«АТАБЫЗ 9 ЖЫЛДАН БЕРИ ДАЙЫНСЫЗ»

Издейм сени

Редакциябызга жакындарын, тууган-туушкандарын издеп кимдер гана кайрылбайт, кимдер гана кат жазбайт. Каттар жарыяланган соң табышып, катышып кеткендер да жок эмес.

– Биз атабыз Ниязалиев Токтогул Ниязалиевичти 2001-жылдын 20-октябрынан бери издеп келебиз. Анткени дал ошол каргашалуу күнү ал күндүзгү саат үчтөрдө үйдөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келбеди. Үстүндө кара тон, башында тебетей, колунда ак түстөгү чарба сумкасы бар болчу.
Өзгөчө белгилери: көкүрөгүндө жана далысында чоң калдары, ичинде операциядан калган тырык бар.
Ниязалиев Токтогул Ниязалиевич 1936-жылы 2-августта Таластын Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылында жарыкка келген. Аталган айылда жашап, күн кечирип жаткан. Эмгектин ардагери, айылыбыздын урматтуу аксакалы болгон атабыздын эч кимге карызы да, душманы да жок эле. Анан эле дайынсыз кеткени ушул күнгө чейин табышмак болуп, күйүткө салып келет.
Табылып калар деген үмүт менен 9 жылдан бери тынымсыз издеп келебиз. Тигил же бул жактан “атаңарга окшош адамды көрдүк” дешсе эле сураштырып, айтылган даректи таап барабыз. Анан ал эмес болуп чыкканда шаабайыбыз сууйт. "Казакстандын Кум деген жеринде кыргыз киши жүрөт" дегенди угуп, кокус атабыз болбосун деп жол азабын тартып ал жакка да барып келдик. Тилекке каршы, башка адам болуп чыкты.
Ушул жылдар арасында санаадан улам саргайып, атакебиздин аман-эсен табылышын Кудайдан сурап келе жатабыз. Мүмкүн, жол-белден адашып, карылар үйүнө түшүп калбады бекен деп да сураштырып, туш тарапка кулак түрөбүз.
Урматтуу замандаш, сүрөттөгү атабызды же ага окшош адамды көрүп, дайынын угуп калсаңыз, бизге кабар кылууңузду суранабыз.

Байланыш телефонубуз:
0773 33 09 23 (баласы Эсенбек), 0777 73 98 83 (баласы Бакыт).


“БИР БООРУМ, КАЙДАСЫҢ?”
– Мен, Саркулов Алиаскар, тагдыр жазмышынан улам иним Нурланды издеп келем. Менин бир боорум, 1 уул, 1 кыздын атасы Нурлан 2009-жылдын февраль айынан бери дайынсыз.
Саркулов Нурлан Бейшенкулович 1968-жылы 30-августта Сокулук районуна караштуу Төш-Булак айылында туулган.
Ошол февраль айында (датасы эсимде жок) иним меникине (Бишкектин Жал кичирайонунда жашайм) келип, эртең менен үйдөн чыгып кеткен эле. Кечинде сүйлөшүп отурганыбызда Орусияга же Казакстанга барып иштеп келүү тууралуу оюн айткан. Анан ошол кеткен боюнча менин үйүмө да, айылдагы үйгө да кайтып келбей, дайынсыз жоголду. Досторунан, тааныштарынын баарынан сураштырып, кабарын биле албай кала бердик.
Бир туугандын дайынын билбей, аны издөө канчалык оор экени айтпасам да белгилүү. Калайык-калк, сиздерден суранарым, инимди табышууга жардам бериңиздер.
Нурлан, кокус башыңа жаман иш түшүп, кыйынчылыкка кабылып, бизге айталбай алыста жүргөн болсоң, сөзсүз кабар бер. Сени азаптан куткарып калууга даяр экенибизди унутпа.

Байланыш телефонум: 0543 12 77 98, 0543 12 17 97


“УУЛУМ, ДАЙЫНЫҢДЫ БИЛДИР!”
– Бапестеп багып чоңойткон уулум Бурханов Жанарбекти издейм. Аны 1999-жылдын 11-январында кеткен боюнча таппай калдык.
Жанарбек 1975-жылы 27-майда Оштун Араван районунун Жаңы-Араван айылында туулган. 6 баламдын экинчиси.
Уулубузду издебеген жерибиз, сураштырбаган кишибиз калбады. Эл болгондон кийин Оштон, Бишкектен, Орусиянын Свердлов шаарынан, атүгүл Якутиядан көрдүм дегендер болду. Канчалык сураштырып издебейли, жыйынтыгы жок.
Айтып кетчү бир жагдай, 2004-жылы үйгө бейтааныш адамдар келип, “балаңардын карызын төлөп бергиле” дешкен эле. Алар менен жакшы эле сүйлөшүп, маселени чечишкенбиз. Бирок баары бир баламдын дайыны чыкпады.
Кайгынын айынан кант диабетине чалдыкканыма 6 жыл болду. Бул жылдарда тартпаган азабым калбады. Оорусам да мейли эле, уулум табылса дейм. Кайгыга алдырган апасы да зарыга жол карап, үмүт менен эптеп жашап келүүдө.
Өтүнүч, уулумдун табылышына жардам бериңиздер.

Атасы Бурханов Ысмайыл.
Байланыш телефонубуз:
0555 67 98 63, 0557 40 40 50 (иниси Муратбектики).


“КЫЗЫМДЫ КӨРГӨНДӨР БАРБЫ?”
– Мен кара чечекей кызым Турсунайды издеп келем. Толук аты-жөнү Калкаева Турсунай Токоновна, 1981-жылы 30-январда Кара-Көл шаарында туулган.
Турсунай Кара-Көлдө жашап жүрүп, 1999-жылы 28-майда кечки сегиздерде чыгып кеткен боюнча дайынсыз. Ошол күнү кечке жуук акыркы болуп аны курбулары көрүшкөн. Алардан сураштырсак, “бизге жолугуп кеткен боюнча кайра көргөн жокпуз” дешкен эле.
Үй кийимдери менен эле жүргөн кызыбызды ошентип таппай калдык. Кандай күнгө туш болуп, кайда жүргөнүн биле албай ичибизден сыздап келебиз. Эне болгондуктан, бир жерде аман-эсен жүрөт болду бекен деп ойлогонумда каңырыгым түтөп, отурар ордумду таппай калам.
Өзгөчө белгилери: маңдайкы тиштери темир, кулагынын астында меңи бар.
Атыңдан айланайын эл-журтум, кызымдын дайынын билсеңер, мага сөзсүз кабар берип коюшуңарды суранам.

Токтомамбетова Дадилбү.
Байланыш телефонум: 0777 08 05 54


Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыңызды издеп,
бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт,
а/я 2031 дарегине же KOOM@SUPER.KG электрондук почтасына кат жазыңыз.
Эскертүү: Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көрсөтүлүүгө тийиш.

Байланыш телефону: 32-33-26

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
aika-b
2010-11-22 09:44:42
Ушундай макалаларды окуганда журогум ооруп чыгат, Кудайым мындай тагдырга туш кылбасын!
0
№ 420, 19-25-ноябрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан