КЫЯНАТ (Балдар үйүнөн чыккан жигиттин ийгилиги, крим дүйнөгө аралашуусу, өз ата-энесине жолугуусу, сүйүү, көз жаш камтылган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

– Анан дагы Тахирди күтүп коём, ушул ыплас чөйрөгө аралашуумдун өзү катачылык болгон,- сүрөттү карап керебетте отурган Байэл дубалды бир муштады.

– Аделя, Тахир... Кана келгени, кана бир басып келип сураганы? Эч кимим жок эле, эч кимиси жок бойдон экенмин дале. Адам өз тагдырын өзү жазат деген чын. Эгер мен спортту таштабай, спорт менен кеткенимде баары башкача болот эле. Андагы досторумдун азыр бири жок. Баарын өзүм үркүттүм, Капардын колунда жүргөнүм үчүн өзүмдү бактылуу сезчү элем го, бакыттан куру калганымды билбей. Башкача жашоодо жашасам болот эле го. Алмаз агайдын эмгегин актасам эмне?..- ичинен өзүн жеп тар бөлмөгө батпай өзүнчө күбүрөнүп жатты.

“Тахир мени сатпайт, эмдигиче бир жолу келет эле, ага бир нерсе болгон. Аделя келет, атасынан чыга албай жатса керек” деп ойлоду бир кезде. Күдөр дегениң оңой эле үзүлө койбойт тура.

“Жакын санап жүргөн болгону эки адамым бар, алар дагы кыйынчылыкта кумга сиңгендей жок болушту. Жашоо күтүлбөгөн тараптан сокку уруп, күтпөгөн адамды кол сундурат тура. Баарынан дагы ушул аялга кадырым бийик болду. Мен буга жакшылык кыла турган адам кейиптенип кыянаттык кылат элем го, баласын уурдатып көз жашын төгөт элем го? А бул менден жамандык эмес, жакшылык издеп отурат. Угары менен жетип келгенин кара...”- Байэл терең ойго чөмүлүп, Аидага аябай ыраазы болду.

Байэлдин жан дүйнөсү тынч эмес, баягы аял менен киши оюнан чыкпайт. Кээде туруп таң калат, ушунча жыл жетим өстүм, чын эле ата-энем барбы? Эгер алар менин ата-энем боло турган болсо, эмдигиче эмнеге бир басып келишпейт? Мени милицияга салып берип тынч алып жатып калыштыбы деп ойлонот. Караңгы төрт дубалдын ичинде ойлонгондон башка эмне кылат эле? Эч нерсе кыла албай тушалып отурган ушул күндөрү эркиндиктин баркын түшүндү. Эркиндик деген эмне экенин эми билди. Эркиндикте ошол эркиндиги чектелип Капар, Тахирдин айтканы менен болуп жүргөнү үчүн өзүнө жини келди.

ххх

Тинтүү иштери бир заматта Капардын заңгыраган хан сарайынын чакчелекейин чыгарды. Капардын кол балдары менен чогуу катардагы эки укук коргоо кызматкери дагы кармалды. Чатырга бекинишкени менен, бат эле колго түшүштү. Тахир жөн сарсанаа болбоптур, ал айтып жаткан бакан ооздор дал ушулар көрүнөт. Кечээ эле Байэлди түрмөдө чирий берсин деп күпүлдөп жаткан Капар бүгүн тобу менен ошол жакка баратат. Азыр муну оңой чыгара коюшпайт. Колунда акчасы болгону менен, азыр ага “крыша” боло турган кишилер өздөрү камакта. Капардын көз көрүнөө чартаңбай тепкен учуру “крышаларынын” камалышы менен чектелип, колу куушуна тарта баштаган.

Ийгиликтүү ишке ашырылган операция тууралуу укканда министр өзү түнү менен жетип келди. Тахир айткандай эле, досунун министрдин жанына кетерине жакын калды көрүнөт. Капардын тобунун сары изине түшүп, “крышаларынын” баарын тазалаган Ташболотов эми буларды тирүүлөй кескилегени кескилеген. Кылмыштуу топтун кармалганы тууралуу жаңылыктар байма-бай жазылып, айтылып жаткан чак. Тахир интернеттен бул кабарды укса жүрөгү ылдыйлай түшсө керек...

ххх

Аделя акыры Байэлге жолугууга бармай болду. Күзгүнүн алдында бир сааттай сулууланды. Күрмөсүн кийип чыгайын деп жатканда Барсбек телефон чалды.

– Аделя, бул жакта Баатыр байке жүрөт, сен келбей эле кой.

– Атамбы?! Ал Бишкекте эмес эле го?

– Ой, мен көрдүм, унаасын сүрөткө тартып сага жөнөтөм азыр.

Барсбектен келген сүрөттү көрүп, шаабайы сууп отуруп калды кыз. Үйдө отургусу келбей кайрадан Барсбекке телефон чалып, экөө киного барууну пландашты. Доспуз да деп ооз учунан айтканы гана болбосо, Барсбектин ичинде Аделяга болгон сүйүүсү оргуштап турат. Кыздын жанында жүргөнгө каниет кылып сезимдерин эч эле билдирбейт. Кыздын ою менен болуп анын көңүлүн алуу менен алек. Барсбек көздөгөндөй эле кыздын бир да күнү Барсбексиз өтпөй турган болду.

ххх

– Бир күнү кама дейт, кайра бошот дейт.

– Ии, эмне болуп кетти?

– Тиги Байэл Сапаровдун далай ишинин бети ачылып калганына карабай бошот деп жатат. Анда эмне ал иштин артынан сая түшүртүп убакыттын баарын алат?

– Шефпи?!

– Аның 180 градуска өзгөрдү, бүгүн Байэлди кимдир бирөө менен жолугуштурганы алып кетти.

– Шефтин досунан бийигирээк кызматтагы бирөө-жарымы бар го, Байэлге жакын.

– Каяктан болмок эле? Өзү балдар үйүндө чоңоюп жатса. Анын болгон кыйын таанышы эле Капарлар болчу. Аларың өздөрү алапайын таппай жатышпайбы, муну чыгармак тургай.

– Кечээ жолугушууга келген аял чыгартып жаткан жокпу?

– Ал муну чыгартып алып эмне кылсын, анда айдоочу болуп аз эле иштептир, эмгеги деле сиңип кетпептир,- эшик алдында чылым чегип ушуларды сүйлөшүп эки милиция кызматкери Байэлди тезинен чыгарууга эмне себеп болуп жатканын түшүнө албай турушту.

ххх

Бөлмөгө кирген Байэл үстөлдүн эки четинде тиктеше отурган чоочун аял менен чоочун кишини карап селейип туруп калды. Чоочун эмей эмне, бир ирет көрдү, көргөн менен, тааныбайт да.

Бири-бирине бөтөн болгон үч киши отурду. Озунуп эч бири сөз айта албай бөлмөнүн ичинде жымжырттык бир далайга өкүм сүрдү. Байэл дагы унчукпай муштумун мыкчый кармап көз алдынан бирде кишини, бирде аялды карап коюп отурду. Бир кезде мукактанып Маржан сөз баштады.

– Байэл...- үнү титиреп чыкты.

– Бизди кечир, мени кечир. Мен жашоомдо чоң ката кетирдим. Энедей болуп сени калкалап бага албадым. Жаштык кылдым, сени таштап өз жанымды карап, өз жашоомду аркалап кеттим. А Баатырдын күнөөсү жок,- Маржан колун Баатырды көздөй жаңсады.

– Балким, мен силер издеген Байэл эместирмин. Балким, ал жоктур, балким, башка жакта жүргөндүр. Мага кайсы далилиңерге таянып келип жатасыңар?- Байэлдин үнү каргылданып кетти.

– Байэл,- деп Маржан уулунун колун кармайын деди эле, колун тартып алды. – Сени издеп баштаганыма 7 жыл болду. Сенин дайыныңды билүү оңой болгон жок. Сени таптым, баарын тактадым. Баатырды жолуктурдум. Сага келип энеңмин деп айтууга, Баатырга барып балаң бар деп айтууга күчүм жетпей койду. Эми...- бышактап ыйлаган Маржан андан ары сөзүн уланта алган жок.

Жанатан атырыла бир тийген Байэл да эми унчукпай талкан сугунуп алган немедей оозунан кеби түшүп отуруп калды.

– Байэл, убагында Маржан да, мен дагы жаштык кылдык. Биздин жаңылыштыгыбыздын запкысын сен тартпашың керек эле. Бирок...

Баатыр кыйналып сүйлөп жатты. Кең дүйнө тар болуп турду. Жүрөгү мыкчылып сүйлөө оор болуп жатты.

– Болду, жетет ушул жагы!- кыйкырып жиберди Байэл.

– Жалгыз калтыргылачы мени!- Байэлдин ачуусу жүзүнө чыга түштү.

Эшикти көздөй ийини түшүп солдоё баскан Баатыр артка бир кылчайып Байэлди карап туруп калды.

– Аделя...- деп оор үшкүрүп, тынчып калды. Дендароо болуп отурган Байэл мелтиреп, муштумун мыкчыган абалынан жазбай өзүнө түспөлдөш кишини тиктеп отура берди.

– Аделянын мындан кабары жок. Үч киши билгенди жүз киши билет дейт, сени эч кимден жашыргым келбейт дечи, бирок ар бир нерсенин өз убактысы бар. Азыр билбегени жакшы, билсе ага оор болот. Сен азыр болгону андан алыста...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 987, 4-10-ноябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан