Бекжан Темирхан, ырчы: “БИРӨӨНҮ СҮЙҮШҮМ КЕРЕК БОЛУП ЖҮРӨТ”

“Ай, ай, ай, эзилип бүттүм,

Алтыным, өзүңдү күттүм.

Кайдасың, асылым, азыр?

Сагындым өзүңдү, гүлүм...”

Бул ыр кыска аралыкта жүрөктөрдөн түнөк тапканы талашсыз. Дал ушул ырдын жаратуучусу Бекжан Темирхан бул аптанын башкы каарманы болду.

– “Эзилип бүттүм” ыры чыккандан бери тойлордо кызмат кылдым. Эми, буюрса, чыгармачылык менен алектенип жатам. Азыр ырлардын аранжировкалары катары менен тизилип турат. Жакында сөзү, обону Зарлык Камбаралиевге таандык “Сурмаларың” деген ырды даярдап жатабыз. Клип менен чогуу чыгарсакпы деген ойлор бар.

“Сен жылдыз болдуң, өзгөрүп кеттиң” дегендер көп. Мен жылдыз болгон жокмун. Кайдагы жылдыз? Мен азыр эч нерсе кыла элекмин. Өзүм каалагандай ырчы боло элекмин, өзүмдүн талабыма өзүм жооп бербейм. Бир ырымды эл жакшы укту, кыйратып койдум дебейм. Максатым бар, аракетимден тайбайм. Кандай ырчы болгум келерин сөз менен эмес, иш менен көрсөткүм келет.

– Карантин маалында баарыбыз айылыбызга кетпедикпи. Ошондо сүйгөн кызымды сагынганда “Сени сүйдүм” деген ырымдын биринчи куплети жазылган. Анан урушуп кеткенден кийин кийинки куплети жаралган. Байкасаңыздар, биринчи куплети жакшы маанайды, кийинкиси коштошуу маанисин туюндурат. Ырлар негизи жан дүйнөмө жараша жаралат. Жашоомо ыраазы болуп турган кезде “Сени бербейм эч кимге” деген ырды чыгаргам. Сүйүү, сүйүүдөн дагы көнүп калган жаман нерсе. Мен өзү сүйүүгө туруктуумун. Ал адамды мендик деп кабыл алып мамиле курам. Сен аны каалабасаң деле бүтө турган нерсе бүтүп калат экен. “Ал кыз кайда, эмне болду эле?” деп баары эле сурашат. Бүткөн нерсени кайра козгогум келбейт. Негизи чыгармачыл адам колдон келсе сүйүп турганы жакшы. Мен кайрадан сүйө албай жүргөнүм үчүн жакшы ыр чыкпай жатпайбы, сүйүп-күйүш керек болуп жүрөт (күлүп).

– Кичинекейимде бирине жетсе, бирине жетпеген турмушту көрүп калдым. Кудайга шүгүр, ата-энем курсагымды ач, кийимимди жыртык кылбай баарына жеткирип жатты. Атам болбосо деле бир нерсени кыла берген киши. Ар кимдикине иштеп акча чогултуп, ал акчага пахта экчүбүз. Аны багып, жыйнагандын эмгеги канча? Бирок киреше деле түшчү эмес. Тажап кетип дарбыз эккенди үйрөнүп, дарбыз эгели деп чыктым. Атам көнгөн жок. “Мага 50 эле сотых жер алып бериңизчи, өзүм эгем” деп мен болбой койдум. Ошентип дарбыз эктим, жакшы чыкты. Дарбыз ала турган кардарыбыз атама алдын ала 10 миң сом бергенде атам нес болгон. Анда 10 миң сом жакшы эле акча болчу. Дарбыздын жарымын жүктөп бүткөндөн кийин 40 миң сом берди. Атам марып эле калды. Жакшы кирешеге ээ болуп, мал-мүлк алдык. Кийинки жылы кызыгып калган атам 1 гектарга дарбыз эгип салды. Ал жылы түшүм болгон жок. Ошондо аябай ыйлагам.

– Хит деген сөздүн өзүнүн чоң мааниси бар. Ырым хит болду дегенден уялам. Хитпи, хит эмеспи эл өзү таразалап алат. Жалгыз эле “Эзилип бүттүм” ыры менин визиттик карточкам болбойт. Кудай буюрса, элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан ырларды жаратам деген планым бар. Бул ыр чыккан маалда жан дүйнөм эзилип, жашоодо кыйналып жүргөм. Бул жүрөктөн чыккан ыр. Эми дагы ушундай ыр чыгармайын жаным тынбайт.

– Алдандым, кагылдым-согулдум, азыр көп нерсени түшүнүп калдым. “Эзилип бүттүм” ырынын арты менен көп адамдарды тааныдым. Адамдардын кандай өзгөрүлүп кетерин билдим, кимдин ким экенин айырмалап калдым. Жакын адамдарың алыстап, чоочун эле адамдар жакын боло баштайт экен. Айрымдар көңүлүнө канчалык караган сайын сени ылдый басышат экен.

– Мен үйдүн улуу баласы болгондуктан Бишкектен үй алып, ата-энемди жаныма алып келсем, келиндүү кылсам, биздин колдон ысык чай ичсе деп ойлонуп жүрөм. Пландар көп, акчаң болгон сайын маселелериң дагы көбөйө баштайт экен. Мага күч-кубат берип, жол көрсөтүп турган адамга зар болуп жүрөм.

– Мурун баскан-турганыма күнүнө 500 сом жетсе, азыр жетпейт. Канча көп болсо чыгашаң деле ошончо өсөт экен. Колу ачык адаммын. Үйдөгүлөргө берем, досторумдан да аябайм. Алар дагы мага ошончолук кол сунушат, менин ийгилигим үчүн аракетин аяшпайт. Менин эс-тутумум доско аз эле, ысыкка-суукка күйүп жанымда дайым болгон эки досум бар. А чыгармачыл достор өз жолунда.

– Мурун бирөө көңүлүмө тийгизип катуу айтып койсо ошону кечке ойлонуп жүрчүмүн. Азыр көңүл бурбайм. Негизи бизде көрө албастык, бут тосуу деген нерсе өнүккөн. Ошон үчүн башка жакка чыга албай жатабыз. Мисалы, казактын ырчылары дүйнөнү багындырып жатпайбы. Бири-бирибизди көтөрсөк биздин ырчылар деле ошол деңгээлге чыкмак. Башта “Эзилип бүттүм” ырынын клибин эфирге албай коюшкан, анан эле ыр “Жылдын мыкты ыры” наамына кайдан илинип калганын билбейм, ошондон кийин эфирден бериле баштаган. Дагы жакшы, элге чыгууга медиа-порталдар, Ютуб, социалдык тармактар бар.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 989, 18-24-ноябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан