ГҮЛЗАТ БАЙЗАКОВАГА ДУБАЙГА ЖОЛДОМО БЕЛЕК КЫЛЫШТЫ

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлзат Байзакова 23-ноябрда 56 жашка толду. Ырчы туулган күнүндө концертке аткаруучу эмес, көрүүчү катары барганын, эң жакшы күн болгонун айтат.

“Жакындарым менен “Эстебес” тобунун концертине бардым. “Эстебес” тобунда мыкты ырчылар бар экен деп жүрсөм, мыкты актёр, актрисалар дагы бар экен. Аалы Туткучов жетектеген концерт жогорку деңгээлде өтүп, эс алып келдим. Уулум “Эстебес” тобунда иштейт эмеспи, концерттин соңунда кучак толо гүл тартуулашты”,- дейт ал.

Андан тышкары уул-келиндери ата-энесине Дубайга жолдомо беришти.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 990, 25-ноябрь - 1-декабрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан