АТ АРАБАДАГЫ СҮЙҮҮ (аңгеме)

Эмил шаардын ысыгына чыдабай эс алуу үчүн Ысык-Көлгө жөнөп кетти. Кээде адамды кандайдыр бир жол ээрчитип алат эмеспи, иш кайнап жатканда, редакциянын ишенимдүү журналисти туруп эле кетип калганын ким көрүптүр. Эмнеге баарын таштап кетип калганын өзү деле түшүнбөй калды. 16 жашынан 32 жашка чыкканга чейин шаарда жүргөн неме айылга эмнеге тартылды десең. Тагдыры айдап бардыбы...

Рюкзак көтөрүп, кепка кийген бойлуу жигит жолду бойлоп келе жаткан. Маршруттук таксиден түшүп калып, үйүнө чейин дагы бир топ жер басып бармак. Жанына ат араба токтоп калды.

– Асан абанын баласысыңбы?

Башын көтөрсө ат араба айдаган, жоолугун аркасына бекем байлаган толмочураак кыз экен. “Сен дейт го тим эле” деп ойлоду таң кала.

– Ооба.

– Силерден аркы көчөдө жашайм. Отуруп ал, жеткирип коём,- деди кыз өктөм. Арабага кык жүктөп бара жаткан экен, кантип түшөм дегендей буйдала берди.

– Отурасыңбы же кете берейинби?- деди кыз чырт эте.

– Аа, макул, отурам.

Кык толтурулган мүшөктөрдү күчтүү колдору менен ары ооната берген кыз Эмилге жер бошотту. “Каар заман” романындагы Ботокой Болток деген аялдын өзү экен” деп ойлоп алып бырс күлдү Эмил. Кыз курч каректери менен тиктеп калды эле күлкүсү учуп кетти. Жеткирип коюп кыз андан ары кетти. Кылчайып карап да койбоду. Короодон чыга калган апасы таң кала тиктеп калды.

– Эмил?

– Апа, кандайсыздар?

– Алдыңа кетейин, эртең менен эле видео чалуу менен сүйлөшпөдүк беле, келем деп айтып койбойт белең?- апасы башынан тегеретип суу чачып, өөп-жыттап калды. Кечке маал иниси менен атасы талаадан келишти.

– Шаардык жигит келип калган тура, кой соёлу,- деп атасы адатынча бакылдап жетине албай калды. – Деги эле жумуш күчөп жатканда ырас келбедиңби. Баары кычап жатат, атаң оозун урайындыкы. Эмил, Алмаш менен чогуу эртең менен мал базарга чыгып кел. Эки койду сатып, чөп чапканга бензин алыш керек.

– Ия, менби?- деди чочуган Эмил.

– Ой, жаныңда Алмаш бар. Сен караан эле болуп тур.

– Койгулачы тамашаңарды...

Тамаша эмес экенин таң атканда билди. Атасы таң азандан ойготуп, эки койду кошуп мал базарга жөнөтүп жиберди. Сыртка чыкса кечээги өзүн алып келген кыз.

– Алмаш, Эмил байкеңе жардам берип кой, ээ, кызым,- деди атасы.

– Макул, Асан аба, камсанаба.

Кыздын бирөөнү да “сиз” дебегенине оозу ачылды. Тарс-тарс кыймылдап, буйрук бере сүйлөгөнүнө бир таң калса, Алмашка эркектер сый менен кайрылып, ал тургай коркуп тургандай сезилгенине эки таң калды. Укпай көрүшсүнчү, Алмаш дегениң болгон мушташ өнөрүн үйрөнгөн кыз. Бирөө терс бир нерсе десин, тумшуктан ары коюп калгандан кайра тартпайт. Өзүнүн эки эчкисин арабага байлап, Эмилдин эки коюн өзүнө карматып койду.

– Ушу жерде турабыз. Койлорду мынчага сатабыз.

Эмилдин куйкасы эми чындап курушту. Өз коюн өзү сата албай эмне болуптур? Кызды укпай башка жерге барып туруп алды. Түшкө чейин койлорун өткөрө алсачы. Эки эчкисин сатып, Алмаш жанына келди.

– Сага эмес, Асан абага убада бергем,- деп күңк этти. Алеки заматта койлорду сатып, акчасын колуна карматты.

– Мен араба менен кетем, сен такси мененби?- деди Алмаш суроолуу карап.

– Араба менен эле кетем.

Арабада экөө үн катпай келе беришти. Эмилдин оюна бир нерсе түшүп, бырс күлүп жиберди. Кыз кылчайып карап калды. Каректери өтө курч эле, Эмил ыңгайсыз боло түштү.

– Тиги... эми тааныдым. Айгүлдүн сиңдиси Алмагүл турбайсыңбы ээ.

– Алмашмын!- деди тиги жактыра бербей.

– Классташымдын сиңдиси турбайсыңбы. Баса, ал кайда? Турмушка чыгып, бала-чакалуу болгондур?..

– 32 жашка чейин ким жүрмөк эле бойдок, 4 баласы бар,- деди ал.

– Мен жүрөм, эмне болуптур?

– Жүрө бер.

– Сен дайым ушундайсыңбы?

– Кандай?

– Орой.

– Болгонумдаймын, жакпасам түшүп кал.

Эмилдин оозу даана ачылды. Жай бою экөөнүн жолу көп жерден кесилишчү болду. Талаага чогуу чыгышат, картошканы чогуу сугарышат, чөп чабыкка чогуу барышат. Эмилдин дилине жат боло түшкөн айылдын турмушу Алмаш аркылуу жакын боло баштады. Кызга тартыла баштаганын башында моюнга алган эмес, кийин көрбөсө тыбырчылап кетип жатканын байкады. Кимге болсо да жардамга даяр, жүзүнөн мончоктоп тер агып жатса да “кыңк” деп койбогон, өктөм болгону менен, тереңинде аялдык жумшактыгы бар Алмашка эми суктана карачу болду. Алмаш өтө акылдуу болчу. Шаар, мамлекеттердин атын таап ойношкондо көптү билем деген журналист Эмил андан жеңилип калчу.

– Сен эмнеге окуган жоксуң, Алмаш?- деди бир жолу чын дилинен кейип.

– Атам үчүн. Апам каза болгондон кийин атам жалгыз калды. Үй-бүлөдө жалаң кыздарбыз, эркек жок. Атам дайыма “Алмашым үйдүн эркеги” деди. Эркек бала атасын таштап кетмек беле?.. Мен да кетпейм.

– Азыр окуйт белең?

– Кеч го...

– Кеч эмес, кетесиңби мени менен?

– Атамды таштай албайм,- деди оор үшкүрө.

– Күйөөгө тиесиң да, баары бир кетесиң.

– Бул айылдан мага күйөө чыкпайт го.

– Менчи?- деп жиберди Эмил. Бул сөз оозунан кантип чыгып кеткенин билбей калды. Алмаш ушундай бир кыжалат көз караш менен карап алып бети чоктой кызарып кетти. Шарт туруп басып кетти. Ошол боюнча Эмил менен жолуккандан качып калды. Кайдан төбөсү көрүнсө ошол жерден качып кетет. Эмил кызга көнүп калган экен, кадимкидей куса боло баштады. “Бул мени эмнеси менен байлап алды?” деп кайра өзүнө-өзү жини келет. Бирок тартат да, турат.

– Үйлөнөм!- деди ал айласы кеткенде ата-энесине.

– Алдыңа кетейин, ушу күндү күтүп жүрбөдүм беле? Качан? Кимге?- деди апасы.

– Алмашка!

– Кайсы?

– Силер билген эле Алмаш да!

Ата-энеси ооздорун ачып калды.

– Сен бала, соосуңбу?- деди атасы.

– Ооба.

– Келгениңе эки ай болду, качан Алмаш менен сүйлөшүп жетиштиң? Ал макулбу? Сенин шаарда ишиң бар, ал атасын таштай албайт, кандай жашоо болот? Баса, ал сага тиерин ким айтты, канча жуучу келди, макул болбой жүрөт го.

– Мага макул болот!- деп Эмил кетменин ыргытып басып кетти.

ххх

Бир күнү талаадан так алдынан чыкты. Адатынча Алмаш зыр коюп качайын деди эле Эмил тез барып колдон алды.

– Эмне керек сага?

– Сен керексиң!

– Сен мени эмне кылмак элең? Шаарыңа барганда унутасың. Мен сага оюнчук болгум келбейт.

– Жинди кыз десе, сен мени оюнчук кылдың го. Мен сени чындап сүйүп калдым. Сен башкачасың, мен көргөн-билген, китепте окуган, кыялданган кыздын эч бирине окшобойсуң. Ошо окшобогонуң үчүн сонунсуң! Үйлөнөлү, атаңа келип турабыз, кааласаң жаныбызга алып кетебиз.

– Чын элеби?

Кыз Эмилди таң кала тиктеди. Эмилдин ишенимдүү көздөрүн тиктеп туруп ийинине жөлөнө берди.

– Өх, чын эле таптым окшойт,- деп күбүрөгөн кыз көз жашын аарчый бактылуу жылмайып алды.

Асия Алиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
777888
2021-12-13 10:04:51
Сонун.
+1
zamir_kgz
2021-12-13 21:36:15
Мен устачылык менен алектенем, мамлекеттик иштен жадагам. Өзүмө өзүм шеф дегендей.Кээде уул баласы жок үйгө барып калсам, ашыкча жумуштарын колдон келишинче жардам кылып келем.
0
Turdueva
2021-12-17 01:22:17
Кыз сонун экен жакты окуп атып мендажактырып калдым Алмашты
0
№ 992, 10-16-декабрь, 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан