Маалыматка таянсак, мониторинг учурунда оорукананын кургак учук бөлүмүндө 5 бейтап жаткан. Бейтап таржымалын карап чыгууда, бул бейтаптардын экөөсү дарыланууга жазуу жүзүндөгү макулдугун бербегени аныкталган. Ошого карабастан алар бул мекемеде үч жылдан ашык болушкан. Бул тууралуу акыйкатчы кызматкерлери тиешелүү актыны түзгөнү айтылат маалыматта.
“Ооруканада бейтаптарга шарт түзүлгөн эмес” дейт аталган институт. Бардык аныкталган мыйзам бузуулар боюнча тийиштүү актылар түзүлдү, алар мамлекеттик органдарга тиешелүү чараларды көрүү үчүн жөнөтүлөт.
Лунара Бекиева