КЫЯНАТ (Балдар үйүнөн чыккан жигиттин ийгилиги, крим дүйнөгө аралашуусу, өз ата-энесине жолугуусу, сүйүү, көз жаш камтылган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

– Убакыт түштөн ооп кетти. Кантип эле бир илинчек мурдуңарга илинбесин?

– Болушунча издеп жатабыз. Экинчи топ ошол аймакта иштеп жатат.

– Илең-салаң болбой жакшылап издегиле! Чаламандын чак түшүндө жоголуп жатат. Кантип эле эч нерсе билинбей калсын? Эмне кылсаңар да тапкыла, керек болсо шаарды үймө-үй кыдыргыла,- досунан сөгүү угуп келген полковник кызматкерлеринен күчүн чыгарып жатты. Аңгычакты көзүнөн заар чачырап турган полковникке телефон чалуу келди. Телефон менен сүйлөшүп сыртка жөнөдү, эшикти ачар замат "кыз табылды" деген маалымат келип түштү.

ххх

Миша пландагандай эле Аделяны алып чыкмай болду. Каалгага ачкыч салынып ачылып жатканда эле Аделя ордунан тура калып эшикти көздөй жүгүрдү. Эшикти ачып эле Миша кызга тапанча кезеди. Үмүттүү келе жаткан кыз алайып туруп калды. Куралды көрүп кыздын денесин калтырак басып, турган жеринде катып калды. Капкара кийинип, бетине кара бет кап тагынып алган кишинин кебетеси дагы кызды чочутпай койгон жок. Мишанын көзү гана көрүнүп турду. Селейип катып калган кыздын колун скотч менен таңып көзүн шарф менен байлап жиберди. Качан кызды көтөргөндө Аделя тыбырчылай баштады. Тыбырчылаткан бойдон алдыңкы кабатка алып түштү. Эшиктин алдында токтоп турган унаанын арткы орундугуна салып дарбазадан чыгып кетти. Сүйлөшкөндөй эле шаарга жакындап калганда Мишанын жолун тосушту. Милициянын формасын кийген эки жигит, Арс, дагы бир бала бар эле. Ызылдап мушташкан түр көрсөтүшүп, Миша жаракат алган адам болуп жатып калды. Арс арткы орундукта отурган Аделянын көзү менен колун чечти. Аделя Арсты көрүп ыйлап жиберди. Арска Аделянын аны кучактап, анын көкүрөгүнө башын коюп ыйлап жатканы ушунчалык жагып турду. Ал ушул сезимдер үчүн аркасы эмне болорун эч ойлонбой кымкуут ишти жасабадыбы. Аделяны өз унаасына отургузуп Баатырга алып жөнөдү.

ххх

Жашоодо белгисиздиктен өткөн азап жок. Бара турган багытын, кызын кимден, кайдан сураарын билбей Баатырдын айласы куруду. Ар кимден күмөн санаганы менен, эч кимден кыпындай дагы шек биле албады. Колунда далили жок болгондон кийин кимге догуруна алат? Ушул убакытка чейин дайыма ушундай жагдай жаралып кетпесин деп коруп жүрбөдү беле. Кичинесинен эле чочулап кызына дайыма жан сакчы койгону дагы ушул коркунучунан улам эмес беле. Канча аракет кылса дагы минтип колунан эч нерсе келбей жатканына жини келип турду. Кээде акча деле эч кандай маселе чечпесин түшүндү. Башында кызы үчүн акча сурашат деп чалуу күткөн эле. Бирок эч кимден эч кандай чалуу келген жок. Кыйналып турган аялына санааркап үйгө аялынын жанына кирген маалда Баатырдын телефону шыңгырап калды.

– Алло, эмне?- Баатыр ордунан тура калды.

– Жанагы шумпай кайда?- Баатыр үйдөн шашкалактап чыгып кетти. Маржан аркы бөлмөдө болгону менен, кулагы берки бөлмөдө эле. Баатырдын артынан эле көчөнү көздөй бет алды. Шумпай дегенде эле Байэлди айтып жатканын түшүндү Маржан. Баатыр унаасын от алдырып үйдөн бир аз узаары менен Маржан дагы унаасын айдап аркасынан жөнөдү. Баатыр катуу ылдамдыкта айдагандыктан Маржан андан узак калды. Ылдамдыктан ушунчалык коркчу. Бирок азыр коркунучун жиреп өттү. Баатырдын унаасынын караанын жоготуп албайын деп өмүрү айдап көрбөгөн ылдамдыкта айдап бара жатты. Жүрөгү сайгылашып жаны жай тапчудай түрү жок. Ызырынган Баатырдын түрүнөн чочулап турду. Шаардан узап, Баатырдын унаасы талаа тарапка бурулду. Жаңы курулуп жаткан кабат үйлөргө жетип токтоду. Маржан канчалык алыс болбосун унаадан түшүп бара жаткан Баатырдын колундагы куралды көрүп жүрөгү оозуна кептелди. Үнү угулчудай болуп кыйкырып да жиберди.

– Мен эмне болуп жатам? Жетиш, Маржан, жетиш,- Баатыр ачуусу менен бир нерсе кылып салбасын деп чый-пыйы чыгып жакын эле жерге аптыгып жете албай жатты.

ххх

Арс дайындагандай балдар эбак эле Байэлди алып келип ээн имаратка киргизип, колу-бутун таңып коюшуптур. Эки күндөн бери наар албай жаткан неменин шайы кетип калыптыр. Жигиттерге каршылык деле көрсөтө алган жок.

– Неңдурайын, кана жанагы?!- Баатыр сөгүнүп кирип келди.

– Салам алейкум, байке,- кире бериштен бир чоочун жигит тосуп алып, Баатырды экинчи кабатка алып чыкты.

– Аделя кана? Табылды дебеди беле?

– Бул Аделяны качырып жибериптир. Аны милициялар менен куткарып калышты. Азыр алып келишет.

– Тапкан экенсиң уурдай турган адамды,- Байэлди бет талаштыра урду. Шалдырап турган менен, “бул Аделяны качырып жибериптир” деген жигиттин сөзү кулагына даана угулду. Оозу таңылуу болгондуктан Байэл сүйлөй да алган жок. Кимдин колуна түшкөнүн түшүнбөй жатты эле, эми түшүндү. Ачуусу кайнап жинин кимден чыгарышты билбей турган Баатыр жигитти дембе-дем соккулап, эки-үч ирет тээп да жиберди.

– Бошотчу оозун!- Баатыр бирине буйрук бере сүйлөдү. Шыпылдап бири келип Байэлдин оозундагы скотчту алды.

– Менден силерге эмне керек?- Байэл маңдайындагы кишини карады.

– Эмне керек деп коёт. Сен керексиң, сен! Сенин мына бул мээңди чачырата атыш керек,- тапанчаны Байэлдин чыкыйына такады.

– Мен эмне кылдым сизге?

– Неңдурайын, акмак! Аделяны кайда качырдың?

– Аделяга эмне болду?- Байэл кишини тик карады.

– Сүйлөбөчү сен, кылгылыкты кылып коюп өлүмүш болосуң го,- тапанча менен баштан ары бир нукуп жиберди.

– Баатыр?!- аялдын ачуу кыйкырыгы имараттын ичин жаңыртты. Чочуп кеткен Баатыр да, Байэл да, тиги жигиттер дагы ошол тарапты карап калышты. Маржанды Баатыр даана тааныды. Лөкүйгөн эки жигит бир жанында турган кишини, бир тиги аялды карап калышты. Баатыр дале Байэлдин башына тапанча такаган бойдон турат.

– Баатыр, тийбе ага!- аялдын үнү каргылданып көзү жашка толуп турду. Байэл өзүнө болушуп жаткан аялдан көзүн албай кадалып карап турду. Мындай учурда аны куткарууга келген аялдын ким экенине таңданып турду.

– Эмнеге келдиң сен бул жакка? Жамалга бир нерсе болдубу?- Баатыр Маржанга кыйкырды.

– Тийбе, тийбе...- мукактанган аял башка эч нерсе айта албады. Ачууланып турган Баатырдын ого бетер ачуусу келди.

– Эмнеге тийбейм?- Байэлди тапанчасы менен башка нукуп жиберди.

– Тийбе, ал сенин уулуң!- деп кыйкырган Маржан башы тегеренип кулап түштү. “Сенин уулуң...” деп кайталап барып дымы чыкпай калды. Маржандын “сенин уулуң” деген кыйкырыгы Баатырдын да, Байэлдин да башында аска-зоо арасындагы кыйкырыктай жаңырып жатты. Экөө тең уккан кулагына ишене албай дендароо болуп туруп калышты. Тиги жигиттердин бири жерде жаткан аялды сыртка көтөрүп жөнөдү. Аңгыча Арс Аделяны жетелеп кирип келди.

– Ата-а!- деп кыз кыйкырып жиберди. Кечээтен бери болуп көрбөгөндөй коркунучту башынан өткөргөн кыз атасынын моюнун кучактап ыйлап жатты.

Байэл уккан сөзүнө ишене албай башы маң болуп, сүйлөгөнгө дагы дарманы келбей турду. Милиция кызматкери таңылып турган Байэлдин колуна кишен салып алып чыгып бара жатышты. Баары ушундай пландалган. Аделя Байэлди жек көрүп карап турду. Аялдын айтканы кулагына жаңырып дендароо болуп турган Байэл дагы үн-сөзсүз кетип бара жатты. Чыга бериште турган Арс экөөнүн көздөрү бири-бирине кадала түштү...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 982, 30-сентябрь - 6-октябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан