МАРШРУТТУК ТАКСИДЕГИ ТАЛАШ

Маршруттук таксиге түштүм, тыгылыш эмес экенин көрүп арткы орундуктун бирине отурдум. Алдыда отурган 65 жаштардагы апа жанындагы бирөөгө сүйлөнүп бара жатты.

– Ай, жаңылыктардын баарында чыгып жатат. Чет өлкөгө турмушка чыккан кыздардын тагдырын көрүп жатасыңбы, кыздарды таптакыр жибербеш керек. Ай, ушул кыргыздын кыздарын такыр түшүнбөйм. Кыргыздын татынакай эле жигиттери турса, каяктагы бирөөлөргө тийип жатышат. Эмнеге билесизби?

Жанындагы аял өзү менен өзү, укпаган сыяктуу анча көңүл бурбай кайдыгер башын ийкейт. Беркиси ого бетер күчөп кетти.

– Эмнеге? Кыргыздын жигиттери таап келген 20-30 миңге алымсынбайт. Чоң нерсе керек аларга. Биз жаш кезде акча менен ишибиз жок эле, үйүлгөн кирди колго жууп, кайненеге жагабыз деп жан талашып, күйөөбүз эмне алып келсе ыраазы болчубуз. Менин бейиши болгур күйөөм бир тал гүл бербей бул жашоодон өтүп кетти. Азыркыларга 101 роза берип, каада-салты менен татынакай үйүнө алып кетип жатса да жакпайт экен. Эки жылдан кийин бөйрөгүн таянып “сен жаман, мен жакшы” деп чыр чыгарат. Баласын алып барып өз ата-энесине таштайт. Анан Москвага же Түркияга кетет. Ал жактан башы айланып бирөөгө тиет. Жанагы ит кыялын тигиге көрсөтсө анан муштум жеп, кээ бири өлүп да калып жатпайбы?! Биздин учурда күйөөдөн чыккан намыс болчу, ай. На-мыс! Азыркылар көйнөктү чечип кийгендей эле тийип, кайра ажыраша беришет.

Айтор, ушул сыяктуу толтура нерселерди айтты. Угуп келе жатып безине тийип кетти көрүнөт, узун көйнөк кийген орто жаштагы аял сөзгө аралашты.

– Антип кыздардын күнөөсүн көтөрбөңүз. Баарыбызда кыз бар. Ушунун баары шарият жолу менен жашабай жатканыбыздан. Кана ошол кыздарды кыргыздын жигиттери экинчи же үчүнчү кылып алсынчы. Аялдары чачтарын жулуп, ажырашабыз деп айласын кетирет. Анан эркек жок болуп жатса башкага тийбегенде кыргыздын кыздары эмне кылсын, ыя?

Биринчи сүйлөгөн аял ойлонуп токтой калды. Башка жообу жок көрүнөт, кайра эле өзүнүкүн айта баштады.

– Кызга кырк үйдөн тыюу дейт. Москвага барып башкага тийгенден көрө өзүбүздүн жигиттерден өтөрү жок. Бирок бул кыздар азыркы маянага алымсынып үйүндө тамагын жасап отурмак беле, “мен сенден көбүрөөк табам” деп эрегишип кетип калып жатып ушул окуялар болуп жатпайбы. Тарбия жоктугунан бул жерде, тарбия.

Ошентип дагы бири оюн айтып, кызуу талашка айланып кетти. Тим эле азыр кыздардын баарына күйөө таба калышчудай, тагдырларын ак баракка салып жазып жиберчүдөй кызууланышат десең. Алдыда отурган орус түспөл жигиттин сөзү баарын токтотту.

– Сиздер эмнеге “биз антчү элек, минтчү элек” деп эле жатасыздар. Сиздердин ошол жашоого макул болуп, таякка жонуңарды тосуп берип, баарына чыдап, анан бир да гүл албай бир өмүрдү өткөрүп жибергениңиздерге азыркы кыздар күнөөлүүбү? Азыркы кыздарда тарбия жок дейсиңер, аны талаша албайм, бирок билим бар. Билими бар адам өзүнө жасаган мыйзамсыздыкка, зомбулукка көз жума албайт.

А сиз, эже, кыргыздын кыздары экинчи же үчүнчү аял болсун деп жатасыз. Анда биз кайра жүз жыл артка кетели. Элдин баары өнүгүп жатса, биз артка кетели анда. Ушул болмок беле? Кыздарыңарды коргогула, колдогула, билим бергиле андан көрө. Акылы, билими бар кыз жерде калбайт. Антип өзүн да жерге тепсетпейт. Тепсеп кеткен күндө да ал кайра боорун көтөрүп тура алат. Энелер өздөрү кыздарына көңүлү каалабаган бирөө болсо деле “эптеп эрге тий, кызым” дешет. “Эптеп төрөп ал” дешет. Эптеп дегендин аркасында эмне жатат билесиңерби? Эптеген силер айткан жашоо жатат.

Атаң көрү, жигит жанатан берки ойдун баарына чекит койгондой ушуларды айтты. Мен да ыраазы боло аялдамадан түшүп калдым. Талаштын арты кандай уланганын билбеген боюнча кала бердим.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
datkayimjan
2021-11-01 11:21:43
Даканса кете бербепсин да,талаштын арты эмне болуп бутконун билет элен
+5
kkkk3259780
2021-11-01 11:41:12
трамп да экинчи аял менен жашаса керек,айматов да, бакиев да, атамбаев дагы. орустун созуно ыраазы болот имиш
-5
Noon
2021-11-01 22:36:07
kkkk3259780,бирди жөндөп багып алгылачы былжырабай
+3
kkkk3259780
2021-11-03 06:35:58
Noon, сеники жондой албай атса керек,нааразы экенсин, мен Кудайга шугур жондоп атам.
+2
ChagyIgan7
2021-11-02 13:34:06
Мен дагы экинчи болуп тийгим келген
-2
almanbetperm
2021-11-03 16:00:35
ChagyIgan7,эми тийбейсинби)))))
+1
№ 986, 28-октябрь-3-ноябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан