ДНК (аферист эркектин 2 аялы, алардын күлкүлүү окуяларын баяндаган сериал)

(Башы өткөн санда)

Каныбек дикилдеп чуркап баратты. Азыр артынан адам эмес, ажалдын өзү кууп келе жаткандай болду. Бир да жолу артын кылчактап караган жок. Кайненесинин узун жемпирин желпилдетип башында жоолугун салынган бойдон зуулдап баратты. Аны таң кала караган адамдарга да көңүл бурган жок.

«Кармалсам өлдүм» деп жатты өзүнө өзү. Бирок анын артынан чыккан жигит Каныбекти дароо эле жоготуп жиберген. Кафени бир тегерене чуркап эле таба албасына көзү жеткен соң кайра кирип келди.

Бул учурда Айша протез тишин оозуна салып, кийимин оңдоп-түздөп сыртка карай бет алган эле.

– Саламатсызбы?

Тиги жигиттин учурашканын элес албагандай, көздөрүн ала качып жанынан кыйгап өтмөй болду.

– Эже… Шашпаңыз. Кайда барасыз? Жүрүңүз, шишкебек жейсизби? Мен алып берем.

– Жок, рахмат. Мен кетип жатам.

– Жо-ок, мен сизди эч кайда жибере албайм.

– Апей, апаңдай болгон адамды… Кач жолдон!- Айша ороңдоп чыгып кетүүнүн амалын кылды. Бирок тиги жигит анын алдын торогон бойдон эки ийининен кармап туруп кафенин төрүн каратып бурап койду.

– Төргө өтүңүз! Мен тамашасы жок айтып жатам.

– Мен азыр кыйкырам.

– Анда сиздин колу-бутуңузду байлап, караңгы тамга алып барып, ошол жерден суракка алайынбы? Шишкебек жеп, сыра ичип отуруп эле айтып берип койбойсузбу?

– Аа… Анда мейли. Кайсы жерге отуралы?

– Тиги жакка жүрүңүз!

ххх

– Кайдан тааныйсыз аны?

– Тааныбайм,- Айша көздөрүн ала качты.

– Мени алдайм деп ойлобоңуз.

– Алдабай эле… Кафеге келип эле дааратканага барсам, «жоолугуңузду, жемпириңизди бериңиз. Акча берем» деди.

– Канча берем деди?

– 5000…

– Анан?

– Анан ошо… Бердим. Кийип алып качты.

– Калп айткан жоксузбу?

– Жок. Нан урсун!

– Азыр калпыңыз чыгып калса таарынбаңыз! Эй, Боря, бери басчы!- барды карап үн катты. Бардын ары жагынан даяр турган немедей чыга калды тигиниси да. Бат-баттан басып жете келди. «Өлдүм» деди Айша. Бул бармен аны дайым көрүп жүрчү. Каныбек менен божурашып отурганында бир нече жолу коктейль жасап бергени да бар.

– Боря… Бул эжени мурда-кийин көрдүң беле?

– Көргөм. Аялдамадан маршрутка күтүп турганын көргөм.

– Бул жакка келгенин сурап жатам…

– Аа… Ооба. Мурда дегениңизден мурда көргөнүмдү айтып жатпаймбы. Жакында көрдүң беле деп сурасаңыз жакында көргөнүмдү айтып берейин.

Ортодо жымжырттык пайда боло түштү. Айша тиги суракка алып жаткан жигитти, анысы барменди караган абалда 15 секунддай тура беришти.

– Эй, айтпайсыңбы?!- суракка алган жигит шаштырды.

– Эмнени?

– Жакында көргөнүңдү айтпайсыңбы?!

– Айт деп айтпайсызбы биринчи! Сиз айт дебесеңиз деле айта беремби?

– Жыга чабам азыр, эй! Айт!

– Нени? Мурункусунбу? Кийинкисинби? Суроону так берсеңиз…

– Эй, көрдүң беле могу аялды?

– Ооба.

– Ушул кафеге келчү беле?

– Ооба.

– Тетиги Каныбек менен отурчу беле?

– Ооба.

– Болду. Бар кете бер!

Айша эмне кыларын билбей калды. Мунусу ким? ФСБнын агенттериби? Же жанагы Маракенттин баш кесерлериби? Азыр сураса эмне деп жооп берет? Качуунун амалы барбы?

– Та-ак, эже… Кайдан тааныйсыз? Айтыңыз.

– Ой тааныбайм дейм. Биринчи жолу көрдүм.

– Сизге сый жарашпайт окшойт. Боря сизди көрүп жүрчүмүн деди го азыр эле.

– Боря адашып калды.

Суракка алып жаткан жигиттин жаактары түйүлө түштү. Ал шашпай гана столдун үстүнө тапанчаны, андан соң электрошокерди койду.

– Мына муну көрдүңүзбү?- электрошокерди алып иштетти. «Зыр-рт» эте ток аралады тиштерин. «Айтпасаңыз мен муну менен сизди куйкалап коё алам» деди ал. Айшанын көздөрү тептегерек боло түштү.

– Боря! Эшиктерди жаап сал!

– Биз түнкү 3кө чейин иштейбиз да. Азыр саат беш эле болбодубу?!

– Жап дейм эшиктерди!

ххх

Айтылгандай эле эшиктердин баары жабылды.

– Милицияга берем…- Айшанын оозунан эптеп ушул сөз чыкты. Кара тер басты аны.

– Сизге ким болот? Каякта жашынып жүрөт?

– Билбейм…

– Каныбектин ким экенин билесизби? Ал толтура адамды алдап, акчасын жеп, акыры карыздарын төлөй албай калган аферист. Аны коргоп отуруунун кереги жок. Ал сизди өзүнүн ордуна таштап коюп эле качып кетти го. Сизди ойлогон жок. Ал аферист. Сыйлуу адамды алдап качып жүрөт. Биз карызды алыш үчүн гана издеп жүрөбүз. Карызын берсе ал бош. Келиңиз эми айтыңыз? Сиз ага ким болосуз?

– Мен кайненесимин…

– Ох эне! Нуриянын апасысызбы?

– Ооба, сен аны кайдан тааныйсың?

– Эй, эже, сиз даана типсиз го! Кызыңыз күйөөм өлүп калды деп аза күтүп жүрбөйбү! А сиз болсо аферист күйөө балаңыздын тирүү экенин айтпай жүрөсүз… Тууй ата, адамдар не болуп баратат, эй!

– Сен Нурияны кайдан тааныйсың?

– Биз ага да бардык. Каныбектин карызын жапкыла, ордуна батирди бергиле дегенбиз… Анан Каныбек өлбөй эле тирүү жүрөт окшойт деген кабар уктук. Сураштырып көрүп ушул жакта жүргөнүн билдик…

– Сен Маракент деген бандиттин жигитисиңби?

– Кандайча жигитисиңби? Оозуңузга карап сүйлөңүз?

– Жо-ок, андай мааниде эмес. Ошо Маракенттин бандасында жүргөн жигитсиңби деп жатам.

– Маракент деген бандит жок Кыргызстанда… Күйөө балаңыз мээңизди тегеретип койгон экен. Анда эмесе мындай… Ал кайсы жерде жашайт, ошону айтыңыз?

– Кайсы жерде жашаарын айткан эмес. Күнүгө ушул кафеден жолугуп туралы деген. Акыркы жолу “батирди күрөөгө коюп насыя алып бергиле” деген.

– Батириңер ансыз да бизде күрөөдө турат.

– Сенин атың ким?

– Белек…

– Белек, сен ошол батирди ала бер. Каныбектин карызы ошентип жабылсын. Мени, кызымды жайыбызга койгула…

– Эже… Ал батирди Каныбек биринчи аялынан уурдап алган акчага сатып алган, билесизби? Анын үстүнө Каныбек бизге эле эмес, толтура адамга карыз. Качып жүргөндө проценттер өскөн. Сиз аны жаап-жашырып жүргөнүңүз үчүн карызын төлөшөсүз… 2 миллионду сиз жабасыз!

– Апей, аны менен чатагым жок менин!

– Чатагыңыз жок болсо, эмне күйөө балаңыздын өлбөй тирүү жүргөнүн кызыңызга айтпай жүрөсүз? Аны жаап-жашырып элдин баарынан катып жүргөндө анын карыздары өстү. Карыздары өскөнүнө сиз да себепкер болдуңуз… Ошон үчүн төлөйсүз! Бир жума убакыт берем...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 984, 14-20 октябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан