“СЕН МЕНДЕН КЕТПЕЙСИҢ”

– Башынан эле жанымдан күчтүү эркекти көргүм келет. Эмнеге дейсизби? Мен аны эмес, ал мени башкарышын каалайм. Ал менин эркиме баш ийбесин, эркимди башкарсын дечүмүн. Ошол себептүү мырзалар менен мамиле түзүү мага жеңил эмес. Качан менин жүрөгүм ошол адамдан кандайдыр бир күчтү сезгенде мен ал мырзаны жандайм дечүмүн. Бирок мен жандагым келген мырза мени узакка күттүрдү.

Жумуштан семинарга жиберип калышты. Семинарга келгендер бир мейманканага жайгаштык. Кечинде жалпыбызга кече уюштурулду. Башында кечеге катышпай эле коёюн деп ноутбугумду алып иштөөгө камынып жаткам. Бөлмөгө мени менен чогуу жайгашкан кыз өтө шайыр экен. Душтан чыгып келип ноутбук, кагаздарды кармап отурган мени элейип карап калды.

– Эй, сен эмне, ишти эми көрдүңбү? Ташта!

– Баргым келбей жатат.

– Бас, ишиң туруп турат. Жаш кезде жаштардай жашаш керек,- деп жатып мени көндүрдү. Барса барайынчы, бөлмөдө камалбай деп мен дагы даярдана баштадым.

Экөөбүз ээрчишип барып калдык. Кече башталып, узатасынан коюлган үстөлдү тегеректеп баарыбыз отуруп жаттык. Маңдайымда сен отурдуң. Көздөрүбүз чагылыша түштү. Көзүмдү сенден ала качып, өзүмчө тайсалдап кеттим. Мени мындай абалга кептеген сенин ким экениңе кызыгып калдым. Бирок кече бүткөнчө атыңды дагы билүүгө мүмкүн болгон жок. Бийлеп, ырдап, ар кандай оюн-зооктор болуп, акыры кече аяктады. Баарыбыз жай-жайыбызга тарай баштадык. Гардеробдон күрмөмдү алып чыгып бара жатсам жолумду тородуң.

– Мүмкүнбү сизге?- сыпайы кайрылдың.

– Эмне болду?- шек алдырбай сурадым.

– Мүмкүн болсо бир аз тигил аллеяга басып келбейлиби?- күлө карадың.

– Жок, эс алышым керек.

– Убакыт эрте эле, эшикте аба ырайы сонун экен, жүрүңүз.

Сени мурда-кийин көргөн эмесмин, ким экениңди билбейм дагы. Бирок эмнегедир макул болгум келди, сени жандап баскым келди. Анткени сендеги күчтү сездим.

– Болуптур,- деп сени жандай бастым.

– Атым Асхат,- колуңду сундуң.

– Алия,- колумду бердим. Жети түндө өзүмдү сага ишенип тапшырып, жаныңда басып бара жаттым. Эмнегедир бири-бирибизден чоочуркаган жокпуз, эски тааныштар көп убакыттан кийин көрүшкөндөй сөзүбүз түгөнбөйт. Сүйлөшө турган жалпы темабыз дагы көп экен. Жакшы пикир алышкан соң мейманканага кайттык. Коштошуп жатып телефон номеримди сурадың. Бердим, эртеси чалуу күтсөм боло. Түш ченде чалдың, кайрадан жолуктук. Ошентип мамилебиз тереңдеп, бири-бирибизге жакын болуп кеттик. Эми менин жашоом сага чейин жана сенден кийин деп бөлүнүп калды. Сени менен сонун күндөр өтүп жатат.

Сени бир көргөндө сүйдүм, түбөлүккө сүйгүм келет. Сен менден кетпейсиң. Бул сени кармап калууга аракет жасайм дегеним эмес. Кааласаң кет, кайтарууга деле аракет жасабайм. Болгону кайда кетпе, кайда жүрбө эми сен менин жүрөгүмдө жашайсың деп гана айткым келет. Сен менин жашоомдон жок болуп кетсең дагы мен сага жан дүйнөмдө кайта берем. Себеби мен өзүмө үңүлгөнүмдө сени көрүп, сенин үнүңдү угуп жатам. Сен акылыма келгенде мен эмнени сездим, билесиңби? Жан дүйнөмдөгү тынчтыкты, жүзүмдөгү жылмаюуну, кубанычты сездим. Маанайымды түшүрүүгө толтура жагдайлар болуп жатса дагы сени эстесем ачуум тарап, жан дүйнөм жай ала түшөт. Сезим дегендин жакшы нерсе экенине эми ынандым. Мен сени менен керемет сезимдерди жашап жатам. Бул сезимдер түгөнбөсүнчү, бүркөк асманда булуттарга сиңип кеткен жылдыздардай болбой, ачык асманда жымыңдаган жылдыз, таңдан кечке нурун төккөн күн, караңгы түнгө шооласын чачкан ай болчу. Жай күнүнүн өткүнү сымал бир себелеп өтүп кетпей, төк, нөшөрлө, ак жаанга айлан. Эмне болсо дагы жанымда болчу!..

Алия

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Turdueva
2021-11-08 10:58:28
Ошол Адам мн бактылуу кыдсын аллахым жагып калган болсо аракет кыл алтыным
+1
Shirin1995
2021-11-08 14:24:24
Алия сиз сүйгөндөй мен да бир адамды сүйгөн элем, бирок ал кетти, башкага үйлөндү. Биринчи мас адамдай эле жүрдүм,кийинчерээк ыйладым,түнт адамга айландым,күн-түн ал эсимден кетпей жүдөдүм, психологдорго бардым,айланамдагы акылдуумун дегендердин баары кеңештерин жамгырдай жаадырышты бирок эч бири жардам берген жок. Болгону убакыт анын көздөрүн көрбөй, үнүн укпай, ал адамсыз да жашаса болоорун үйрөттү. Бирок үч жыл өттү эч кимге ашык болгон жокмун,сүйүүгө мыскылдуу караган мерез адамга айландым.
+1
mmdina2013
2021-11-09 02:26:36
Shirin1995, мерез болбонуз, сизди чындап суйгон адамга жолугасыз буюрса. Сизге акыл айтып жатканым менен менин да журогум жараланган((. Мен чын журогум менен суйгон адам убагында баалабады. Качан ага болгон суйуу очуп, ансыз жашаганды уйронгондо кайтып келди. Эх, бирок баары кеч эле. Ошондон кийин аны суйгондой эч кимди суйо албадым, суйгум келет бирок корком(((
+1
Peri9292
2021-11-09 14:51:00
Суйдум куйдум дей бербей аллахым кошкон менен бактылуу болоюн деп ниет кылгыла. Аллахым жаштын тилегин берет. Аллахтан ардайым тилек кылып ниет кылып сураганымдын баарын берип жатат аллахыма чексиз шугурлор болсун
-2
bulathan
2021-11-10 14:31:38
Бактылуу бологой
+1
№ 987, 4-10-ноябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан