. Автору мырза болуш керек деп ойлойм. Авторунун табылбаганынын дагы бир себеби – бул ыр чыккандан кийин мага көп адам чалып “ырдын автору менмин” дешти. Алардын көптүгүнөн бирөөсүн аныктоо кыйын эле. “Таштаба” ыры 2006-жылдары алгач DVD дисктерде тарап популярдуу болду. Андан соң “Алмаз” радиосунан жаңыра баштады, кийинчерээк клип тарттык. Чыгарманын популярдуу болгонунун дагы бир сыры – менин жеткире аткаргандыгымда болуш керек, анткени бул ырды кичинемден агаларым менен ырдап толук изилдеп бүтүп койгон элем да. Жаңы ырдап чыкканда көпчүлүк үнүмдү Динара Жусаеванын үнүнө окшоштурушкан. – Ырчы болом деп олуттуу максат койдуңуз беле, элге тааныла баштаганда турмушка чыгып кеткен экенсиз?
– Ооба, “Таштаба” ыры абдан популярдуу болуп, ырчы болом дегенде ак эткенден так этип турганда ата-энем мага бир шарт менен ырчы болосуң дешти. “Турмушка чыгып күйөөң менен каалашыңча ырдай бер” дешкен. Жуучулар абдан көп келди, баары эле “мага турмушка чыксаң ырдабайсың” дешет. Ошолордун арасынан азыркы жолдошум гана "ырдатам, өзүм колдоп гастролдорго алып чыгып турам" деген. Бирок андай болгон жок. Дин жолуна түшүп, Кудайды таанып калгандан кийин ырчы болом деген каалоомдон, максатымдан артка кайттым. Баткенге турмушка чыккам, жолдошум экөөбүздүн түтүн булатканыбызга 15 жыл болду, 5 балам бар – 3 кыз, 2 уул. Учурда Орусиянын Омск шаарында турабыз, жолдошум оор жүк ташуучу унаа айдайт, мен чакан бизнесибиз менен алектенем.
– Колдош Аттокуров менен “Биздин махабат” деген чыгарманы да аткарып чыктыңыз эле?
– Ооба, ал ыр да сүйүшкөндөрдүн гимнине айланып кетти десем жаңылышпайм. Колдош менин “Таштаба” деген ырымды уккандан кийин мага байланышып, “чогуу ырдайлы” деп сунуштап калды. Ал ырды Колдош сүйгөн кызы менен ырдамак экен, экөө ырдап, ыр даяр болгондо кызды ала качып кетишиптир. Мага сунуштаганда дароо эле макул болгом, анткени чыгарма абдан жаккан эле. Кызыгы, Колдош телефондон “эже, эртең келип мени көргөндөн кийин ырдабайм деп койбойсузбу?” деп сурап калды. “Жок, эмнеге антмек элем?” деп таң калдым. Эртеси келип таанышсам бир буту тубаса кыска экен, ошондон бир аз тартыныптыр. Биз ал кемчилиги билинбесин деп Колдошту бийигирээк отургузуп, мен астыңкы тепкичке отуруп, студиядан эле клип тартып койгонбуз.
– Элге таанымал болгонуңузду качан сездиңиз анан?
– Белгилүү деле болбодум окшойт (күлүп). Алгач элдин башкача көңүл буруусун 2006-жылы “Дордой” базарына барганда байкадым, эл мени карап эле бири-бири менен шыбырашат. Ыңгайсыз абалга кептелет экенсиң. Ошондо “аа, белгилүү болот деген ушул окшойт” деп койгом. Кийин Ошто автобуска түшсөм жүргүнчүлөр кол тамга сурап, сүрөткө түшүп, айтор, көнүп калдым. Учурда үйдө анча-мынча кыңылдап ырдап калам.
– Иштериңизде ийгиликтер болсун. Маегиңизге рахмат.
Лунара Бекиева