БШК Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовду “мыйзам жол бербейт” деп парламенттик шайлоого талапкер катары каттоодон баш тартты.
Техникалык оңдоо иштерине байланыштуу Бишкек мэриясынын 185 байланыш борбору убактылуу иштебейт.
Өзбекстан Баткенге 2 мектеп куруп берет, тийиштүү макулдашууну Жогорку Кеңештин комитети карап, жактырды.
Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков отставкага кетип, ордуна Адилет Кубанычбеков дайындалды.
Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги Мунай ташуучулар ассоциациясын күйүүчү майдын баасын кескин көтөрбөөгө чакырды.
Учурда Кыргызстанда жумушсуз деп расмий каттоодо тургандардын саны 104 миң жаран.
Жакында пара алууга шектелип кармалган президенттик администрациянын ырайым кылуу боюнча комиссиясынын жооптуу катчысы Таалайбек Апенов кызматтан бошотулду.
Канатбек Исаев "Кыргызстан" партиясынын лидерлигинен кетти.
Дастан Догоев кайрадан санариптик өнүгүү министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Мектеп окуучулары 8-ноябрдан 14-ноябрга чейин эс алышат.
Жалал-Абад шаарында 26-октябрда Баткен согушунун 21 жылдыгы белгиленди.
УКМК: Айыл чарба министринин учурдагы орун басары Марсбек уулу Илич жана министрдин мурдагы орун басары Амангелди Исаев кармалды.
2022-жылы республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн 302,6 миллиард сом деп бекитүү пландалып жатканы айтылды.
Кыргызстанда жаңы Салык кодексинин долбоору даярдалып, парламентте талкуудан өтүүдө.
Кыргызстан Жаңы жылга чейин толугу менен электрондук документ жүгүртүүгө өтүүнү көздөөдө.
Баткенде Тажикстандын жараны баңгизат менен кармалганы маалымдалды.
Ысык-Көлдүн 34 жаштагы тургуну жарандык никедеги жубайын өлтүрдү деп шектелип кармалды.
27-октябрга карата өлкөдө коронавирус илдетин жуктуруп алгандардын жалпы саны 180 865 адамды түздү.
Лунара Бекиева
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.