“Досум Үсөн” тобунун негиздөөчүсү, “Ырдайлы кыргыз ырларын” долбоорунун түзүүчүсү Юрий Бобков Түркияга барып бутуна операция жасатып келди. Алдыда аны дагы бир операция күтүүдө. Ырчы менен ден соолугу, чыгармачылыгы жөнүндө сүйлөштүк.
– Саламатсызбы, Юрий мырза? Түркиядан жаңы келдиңиздер, операция кандай өттү?
– Саламатчылык. Операция жакшы өттү. Сол тиземе кемирчек коюп беришти. Тизелеримде кемирчек жок болуп, сөөктүн үстүнө сөөк туруп калган болчу. Операция жасалгандан кийинки күнү турам деп жатып туура эмес кыймылдап алып, тигилген жери ажырап кетти. Эртеси кайрадан операция жасашты. Азыр жакшы. Эми кийинки жылдын февраль айында оң бутумдун тизесине операция жасалышы керек.
– Элден акча чогултуп жаттыңыздар эле...
– Ооба. Кыргыз элиме ыраазычылык билдирем. Америкадан да чалып абалымды сурап, акча салгандар болду. Нью-Йорктон Ислам деген жигит 500 доллар которду. “Эмне мынча көп котордуң?” десем, “байке, бул эч нерсе эмес, сизге унаа алып берсе да жарашат. Сиз Кыргызстанга керексиз” деди. “Кудай шыпаасын берсин, чуркап кетиңиз” деген көп жакшы сөздөр жазылды. Бул сөздөр абдан дем берет экен. Ырчылар келип колдоо сөздөрүн айтып жатышты. Анжелика, Мирбек Масалиев келип, жардам беришти. Ырыскелди Осмонкулов “кайрымдуулук концертин коёлу” деген сунушун айтты. Мирбек Атабеков жолугуп, “концерт болот, ага катышам, бул менин кошумчам болсун” деп 500 доллар таштап кетти. Акинай Бекмурзаева деген ишкер айымды айта кетпесем болбойт, каражаттын өзөгүн ошол киши түзүп берди. 8 жылдан бери ооругандарды Түркияга алып барып дарылатууга жардам берип жүргөн Акылбек Исаков деген жигит менен тааныштым. Ал операциянын баасын 50 пайызга арзандатып берди. Бул жактан мени алып кетип, Түркияда да жардам берип жаныбызда болду. Операция негизи 12 миң доллар экен, мага 6 миң долларга жасашты. Мындан тышкары шеринелештер, эстрада жамааты, эл-журт, баарына ыраазычылык айтам. Биринчи кезекте акча үчүн эмес, элиме жакшы кызмат кылыптырмын, эмгегим талаада калбаптыр деп кубанат экенсиң. Элдин батасы, жакшы сөзү менен баары жакшы болду деп ойлойм.– Өзүңүздөр жашап жаткан үйүңүздөрдү сатабыз деп жаттыңыздар эле...
– Мен акча чогулбайт деп ойлогом. Анын үстүнө убада кылынган жерден акча болбой калды. Аялым “үйдү саталы, мага сенин ден соолугуң керек. Мындан кичинерээк үй алабыз” деп айтып жатып үйдү сатыкка койгонбуз. Бул операцияга эл жардам берди. Эми экинчи операция үчүн кайрадан элге кайрылып жардам сураган туура эмес да. Ошондуктан үй азыр да сатыкта.
– “Көп жылдан бери кыйналып жүргөм” деп калдыңыз. Бутуңузду эмне болуп оорутуп алдыңыз эле?
– 1994-жылы Бейшеке деген досум экөөбүз килейген карагай ташуучу унаа менен келатып бакты сүзүп алганбыз. Ошондо оң бутум жабыркап, операция жасалган. Андан бери сол бутума таянып жүрүп ага күч келип, кыскасы, эки тиземде тең кемирчек жок болуп калган. 5 жылдан бери кыйналып жүргөм. 2 жылга чукул болуп калды, рентгенге түшкөм. Врач “тез арада операция жасатыш керек” деди. Буга чейин кызыбызга 2 жолу операция жасаттык, өзүм үйгө кире бериштеги тепкичтен кулап кетип, оң ийинимден 3 жолу операция болгом. Бутума операция жасатыш үчүн Түркияга бара албай калам го деп көңүлүм чөгүп калган. Врачтар “башка эч нерсе кыла албайбыз, сөзсүз операция жасатыш керек” дешти. Чынын айтканда, ооруну басуучу дарылардын жардамы менен жүрдүм. Отурган жеримден араң турчумун.
– Ооруганыңызга карабай иштеп жаткан экенсиз...
– Ооба. Мен үйдөн чыга албайм да, кечээ “Ырдайлы кыргыз ырларынын” жамааты үйгө келип, жаңы жылдык программанын сценарийин түздүк.
– Бул жамаат менен бир туугандардай болуп калсаңыздар керек...
– Жамааттагыларды балдарымдай көрөм. Бул жакшы долбоор, аны жок кылбаш керек. Долбоор өлбөсүн деп убагында унаамды сатып, акчасын жумшагам. Долбоордун башында Кыргыз Эл жазуучусу Казат Акматов турган. 2000-жылы фестиваль катары өткөргөнбүз. Биринчи фестиваль болгондо катышуучулардын чогулуп жатканын терезеден карап туруп, ар кайсы жерден, ар кайсы улуттан болушса да бир туугандай кучакташып учурашып жатышканын көрдүм. Анан жүрөгүм жылып, “кой, бул керек экен” деп калдым. 2008-жылга чейин ойлонуп жүрдүм. Фестиваль жылына бир жолу гана болот, бул жетпейт экен, дайыма теледен чыгып турчу көрсөтүү тарталы деп ошол кездеги Улуттук телеканалдын директору Мелис Эшимкановго бардым. Ал дароо колдоду, “алгач пилоттук көрсөтүү тартып көрсөт” деди. Тартып көрсөттүм. “Кийинки көрсөтүүлөргө катышуучуларды кайдан табасың?” деди. Андан бери 21 жыл өттү, табылып эле келе жатат. Бул долбоордон канча жылдыз чыкты. Анатолий Цой, Силима, Раллия жана башка бир топ ырчылар менен мактансак болот. Көрсөтүүбүзгө 22 өлкөдөн катышуучулар келди, Жапониядан 50дөй, Индиядан 7-8 адам, Америка, Германия, Жаңы Зеландия, Кытай, Иран, Ооганстан, Куба жана башка мамлекеттерден келип катышышты.
– “Досум Үсөн” тобу тууралуу кеп козгобой койсок болбос. Бул жылы 50 жылдык мааракеңиздерди белгиледиңиздер. Топ дагы да чыгармачылыгын улантабы, кандай пландар бар?
– Түгөлбай Казаков айткандай, “Досум Үсөн” – кыргыз эстрадасынын фабрикасы. Топтогулар менен 5 жыл сайын концерт беребиз, майрамдарда чогулуп турабыз. 50 жылдыгыбызга карата мартта концерт өткөрдүк. Жакшы өттү. Президенттен, Маданият министрлигинен куттуктоо келди. Мындан башка да көп куттуктоолор болду. Топ мындан кийин да ишин уланта берет. Ден соолук болсо баары болот.
– Жакшы. Ден соолугуңуз жакшы болсун. Кийинки маегибизде чуркап жүргөн болуңуз.
Жогоруда айтылгандай, 2022-жылдын февраль айында каарманыбызга дагы бир операция жасалуусу керек. Жардам берүүнү каалагандар акча которушса болот.
Элсом: 0708 606870
Элкарт (KICB): 9417 0100 3389 9219
Optima Bank: 1091822000180171
Өздүк эсеп: 41718024103
Optima Bank картасынын номери: 4169 5853 4098 1116
Байланыш телефону: 0708 606870
Перизат Музуратбекова