ДНК (аферист эркектин 2 аялы, алардын күлкүлүү окуяларын баяндаган сериал)

(Башы өткөн санда)

– Ээй, эмне бул жерде «вечеринка» болуп жатабы? Же тиги Каныбектин эскерүү кечесиби? Ха-ха-ха...- Белек аны жардап турган адамдарды карап каткырды.

– Эмне жалжаңдайсың?- Айшанын жини келип кетти.

– А сиз мага антип үнүңүздү бийик чыгарбаңыз! Билесиз да, сиздин сырыңызды айтып койсом азыр ушул жерде кызыңыз менен чачташып каласыз...

– Дөөрүй бербечи! Укту баарын...

– Оми-ий! Аябай катуу тийди го сага, ээ? Өз энең... Аферист күйөөңдү жашырып,- Белек боор ооруган кишидей баш чайкады.

– Кызыма ошол аферисттин айынан силердин зыяныңар тийбесин деп жашырып жүрдүм. Жөн эле кишини жаманатты кыла бербегиле!

– Баары бир катуу тийди го кызыңызга... Мейли эми, ал жүк сиздики. Мага эмне?! Каныбектин тирүү экенин угупсуз, ээ, Нурия? Таак, дагы сизге эмне айтмакчы болдум эле... А апаңыз болсо бизге 2 миллион сом карыз болду. Силер жакында батирди бошотушуңар керек... Ии анан тиги Каныбекти таап калсаңар сөзсүз кабарлагыла, ээ?- Белек жылмайып баарын карады.

– Каныбектин тирүү экенин көрдүңөрбү?- Дария сурады.

– Чуркап жанымдан өттү. Апаңыздын жемпирин кийип, жоолугун салынып алып дырылдап качып баратканын өз көзүм менен көрдүм.

– Тирүү экени чын болсо карызды ошондон эле доолабайсыңарбы?

– Ал өзүнүн косягы үчүн жооп берет... Силердин өзүңөрдүн косягыңар бар.

– Эй, сен кимсиң?- эркектин үнүн угуп Белек чочуп кетти. Жанатан ал Тургунду байкабаптыр. Анын үстүнө ал аны бир карап коюп эле ашканага кирип кеткен.

– Оп-па! А сиз кимсиз?

– Милициянын полковниги Качырбаев Тургун! Көтөр колуңду!- Тургун маңдайында турган жигитке тапанча каратты. «Бул кайдан тапанча көтөрүп жүрөт?» Айшанын мээсине дароо ушул ой келди.

– Кандайча милициянын полковниги?- Белек алая түштү.

– Колду көтөр!- Тургун өктөм кыйкырды.

– Аксакал, апей...

– На колени!- дагы бир өктөм кыйкырып алып, түз эле Белекти көздөй жөнөдү. Башкача бир ишенимдүүлүк менен арыштарын кенен-кенен таштап жакындап келген адамдан Белек чочуп кетти да, колун көтөргөн бойдон тизелеп отура калды.

– Кара муну! Жалаң кыздарга дерделеңдеп! Менин кемпирим менен кызымдын бир тал чачы түшсөчү, ээ... Мен сени билесиңби эмне кылам?! Түрмөдө сендей беспредельщикти эмне күтөт билесиңби?

– Байке... Байке, омой атылып кетет, тапанчаны алыңызчы ары.

– Скотч алып кел, кызым!- Нурия ашканага чуркап кирип эле атасы айткан нерсени көтөрүп чыга калды. Тургун Белектин колдорун артка алып, скотч менен чырмап ороп салды. Оозун да чаптады.

– Муну эми эмне таңып алдың?- Айшанын үнүнөн коркуу, санаа байкалды.

– Анан эмне силерге кыйкыртып-өкүртүп коюп карап турайынбы?

– Кайдагы тапанчаны алып чыга калдың?

– Аа...- Тургун өзүнө-өзү корстон боло, шарак эттире тапанчанын затворун тартты да, Белекти каратып туруп атып жиберди. Көздөрү алайып, оозундагы скотчтун айынан үн чыгара албай турган Белек «мм-мм» деп туйлап, кирерге тешик таба албай кетти. Бирок тапанчадан кичинекей сары тоголок желим ок чыгып, чекесине «чып» эттире тийген абалды түшүнө албай айланасындагыларды тегерете карап, нес боло түштү.

– Ашканада тиги кичинекейдин оюнчук тапанчасы бар экен. Ошону эле алып чыктым. Мына мындан эч ким өлбөйт,- кайра Белекти каратып туруп чекесине «чып» эттире дагы бир ок чыгарды.

Белек улуп-уңшуп жиберди. Алданыптыр. Бул абышка аны лох кылып салган тура.

– Ай Тургун, ушулар менен ушинтип ойношпосоң болмок. Буларың да жеткен баш кесер бандиттер болсочу. Баарыбызга зыяны тиет го...

– Сарсанаа болбочу, кемпир. Баш кесер бандит болсо, оюнчук тапанча менен чыныгы тапанчанын айырмасын билмек да... Булар деле жөн эле жүргөн бирөө. Чоң чыккандары силердей кыз-келиндер. Алардан күчтүүрөөк кишилерге сүйлөй деле алышпайт. Андан көрө сөздү көбөйтпөй милицияга чалгыла...

ххх

Каныбек көзү алайып, батирдин каалгасынан көз албай отурат. Бирөө кирип келчүдөй эле туюла берди. Колуна бита кармап алган, кирип келген кишинин башын жара чабууга даяр. Бирок эшиктен эч ким кирмек эмес. Анын бул жерде экенин азырынча эч ким биле элек. Аны артынан эч ким кууган эмес. Бул үйгө кирип кеткенин да эч ким көргөн жок.

– Мына «приключение» керек деп жаттың беле?! Мына сага «приключение»!- өзүнө-өзү кайрылды. Анан ушинтип сүйлөп алып өзүнө-өзү жооп издеди. Эмнеге минтти? Дегеле эмнеге бир ордунда тура албайт? Издегени эмне? Өзү деле түшүнө албайт. Бир билгени – ал бир үйдө жашагандан, баякы адамдар менен сүйлөшкөндөн, окшош күндөрдөн тез тажап кетчү.

Ага дайыма адреналин керек болуп турчу. Ал ошондой дене дүргүткөн, төбө чачыңды тик тургузган окуялардан ырахаттанып алмайы бар эле. Дал ошол жүрөк лакылдап, денени тер баскан учурларда ал чындап тирүү экенин сезчү.

Сизде ошондой учур болгонбу? Чөнтөгүңдөгү акыркы акчаны оюн автоматына салып, мына азыр чоң байге берет деп үмүттөнүп отурган болосуң. Мына акыркы 100 сом. Азыр кнопканы чапчу болсоң, же байге берет, же чөнтөгүңдүн жыртыгынан башка эч нерсең калбайт. Мына ушул кнопканы басчу мезгил... Бул эмне экени белгисиз? Бирок ырахаттын баары ушул жерде болчу. Бул учурда кулагың жакшы угуп, көздөрүң жакшы көрүп, мээң жакшы иштеп калгандай туюлат. Анан эле чаптың! Эч нерсе жок!

Эч нерсе... Эч нерсеси жок каларын Каныбек алдын ала эле билчү. Бирок өзүн-өзү токтотуу деген сезим анда жашачу эмес. Ал ойлоп көрсө, ушул дене дүргүткөн ирмемдерди издеп эле жашап келе жатыптыр. Дарияга да, Нурияга да... Башкаларына да алардан аз да болсо эмоция алыш үчүн үйлөнгөн. Анан эле эмоциялар кадимки турмушка аралашып көндүм болуп калганда Каныбек да тажап баштачу. Балдар да аны кармай алмак эмес. Себеби Каныбек жанагындай сезимдер үчүн баарын кечип кеткенге макул эле.

Кезинде Дариянын акчасын үйдөн уурдап чыгып, түз эле казактардын Капшагайына келген. Мейманканага сүйлөөгө дарманы келбей калганда гана барчу. А негизинен ошол жерде казинонун да, оюн автоматтарынын да сазайын берер эле. Акчасынын 80 пайызын уттуруп жиберген. Бирок акыры барып жолу болуп кеттиби, айтор, аябагандай көп акча утуп алууга жетишти. «Оо, мага Кудай берди окшойт» деп ойлоду. Бул тим эле ага асмандан атайын жиберилген жышаан сымал сезилди.

– Мен үйлөнүшүм керек окшойт!- деген анан ал өзүнө. «Нурияны канча күндө чаап алам?» деп өзү менен өзү мелдеш уюштурду. «Канча күндө күйөөгө тийүүгө макул кылам?» деп дагы бир мелдеш кылды. Бардыгы ойдогудай эле болуп жаткан... Кара басып орто жолдон жанагы иш чыкпадыбы...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 988, 11-17-ноябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан