КЫЯНАТ (Балдар үйүнөн чыккан жигиттин ийгилиги, крим дүйнөгө аралашуусу, өз ата-энесине жолугуусу, сүйүү, көз жаш камтылган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Байэл ызаланды, ичиндеги болгон ачуусун, ызасын арактан чыгарып жатты. Соолукпай эле үстөккө-босток ичимдик ичкенге өтүп алды. Керели кечке байырлаганы эле сыракана, барлар болчу болду. Аида Байэлди эмнегедир жалгыз таштап коё албады, кайсы учур болбосун жүргөн жерин билип, мас экенине карабай унаасына салып алып келип жаткырып коёт. Бир курдай Баатыр менен Маржан келди эле, экөөнү жанына жолотпой койду. Мастыгына салып аларды сөгүп-сагып айлаларын кетирди. Байэлдин ичип жүргөнүн Барсбектен уккан Аделя аны издеп келди. Негизи Барсбек аны жаман көрсөтүү үчүн айткан. Бирок ал ойлогондой болгон жок, Аделя угары менен “мени Байэлди көргөн жериңе алып бар” деди. Аделя келген менен, Байэл жанына даатпады.

– Бар, бар,- жанына жакын келген Аделяны бир колу менен түртүп, жүзүн караган жок. Колундагы рюмканы карап тура берди. Дал ошол учурда эшиктен кирип келе жаткан Аиданы көрдү Байэл. Ордунан туруп барып, аны кучактап бетинен өөп тосуп алды да, аны белинен кучактай сыртка чыгып кетти. Аиданы ээрчип кетип калды. Бул учурда Байэл анча деле мас эмес болчу, болгону Аделянын көңүлү калсын деп аны алганы келген Аидага күтүүсүздөн атайылап жармашты. Мунун баары өзү араң жүргөн Аделяга катуу тийди. Ого бетер соолуп калды.

ххх

Кызынын эч нерсеге көңүлү чаппай ойлуу, кыйналып жүргөнүнө түтпөй кетти Баатыр. Жер алмаштырса алаксыйт беле деп ойлонду. Акыры Аделянын дегдеп жүргөн Италиясына кетирүүнү эп көрдү. Аделянын кыялы Италияда окуу эле, бирок атасы “жалгыз кызыбыз болсоң, сени кантип Италияга кетирип жиберебиз?” деп көнбөй койгон. Аделя айласыз Бишкекте окуп калган. Баатыр бул чечимге көпкө ойлонуп келди. Өзүмчүлдүк кылып кызынын көксөөсүн суутуп келечегине залакасын тийгизгени туура эмес экенин түшүндү. “Мурун эле Италияга кетирип жибергенимде бул иштин баары болбойт эле, Байэлге да жолукпайт эле” деп канча өкүндү. Ошол чечимин айтуу үчүн кызынын бөлмөсүнө келди Баатыр. Атасы кирип келгенде бүк түшүп жаткан Аделя араң ордунан козголду.

– Кызым, баары жайына келет. Бул учур дагы өтөт. Ал жигитти унут, азыр жашсың. Сенин алдыга койгон кандай максаттарың бар эле, ошончо окууга короткон эмгегиңди ушул келечеги жок мамиле үчүн жокко чыгарасыңбы? Акылдуу кызсың, кеч боло элегинде токтот. Андан көрө окууңа көңүл бур. Буюрса, Европага кетесиң, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат,- Баатыр кызын ийининен өзүнө тарта кучактап койду.

– Европага?!- Аделя көзү тостоюп таң калганын жашыра алган жок. Илбиреп араң жан болуп жүргөн кыз жандана түштү. Ушул сөздүн атасынын оозунан чыкканына ишене албай турду. Соолуп бараткан гүлгө суу куйгандай эле тириле түштү. Атасы чыгып кеткенден кийин бир заматта ойлору Италияга бурула түштү.

ххх

– Кимге ишенеримди билбейм. Менин бул дүйнөгө жаралышымдын өзү кыянаттык менен коштолуптур. Ата боло турган киши энемдин ишеничине кыянаттык кылып таштап кетсе, энем Кудайдан аманат болгон мага кыянаттык кылып балдар үйүнө таштап салып, бир кайрылып келбегеничи. Андан бери саналуу эле жакшы кишиге кезиктим. Балалыктан жаралуу жаным бирөөгө ишенип, таянгым келчү, бирок өз кызыкчылыктары үчүн баарына даяр адамдардын айлампасына түштүм да, мен дагы адамдарга кыянаттык кылууну үйрөндүм. Ал учурда өзүмдү башкара албай калдым,- деди мөгдүрөп отурган Байэл.

– Катаңды моюнуңа алып жатканың жакшы. Өзүңдү актап моюн бербей жүрсөң деле жүрмөксүң. Жашоодо бардык адамдар жаңылат, бир жолу жаңылдым деп эле ошол катачылыкты кайра кайталай бергендер канча? Жашоонун бактысы да, кайгысы да ишенимде деп жатпайбы, жакшы күндөр алдыда экенине ишен, мага ишен, баары өз жолуна түшөрүнө ишен, эң негизгиси, ишенимиңди жоготпо,- Аида эмнегедир жигитти аяп кетти. Ага болушунча колдоо көрсөткүсү, мээрим, сүйүү бергиси келди.

Ушул учур Байэлди Аидага кыйла жакындатып салды. Элге жык толгон шаарда жападан жалгыз калгандай кыйналып турганында кол сунган адамдан кантип алыстайт эле?

– Сага азыр бул шаар жай болбойт. Сен биз менен Дубайга кет.

– Дубайга кетип жатасыңарбы?- Байэл жан талаша сурады.

– Ооба, бир жылга. Байэлге бул күтүүсүз болду. Караан тутуп жаткан Аидасы азыр кетип бараткандай туюлуп кетти ага.

– Ал жакта сага жеңил болот. Жаңы жер, жаңы жашоо дегендей,- Аида Байэлди суроолуу карап калды. Байэл бир топко үн каткан жок.

– Эмнеге болбосун? Туура айтасыз, мага, балким, ушундай жаңылануу керектир. Чогултуп жүргөн акчам бар, анда документтеримди даярдайын. Ал жактан иш таап иштейм да.

– Акчадан кам санабачы. Андан көрө өзүңдү кара, өзүңө кел, болду. Ансыз деле канчадан бери күчүңдү арактан чыгарып жатасың. Түшүнсөң керек өзүң деле ичкилик күйүтүңдү жеңилдетпешин.

Байэл Аиданын айтканын укту, эртеси эле ичкилигин токтотуп, алар менен чогуу кетүүгө камылга көрө баштады.

ххх

Ата-апа дей албаса дагы алыска сапар алып жатканын аларга айтты. Баатыр менен Маржан Байэлдин минтип жакшыга умтулуп жатканына кубанып, чөнтөгүнө акчаларын салып беришти. “Кабарлашып тур, жардам керек болсо айт. Жайгашкан жериңди билдир” деп коштошуп калышты.

Бир кезде уулун уурдап акча өндүрүүнү көздөп Аидага жакындаган Байэл бул аялдан мынчалык жакшылык көрөм деп ойлогон эмес. Ушул аялдан жылуулукту, ушул аялдан колдоону, ушул аялдан өмүрү сезбеген мээримди табарын ойлогон эмес. Жашоодогу кыянаттыктан жадаган Байэл жакшылыктын көзүн ушул аялдан көрдү. Аиданы, анын уулун өзүнө жакын тутуп, бүгүн алар менен бир учакка отуруп жаңы жашоону көздөй сапар алды. Сырттан караган кишиге алардын учакта отуруп бара жаткан көрүнүшү бактылуу үй-бүлөнүн элесин берип турду...

(Аягы)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Paprikafm
2021-11-29 10:11:34
Бутту
+1
Gulina00
2021-11-29 11:06:07
Кызыксыз бутуп калды бир тууган экенин билиш кк эле кыз дагы.
+2
Ayzada_asanakunova
2021-11-29 14:17:44
Чыгарма жассанар жөн жазгылачы аягын эмне өзүбүз токуп коёлубу!
+6
BEKU.NUKU
2021-11-29 15:19:51
Ayzada_asanakunova,экөөбүз токуйт окшойбуз
+1
Birimdik5555
2021-12-06 00:47:50
Ии жакшы окубапмын
0
№ 990, 25-ноябрь - 1-декабрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан