Айдана Асанова, тиктокер: “ТИКТОКТО ШАЙЫР, ЖАШООДО ОЛУТТУУ ЭКЕНСИҢ ДЕШЕТ”

Сатуучулар менен кардарлардын ортосундагы күлкүлүү окуяларды тартып Тиктокто белгилүү болгон Айдана Асанова маектешим. Тыкылдап суроолорума жооп узатып жаткан тиктокер элге таанылып мурдагыдай кенен-чонон жүрө албай калганын, кардарлар мурдагыдай орунсуз суроолорду бербей жумушу жеңилдеп калганын айтат.

– Айдана, салам. Алгач сиз менен таанышып алалы...

– Салам. Жакшы болот. Атым Айдана, 1997-жылы Жалал-Абадда төрөлгөм. Кичинекей кезимде Кара-Балтага көчүп келгенбиз. Мектепти бүткөндөн кийин эле жигитим ала качып кеткен. Азыр 2 балабыз бар. ЖОЖдо окуган жокмун. Сырттан оку дешти. Бирок жөн эле диплом алып эмне кылам деп окуган жокмун. Андан көрө курстарда окуюн деп каш, кирпик жасоо, байер, СММ боюнча курстарда окудум.

– Тиктокто бардык дүкөнчүлөрдүн “баш ооруларын” көрсөтүп жатасыз. Соодагерлер ыраазы болушса керек?

– Ооба, дүкөндөргө кирсем “баягы Тиктоктогу кызсыңбы? Азаматсың!” дешет. Өзүбүз да айылда дүкөн иштетебиз. Идеяны күнүмдук жашоодон эле алам. Бирок жашоодо кардарларга андай мамиле кылбайм, күлкүлүү болсун деп видеолорго жинденгенимди кошуп коём. Башында Тиктокко жөн эле катталып кирип жүрдүм, 2-3 айда бир видео тартып жүктөп койчумун. Бир жолу өзүм жиним келип отурсам, кичинекей бала келип “эже, 5 сомго эмне келет?” деп ого бетер жиниме тийген. Ушуну тартып коёюнчу деп тартып жүктөсөм, жакшы көрүлдү. Ошондон кийин катталуучуларым көбөйүп, менде мотивация, жоопкерчилик пайда болду. Кайсы темада видео тартарымды билдим. Ошол кезде жолдошумдун буту сынып ооруканага жатып калганбыз. Жан талашып оорукананын коридоруна чыгып алып видео тартчумун, күндө жүктөп турушум керек деп. Видеолорум элге жакты. Кээ бирлер андан өздөрүн көрүштү.

– Айылдагылар кандай кабыл алышты?

– Мени айылдагылардын баары, кайын журтум көрөт. Баары эле көнүп калышты. Мурда “Тикток тартып жатасыңбы?” деп шылдыңдагандар азыр “ушул видеоң сонун чыгыптыр, азамат” деп калышты. Дүкөнгө келип кызыктай суроо берип алышып, “эртең мени Тиктокко чыгарба” дешет. Кардарларым мурдагыдай орунсуз суроолорду бербей калышты. “Свежийби?” деп сурагандын ордуна өздөрү жарамдуулук мөөнөтүн карап башташты. Мурда баасы жазылып турса деле сурай беришсе, азыр алгач карашат, анан баасы жазылбаган болсо сурашат. Бирдик салганда “түштүбү, качан түшөт?” дей беришпейт. Бул жеңиш (күлүп).

– Кайнене-кайнатаңызчы?

– Кайнатам видео тартарымды акыркы бир айда эле билди. Кайненем башынан эле билет. “Бул жанагы блогер эжеңердин дүкөнү, кирип тургула” деп дүкөнгө кардар чакырат (күлүп).

– Элге таанылган жагып жатабы?

– Чынын айтсам, көп деле жаккан жок. Мурдагыдай кенен-чонон жүрө албай калат экенсиң, ар кадамыңды ойлонуп басып. Өткөндө базарга барсам, бир аял "унааңды ал" деп мага кыйкырды эле, мен да кыйкырдым. Ошондо ары жактан сатуучулардын “ии, бул Тиктокто күлүп-жайнап жүрөт го, жашоодо ачуулуу экен” деп сүйлөшкөндөрүн угуп калдым. Көчөдө дайыма күлүп-жайнап жүрө албайм да. Мен негизи көчөдө кабагымды бүркөп, өзүмдү олуттуу алып жүрөм. Көрүп калгандар комментарийлерге “жашоодо олуттуу, стерва көрүнөт экенсиң” деп жазышат. Кичинекей кыздар жаныма келип сүрөткө түшүшөт, ал жакшы. Негизинен катталуучуларым мени сыйлашат. Комментарийлердин көбү позитивдүү. Уят сөздөрдү, каргыштарды жазгандар да бар. Аларга көңүл бурбайм. Соо киши жөндөн-жөн эле уят сөз жазбайт деп ойлойм.

– Эмне жөнүндө кыялданасыз?

– Киного тартылгым келет. Анан да элдин билим деңгээлин көтөрүүгө салым кошкум келет. Комментарийлерден деле байкасак, билимсиз, маданиятсыз адамдар көп. Мен ошого кейийм. Мектептердеги билим системин өзгөрткүм келет.

– Кыялдарыңыздын орундалышына тилектешпиз. Ишиңизге ийгилик!

Перизат Музуратбеова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 982, 30-сентябрь - 6-октябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан