ДНК (аферист эркектин 2 аялы, алардын күлкүлүү окуяларын баяндаган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

xxx

Баары таксиде үндөбөй баратышты. Айша алдынкы орундукта. Нурия апасынын жүзүнөн кандайдыр бир уялып жаткандай сезимди көргүсү келди. Бирок апасы тескерисинче анын кадамы туура болгонуна толук ишенген жүз менен баратты.

– Кыздарыңызбы?- таксист Айшадан сурады.

– Бирөөсү эле.

– ???

– А тигиниси аферист катын.

– Кайдагыны айтпаңызчы, апа!

– Мен сага жамандык каалап жаткансып эле эмне бул катынды коргоп калдың?!

– Уфф, апа! Сизге кантип түшүндүрөм?

– Үчөөңөр өлө окшош экенсиңер. Көз карашыңар дагы. ДНКыңарды текшертип көрбөйсүңөрбү? Тууган болуп чыгып жүрбөсүн?!- таксист олуттуу эле үн катты.

– Кайдагыны айтпачы? Сүйлөйт десе эле ушу таксисттер божурап жомок айтып киресиңер. Токтот мына бул жерден, мен түшүп калам.

Айша унааны токтотту да, эшикти тарс жаап чыгып кетти.

– Үйүнүн эшигин ушинтип жапса!- таксист нааразы болду. Дария менен Нурия бырс күлүп жиберишти.

xxx

Дария үйгө барган соң унчукпай эле буюмдарын жыйнай баштады. Нурия аны өзүнө келип алсын дегендей сөз алышпай жайына койду да, ваннага кирип кетти.

Керилип, денеси бошой ысык сууда жаткан. Ваннанын эшиги кагылганда чочуп кетти.

– Ой!

– Нурия... Биз кете берели?

– Апей, сиз кайда?- шаша-буша халатын кие калып чыкты.

– Сен аябай жакшы кыз экенсиң. Бирок менин бул жерде турганым туура эмес болот окшойт. Апаң экөөңдүн ортоңорго да чок салып жатам.

– Дария эже, коюңузчу! Кайда барасыз?

– Байкемдикине... Кантсе да бир боор эмеспи!

– Аныңыз "подкаблучник" деп жатпадыңыз беле? Үйдө жашай бериңиз. Мен сизди кет дебейм.

– Жо-ок, Нурия... Чынында, туура эмес болот окшойт. Эне катары апаңды түшүнүп жатам. Күйөө баласынын биринчи аялы кирип келсе, ал байкуш да кызын коргоюн деп жатат да.

– Дария эже, мен кетире албайм сизди...

– Нурия, мен сот аркылуу эле далилдегенге аракет кылат окшойм. Башка арга жок. Менин айымдан туугандарың менен урушуп, сен да жаман көрүнбө. Мени да жаман көрбө. Балдарымдын ырыскысын сот аркылуу эле талашайын. Бул сенден өч алып жатканым эмес. Тек гана балдарымдын ырыскысын ордуна койгум келет.

– Дария эже, кетпеңизчи!

– Жакшы калагой!

xxx

Баягы Орусиядан келген кейпин кийип, бир баласын көтөрүп, бир баласын жетелеп, кийим салынган сумканы арта салып Дария Бишкектин Исанов көчөсүндө ызага муунуп баратты.

Ыйлабайын деген... Бирок өзүн кармай албай койду. Көз жашы салаалап жүзүн жууп жатты.

– Мама, а почему ты плачешь?

– Ыйлаган жокмун, балам.

– Не плачь, мама! Ты же большая,- деди баласы. Чоңойгондо эле адам күчтүү болуп кетсе эмне?! Баары бир тагдыр соккусу айланы кетиргенде жүрөк байкуш чыдабай, көкүрөккө батпай отуруп, көздөн жаш чыгарат тура. Антпесе эс алчудай эмес. Буулугуп токтоно албай ыйлады Дария.

Анан тээ бир убакта эсине келгендей тык токтоп, сумкасынан телефонун алып чыкты. Ыйлап отуруп Карпинскийге жетип калыптыр.

– Байке, кандайсыз? Мен Дария. Бишкектемин, ооба. Үйүңүз кайда эле, барайын дегем. Конорго жер таппай жатам.

– Ии келегой! Ак-Ордодо...

xxx

Ушул көз карашты таптакыр көргүсү келген эмес. Жеңеси аны сынап, мыскылдай карап тосуп алды.

– Ии, кандай, Дария? Келип калыпсың?

– Жакшы, жеңе, кандайсыз?

– Москвадан базарлык ала келдиңби? Тамаша!- калп эле күлүмүш этти.

– Жок, жеңе. Кичине кыйналып кайтканга туура келди...

– Аа... Ат айланып казыгын табат деген ушул. Москвага кетсе эле орус болуп кетет кээ бирлер. Күйөөң кандай жүрөт?

– Билбейм. Ошол акмактын айынан талаалап жүрөм, чын айтсам.

– Азыркы эркектериң эркек деле болбой калды,- жеңеси жанатан калп эле жумуш кылымыш болуп ыңгайсыздана кирүүгө батына албай аркы үйдө жүргөн күйөөсүн карай ээгин силкип сүйлөдү.

– Тагдыр экен, жеңе... Кыйналып турам. Сиздердин үйдө жүрө турам го...

– Жүрсөң жүр. Үй да кенен эмеспи. 3 комнат. Жакында атам-апам келет. Же... Мына бул аркы кошунанын үйүнөн батир алып берейинби? Тыпыйган бөлмөлөрдү батир кылып берет. 2 миң сомдон.

“Батырбайт турбайсыңбы!” деди ичинен Дария. Бул учурда Нурия телефонуна кайра-кайра чалып жаткан. Тиги байкеси эмне дейт болду экен. Жаман көрүшсө да жүрө туруш керек го. Антпесе болчудай эмес. Бирок байкеси азыр эле жеңеси кыйытып айткан сөздү укса да, укмаксан боло “лам” деп каршы чыгып койбоду.

– Ата-энеңиз келе жатса, сиздерге да ыңгайсыз болбосун! Курбумдукуна барайын,- Дария ордунан туруп кетмекчи болду.

– Ой, конуп кетпейсиңби?- агасы калп эле чочуган киши болду. Аркы бөлмөдө телефон карамыш болгону менен, кулагы аялында болчу. Бирок аялы аны ушундай бир жекире тиктеди. Байкуш киши алактап кетти. Сөзүн аяктаганга да чамасы келбей калды.

xxx

Телефону титирей түшүп, өзүнө ылайык кыска обонун ойногондо Дария жердин түбүнө кирип кетейин деди. Кубаты өчкөн тура. Эми эмне кылат.

Чөнтөгүн оодарып жиберип, бырышкан 20 сомду алып чыкты.

– Мама, я кушать хочу,- деди Даниель.

Үндөбөстөн эле дүкөнгө кирди да, бет маңдайында баалары коюлган таттууларды тиктеп катып калды. Анын 20 сомуна келчү эч нерсе жок экен.

– Байке...- үнү титиреп чыкты: – Байке, жардам кылыңызчы! Балам ачка болду. Күүгүм да кирип баратат. Нан бере аласызбы соопчулукка...

– Акчаң барбы?- дүкөнчү киши телефонунан жүзүн албай сурады.

– 20 эле сом...

– Бир лепёшка келет,- ордунан туруп, желим баштыкка бир нан салып сунду. Ызасын жутуп гана нанды алып, акчасын берди. Кыргызда эмне мырзалар калбай калганбы?

xxx

Аялдамада балдарына нандан үзүп берип, мелтиреп бир чекитти тиктеген бойдон көпкө отурду. Эми кантет? Жашай бериңиз деген Нуриядан эмнеге качты? Эми ага кантип жетет? Кеч кирип, күн батты. Даниель акыры чарчады окшойт, апасынын тизесине башын жөлөп, аялдаманын отургучуна жатып уйкуга кетти.

Туңгуюк. Ошол сезим Дарияны нес кылып салды. Мындан ары эмне болоруна баш жеткире албай, чыкыйы чыңалып ооруп чыкты. Маңдайына токтогон патрульдук милициянын сиренасы аны чочутуп жиберди...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 980, 16-22-сентябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан