“ЭХ, БАЙКЕ, СҮЙДҮРҮП АЛДЫҢЫЗ”

– Сүйүү кандай болорун билбейм. Жашоодо сүйүп көргөн эмесмин. Эгер биздин сезимдер сүйүү болсо, анда Алыкул Осмонов жаңылыптыр, “Жаш кездердей ынак сүйүү жок экен, 30 жаштын улам аркы жагында” деп жазып кеткен эмеспи. Мен 32демин. Алгачкы ирет бир мырза үчүн баарына даяр болуп жатам. Жаш курагына, 4 баласы бар экенине карабай дайым анын жанында болууга ашыгып жатам. Элеп-желеп болуп аны менен жолугушууга шашам. Мындай абалга мен кайдан жеттим? Курбу кызымдын туулган күнү болчу. Үйдөн чыккым келбей жатып барышым керек болгон үчүн араң гана баргам. 30дан ашканда үйдөн чыккың келбей калат тура. Курбум кесиптештерин, досторун чакырыптыр. Мирлан байке анын жетекчиси экен. Экөөбүз жакын отуруп калып жакшы сүйлөшүп кеттик. Ошондо эле ал менин жашыл көздөрүмө суктанган. Азыр телефонунда “Жашыл көздүүм” деп сакталуумун. Бул күн ошону менен бүткөн. Байкени майдачыл, чыргоо эркек экен деген таасирде калгам. Эртеси ал байке жолугушууга чакырды. Мага жакпай калган да, баш тарттым. Ага карабай жалдырап чакырып алды. Улуу кишини анчалыкка жеткирбейин деп макул болдум. Баса, ал менден 15 жашка улуу. Жакынкы кофейняда отурдук. Кечээ мас болуп калганы үчүн кечирим сурап, аябай сылык сүйлөдү. Жашоосундагы окуялар, аялы менен ажырашуусу, 4 бала менен канчалык оор болуп жатканын айтып берди. Жан дүйнөбүздү ачып сүйлөштүк, тамашалашып күлдүк. Бири-бирибизди түшүнө алдык, анын жанында отурганда ичимди жылуулук каптады, ага деген ишеним пайда болду. Ушул күндөн тарта оюмду ээлеп алды. Камкордугу, күндө ала келген белектери да жагымдуу.

– Сен аябай сулуусуң.

– Кудайга рахмат, ал менден көз каранды нерсе эмес.

– Туура, сенден көз карандысы – жан дүйнөң. Ошонун баары сулуу. Сени жакшы көрөм.

“Сен сулуусуң, сени жакшы көрөм” деген сөздү күнүнө бир канча жолу укчу болдум. Жөн эле эмес, суктануу менен карап чын дилинен айтат, эрип кетем. Ал ансайын өзүмө ишенимим жогорулайт, сулуу экениме, кыйын экениме ишенем.

“Акылдуусуң, назиксиң” деген сайын акылымды колдонууну, назик болгонду үйрөнүп бараткандаймын. Биз, айымдар, кайсы мырзанын жанында өзүбүздү корголуу, эркин, ишенимдүү сезсек, ошол мырзага тартылат экенбиз. Майдачылдыгына, чыргоолугуна, улуу болгонуна, 4 балалуу болгонуна карабай, ал айткан сунуштарга макул болуп отурам. Мен буга чейин турмушка чыккан эмесмин. Эмнегедир ушул киши менен бирге болсом эле баары жеңил болчудай сезилет. “Балдарым менен сага оор болот” деп чочулайт ал. А мен корккон жокмун, баарына даярмын. Негизгиси, дайым жанымда болсоңуз болду.

Жашыл көздүүңүз

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Baktyluu_bolgum_kelet
2021-10-18 12:21:53
Ии какбаш!4 баланын энеси эми жаман болуп калыптырбы?!Чын чынында аялы менен жашайт,сени алдап жүрөт
0
Tyttty1990
2021-10-18 15:51:24
Динара деген тааныш бар эле ошол окшойт
+1
№ 984, 14-20 октябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан