ДНК (аферист эркектин 2 аялы, алардын күлкүлүү окуяларын баяндаган сериал)

(Башы өткөн санда)

Айша дендароо боло түштү. Буга чейин күйөө баласынын айткандарынын баары ага жөндүү угулуп келген. Жашоосундагы көйгөйлөрүн чечип алса, Нурияга сюрприз жасап, түндө барып калып аны кубантып, анан андан ары экөө чет мамлекетке чыгып кетишмек.

Тим эле Голливуд киносунун сценарийиндей ойлору бар эле. Бирок минтип бүгүн маңдайында турган жигит жөн гана фантазиясы бар аферист күйөө баласынын айынан «сен да мага карыз болдуң» деп жөн жерден моюнуна 2 миллион сом жүктөп салды.

– Төлөй албайм мен андай акчаны.

– Анда Каныбектин кайда жашай турганын айтып бериңиз!

– Өлбөдүмбү даана! Кайда жашаганын кайдан билем?! Ал мага толтура жомок айтып, бирок ушу кайда жашаганын айтпаптыр! Мен кете берейинчи...

– Кете бериңиз! Бир жумадан кийин ушул жерден күтөм. Колуңузда көк пакет, көк пакетте толтура жашыл акчалар болсун макулбу?!

Айша үндөгөн жок. Ордунан шашкалактап туруп чыга жөнөдү.

– Эже!- эми чыга берерде тиги жигит кыйкырды: – Сиздин кызыңыз кайда жашаарын билем! Кызыңызга зыян тийгизип албаңыз, макулбу?!

ххх

Көңүлү көтөрүңкү кирип келген Белекти Козубек сынай карады.

– Бирдин ичинен чыккансың го, баатыр!

– Таппадымбы Каныбекти...

– Койчу! Чындап тирүү бекен?

– Ананчы...

– Анан кармаган соң эмне кылдың? Үнүн Кудайга жеткизе сабап, адатыңча багажникке салып алып келип калдың!

– Жок! Качып кетти!

– Энеңдурайын, анан эмне кармап алган кишидей ыржайып келе жатасың?

– Таптым да...

– Тапсаң кана?

– Кана дегениң кандай? Чөнтөгүмө салып алды дейсиңби? Качып кетти деп жатам го...

– Эмнеге качырасың? Кармабайт белең?!

– Эй, ал тип баары бир кармалат. Ал деген кайненесинин кийимин кийип качты. А мен кайненесин кармап алдым. Аны дагы 2 миллионго "грузить" этип койдум,- өзүнө ыраазы боло компоюп койду Белек.

– Аа... Энеңдурайын жинди, бир кемпирди 2 миллионго "грузить" этип койдум деп... Мээ барбы? Дарегин айттыр!

– Кайда жашаарын ага айтпаптыр! А сен азыркы сөзүңдү болсо мени көрө албай айтып жатасың. Сен 2 миллион өндүрчү жерден мен жалпы жонунан 4 миллион сом сууруганы жатам. Ошого ичиң күйүп жатат...

– Ыя де! Эгер ушул жерден 4 миллион сууруй албасаң, ошол 4 миллионду сен табасың, уктуңбу? Надо отвечать за свои слова!

– Кыргыз болгондон кийин кыргызча сүйлө!- Белек башка сөз таба албай калды.

ххх

Тургун кемпирине эшик ачып эле кайра телевизордун маңдайын көздөй жөнөгөн, бирок бир-эки кадам аттап туруп токтоп калды.

«Айшага эшик ачтымбы? Же башка эле бирөө кирип келдиби?» деп ичинен ойлоно түштү да, артын карады. Капкайдагы кепканы, үстүнө эркектин күрмөсүн кийип алыптыр Айша.

– Эй, сага эмне болду?

– Эч нерсе. Бара берчи телевизоруңа...

– Эй, эмне бомждордой болуп кийинип алгансың?

– Кимдердей?

– Бомждордой!

– Дагы? Дагы кимдердей болуп калыпмын? Кемпириңди басынткандан башка иш келеби колуңдан? Өмүр бою ушинтип келе жатасың. Мага мотивассия берген күнүң болобу?

– Мотивация деп так айтчы, эй!

– Оңдобой кал! Ансыз да рамкадан чыгарбай жүрүп өмүрүмдүн баары өттү!

– Аа, сен баягы тренингдериңе кайра бара баштаган окшойсуң, ээ?

– Менде толтура проблема болуп кетти. Бир кызыгып сурап койсоң эмне?!

– Эмне проблема?

– Сен түшүнбөйсүң...

– Мына, эмне проблема деп кызыктым. Адатыңча сен түшүнбөйсүң, аралашпа деген өзүң,- Тургун бурулуп телевизордун маңдайындагы өз ордун көздөй жөнөдү.

– Мен карыз болуп калдым, Тургун!

– Биринчи жолу карыз болуп жаттың беле? Биринчи жолу төлөп жаттым беле? Кайсы дүкөнгө?

– 2 миллион!

– Эмне, 2 миллион?

– 2 миллион сом карыз болдум...

– Өлөт го, эмне дейт?! Кайсы дүкөн сага 2 миллион берди?

– Дүкөн эмес! Мен бандиттерге карыз болуп калдым...

– Эй, тантыбачы! Кемпирге 2 миллион жүктөп жинди болушуптурбу алар?!

– Чын айтып жатам.

– Ишендим, ооба. Карыздарын доолап келсе мени чакырып койчу. Полковниктин формасын көргөндө кайсы бандит карыз сурай алар экен көрөлү! Хе...

– Көрдүңбү сага баары бир. Мени союп жеп жатышса деле карап тура берчүдөйсүң го...

– Кемпир, сен тамашалап жатасыңбы?! Же чындап эле айттыңбы?

– Чын!

– Өлөт го! Кайсы бандит экен ал? Полковниктин кемпирин карыз кылган?

– Абышка, аны төлөбөсөм кызыбызга зыян болуп калабы деп коркуп жатам.

– Даана го. Нуриянын эмне тиешеси бар?

– Тетиги Каныбек кылбадыбы баарын...

– Өлөт го... Каза болгон кишини эмне аралаштырып жатат?

– Ал өлгөн эмес! Тирүү...

Тургун ордунан чочуп тура калды да, кире бериште турган кемпирин карай бат-баттан басып келе калды.

– Үйлөчү! Ичип алгансыңбы?

– Жок...

– Сен соо эмессиң! Эркектин кийимин кийип келип алыпсың, 2 миллион карызмын, Каныбек тирүү деп... Дөөрүп жатасың, ээ?

– Ал чындап эле тирүү...

– Азыр,- Тургун шапа-шуп күрмөсүн кийди, күзгүдө илинүү турган машинесинин ачкычын алды.

– Кайда?

– Бас-бас...- кемпирин жетелеп жөнөдү.

ххх

– Кайда баратабыз?

– Бир жакка...- Тургун жөндүү жооп бербей, рулду бекем кармап, эрдин кымтып алып кете берди.

Бир убакта бир имараттын алдына келип токтоду.

– Бул эмне болгон жер?

– Бас!- өктөм сүйлөдү чалы. Айша машинадан түшмөкчү болуп баратып анан дарбазадагы «Психдиспансер» деген жазууну окуду.

– Эй, сен эмне мени жиндиканага алып келдиңби?

– Мурда эле келиш керек болчу. Ашынып кетипсиң... Айыкпасаң болбойт, кемпир. Бир күнү чындап ооруң кармап, мага кол салсаң кантем?!

– Апе-ей, мына бул киши сообу? Кантип ушуга дитиң барды?

– Түшө гой, кемпир. Бул жерден айыгарың менен алып кетем.

– Мен сопсоомун, жинди го могу...

– Соо киши анан эмне эркектин кийимин кийет? Соо кемпирге кайсы бандит 2 миллион салык салсын?! Соо адам өлгөн кишини тирүү деп айтабы? А хотя, мен эмне үчүн жиндиге түшүндүрүп жатам. Айыккандан кийин түшүнүшүп алабыз, кемпир. Бас, түш!..

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 985, 21-27 октябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан