ДНК (аферист эркектин 2 аялы, алардын күлкүлүү окуяларын баяндаган сериал)

(Башы өткөн санда)

Түн бир оокумда келип ашканадагы татымалдар салынуучу идиштерди калдыратып жатканда Нурия уйкусурап кирип келди.

– Эмне эле издеп жатасың калдыратып?

– Эч нерсе. Уктай бер,- темир төрт бурчтуу идишке кол салып бурала байланган 5 миң сомдуктарды алып жатып сүйлөдү.

Нуриянын көздөрү чекчейе түштү.

– Каныбек... Бул эмне болгон акча?

– Кандайча? Кагаз акча...

– Темир эмес экенин көрүп турам. Мынча акча кайдан сенде?

– Банктан чечип келгем,- деп калп айтты.

– Түндө муну кайсы жакка алып барган жатасың?

– Бир дос бала процентке сурап жатат. “Көбөйтүп берем” деди. Жөн жаткандан көрө көбөйө берсин. Аа, баса, бул сага. Өзүңө жаккан кийимди алып ал,- Нурияга 20 миң сом карматты. Ал жылмайды да, кубанганын жашырбай күйөөсүнүн моюнуна асылды.

– Сен уктай бер. Мен кеч келем,- шаша-буша үйдөн чыгып кетти.

Жолдо бара жатып супермаркетке кирди да, тигил жакта ойнолуп жаткан картага оп-окшош карта сатып алды. Чоңураактарын өзүнчө жыйнап чөнтөктөрүнө салып алды. 3 туз бир чөнтөгүндө, 3 алты бир чөнтөгүндө. Таптакыр оюндан утулуп баратса байкатпай алып чыгып кырдаалдан чыгып кетүүнүн бир амалы.

ххх

Каныбек барганда оюн өтчү жерде эч ким калбаптыр. Килейген ангардын дал ортосунда акча үйүлгөн стол, анын жанында Маракент тамеки түтөтүп отуруптур. Жанында бойлору теректей спортчу жигиттерден үчөө турган экен.

– А калгандары кайда кетти?

– Баары утулуп бүттү,- деди Маракент көздөрүн жүлжүйтө тиктеп.

– Ошондо эмне ойнобой калдыкпы?

– Үйдөн алып келем деп сен кеткенсиң. Мен сени күтүп отурам... Мына акчаны санай элекмин. Миллиондон ашыгыраак акча турат. Ойнойсуңбу?

– Албетте,- колундагы таңгак акчаны столдун үстүнө коюп, өзү отура кетти.

– Баса, бул жигиттер менен таанышып ал. Белек, Козубек, Бакир...

– Каныбек. Таанышканыма кубанычтамын!

– Эми мындай, Каныбек. Сен экөөбүз кумардын кайфын түшүнгөн адамдарбыз. Кол келсе да, келбесе да утуп чыгып кеткен күндөр экөөбүздө тең болгон. Картаны жасап, колдогу кичинекей упайды, көбөйтүп алмайды жакшы өздөштүрүпсүң... Андайды мен да билем. Мен да жасап жүрөм. Бирок, байкасаң, андай оюнда кумар жок. Утарыңды билип алган кайфтын баарын өлтүрөт. Кумарды эмне пайда кылат? Белгисиздик... Тобокелчилик... Туурабы? Керек болсо ошол белгисиздик менен тобокелчиликтин кумарын сезүү үчүн өлүм менен да ойноп коюшат. Бир патронду барабандуу револьверге салат да, бир тегеретип жиберип чыкыйына басып көрүшөт. Барабандагы баягы жоболоңдуу жалгыз ок атылабы же атылбайбы? Мындайча айтканда, өмүрүңдү конго коёсуң. Ок атылса болду, жарыгың өчтү. Атылбаса жүрөгүң “дүк” эте бир булкуп алып, тирүү экениңди билгизип, каның башка тээп, денеңди адреналин аралайт. Эмне деген кайф ошол сезим?! Сөздү узартып салдым, ээ? Муну менен эмне айткым келет? Мен сен сыяктуу эле кумар кууган адаммын. Өзүмдөй кишилерди мен жазбай тааныйм. Мен, албетте, сага “орус рулеткасын” ойнойлу дебейм, бирок азыр таптаза оюн сунуш кылган турам. Картаны жасап коймой жок. Таптаза, белгисиздик... Кумарды кандыралы... Кандай дейсиң?

– Албетте, макулмун...

– Мына бул жердеги акчаны уттурсам да, уттурбасам да баары бир. Мага сезим маанилүүрөөк. Ошондуктан таптаза ойногонго убада берели бири-бирибизге. Ким убаданы бузса, мына бул турган 3 баатыр ким экенибизге карабай жанчып туруп, жардан алыс ыргытып жиберсин.

– Жарайт.

– Келе анда колду!

Маракент экөө кол алышты.

– Жигиттер, тарата баштагыла,- деди Маракент отургучуна жөлөнө. Белек деп тааныштырганы жапжаңы картанын кутусун ачып, таркатып жиберди.

– Уфф...- каны башына тээп кетти Каныбектин. Денесин аралаган толкундоо бир сыйра титиретип жиберди.

– Кетти миң...

– 3 миң кетти...

– О-хоо... 4 миң кетти!

Эмнегедир эле экөөнүн тең көңүлдөрү заматта көтөрүлүп чыкты. Каршы-терши акчаны ортого ыргыта беришти. Эшикте таң атканы да, күн батканы да билинбейт. Тиги жигиттер 2 оюнчуга суусундуктарды куюп, тамекилерин күйгүзүп кадимкидей кызмат кылууга өтүштү.

ххх

Тээ бир убакта гана көздөрү кутурган иттикиндей кызарган Каныбек акыркы акчасы гана калганын сезди. Мына баягы катып койгон 3 тузду же 3 алтыны чыгарчу мезгил келди. Кайсынысын чыгарса экен? 3 алты жакшы го. Тобокел кылганга жараша чоңураагы менен тобокел кылышы керек.

Кайрадан каршы-терши ортого акча ыргытууга өтүштү. Маракенттин да кайтчу түрү жок. Акчаны улам көбөйтсө да качпай койду. Акыры ачып берүүгө аргасыз болду...

– Мына,- деди Каныбек карталарын ачып. 3 алты бажыраят... Маракент аны жүлжүйө тиктеди адатынча.

– Таак...- эки жагын карап ойлоно түштү да, моюну талыган немедей башын эки жагына буруп баштады.

– Фортуна... Ээх, фортуна... Сени кимдир бирөө жетпес сүйүүсүндөй аздектейт. А кээ бири сени жеңил ойлуу бийкеч көрүшөт. Ээх, Каныбек, Каныбек... Фортуна сойку эмес да. Таза ойнойбуз деп убада бердик эле го? Кол бергенсиң! Эмне сага көз кыспай жаткан фортунаны алдап жатасың?- Маракент баш чайкады да, карталарын нааразы болгон түр менен стол үстүнө чапты. Анда да 3 алты. Каныбектин көздөрү караңгылай түштү... Даана өлдү. Могу эңгезердей 3 жигит сазайын гана берет.

– Байке... Мен... Мени кечирип коюңузчу...

– Кудай кечирет. А мен жазалайм.

– Байке? Мен...- сөзүн аяктаганча эле жанагы далдайган жигиттердин бири төш талаштыра тээп салды. Отургучу менен кошо артка кулап түштү.

– Жардамга-а!- бакырып жиберди. Өлтүрүп коёбу деп ойлоп кетти.

– Бас оозуңду!- былч эттире мурун талаштыра коюп салды. Мурдунан кан атып, алапайын таппай калды.

– Эмне шефти лох кылам деп ойлодуңбу?! Сендейдин далайын көргөнбүз... Кол алышкандан кийин таза ойно да!- жыгылып түшкөн жеринен жакасынан так көтөрүп тургузган Белек бакырды.

– Кечирип койгулачы! Косяк меники болуп калды... Косякты жабам!- жан соога сурагандай дале эмоциясыз көздөрүн жүлжүйтө тиктеп тамеки түтөтүп турган Маракентти карады.

– Кантип?- Маракент шашпай гана жаагын тырмап үн катты.

– Акча менен жабам. Сумманы айтыңыз, байке?

– 10 миллион...

Каныбек дендароо боло түштү. Кайдагы 10 миллион?

– Жаба албайсың, көрдүңбү? Сумманы айт дебе ошол үчүн. Бул сага сабак болсун. Ал эми косякты жабуу боюнча менде сага бир сунуш бар... Сенин жубайың аябай жакшынакай келин экен...- Каныбектин кулактары чуулдап чыкты. Аялын кошо уттуруп жибериптир дегендерди уккан мурда...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 991, 3-9-декабрь, 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан