АК+КАРА (балеринанын тагдырын талкалаган ата-баланын баяны)

(Башы өткөн санда)

– Бир, эки, үч! Кана, биринчи позиция, экинчи!

Заңкылдаган мугалиминин үнүнөн башка эч кимди уккан жок Айсулуу. Машыгып жатканда оюнун баары бийде боло турган. Бир кезде өзүнө тааныш коңур үндү угуп кылчая калды. Атакеси! Кубанып кол булгалап жиберди.

– Кана, кыздар, 10 мүнөткө эс алгыла.

Мугалими Анварды көздөй басты.

– Саламатсызбы, Татьяна Ларова?

– Саламат. Биздин ийгиликтерге күбө болгону келдиңизби?- деди аял көпкөк көздөрүн күлмүңдөтө.

Улуту еврей, бирок Кыргызстанга ата-энеси менен турук алып калган бул аял мыкты балет мугалими болчу. Айсулуу анын жакшы көргөн окуучусу.

– Питерге барганы жатыпсыңар...

– Ооба, эл аралык масштабдуу сынак. Буюрса, биринчи болууну көздөп турабыз.

– Айсулууну сизге ишенип тапшырам, бирок өзүңүз билесиз, өтө ишенчээк. Сизге гана ишенем. Аны көзүңүздүн карегиндей сактайсыз деп ишенем.

– Ооба, ишенчээк кыз. Мен “азыркы заманда жаңылыш төрөлүп калыпсың, кызым, сендейлер өткөн кылымда калган” деп көп айтам. Күлүп калат. Бирок мага ишениңиз. Көзүмдүн карегиндей карайм.

– Мага койсо барбай эле коюшун каалайт элем. Мынча даярдыктан кийин жолун тоскон болбойт го...

– Эмнеге антесиз? Айсулуу, буюрса, прима балерина болот. Сиз тараптан колдоо болушу керек. Баса, Альфия Насырова келип турчу эле... Ден соолугу жакшы элеби, такыр жолобой калды?

– Альфия жакшы эле, бир аз сасык тумоолоп...

Анвар аялы тууралуу сөз болгондо жүзү суз боло түшөт. Айсулууну эжейине табыштап коюп үйүнө жөнөдү. Ушул аптада боло турган олуттуу операцияга даярданышы керек. Китептерди бир сыйра окуп чыгышы, профессор Исманов менен жолугушу керек. Керек, керек, керек. Олуттуу операция жасаар алдында ушундай абалга кептелип калат. Үйүнө кирип аялы бөлмөсүндө экенин байкады. Мындай учурда үйдө болчу эмес, эмнеге келип калды экен? Кайра эшикке чыгып кеткиси келди. Андан көрө кеткиче таза абада дем алып турса. Эшикти кармап туруп калды. Альфия анын оюндагысын окуп койду. Окуйт да, албетте, 22 жылдан бери чогуу жашаса...

– Кетем азыр, жылан көргөндөй жыйрыласың го.

– Альфия, мен эртеңки операцияга даярданышым керек.

– Аның чын, сен ишиңден башканы качан ойлончу элең?

Аял ашканага кирип чай койгону камынган күйөөсүн тиктеп турду. Терезеге барып отурду да, тамекисин түтөтүп кирди.

– Балконго чексең болбойбу тамекиңди?

– Жок, ушул жер ыңгайлуу мага...

– Өзүң бил...

Анвар ийинин куушуруп койду да, жумуртка кууруп, кофесин даярдай берди. Альфия акырын үн катты.

– Сен эмнеге жалгыз мага күнөөнүн баарын оодарып койдуң?

– Эч кимге оодарбай эле турам.

– Сен кандай күйөө болдум деп ойлойсуң?

– Баштаба, биз ал этаптын баарын өткөнбүз. Тамагымды ичип алып туруп кетейин, жайыма кой.

– Жок, жооп берчи, эмнеге сен эле апакай, мени көмүрдөй кара ойлоп алдың? Менден жийиркенип, көргүң келбей башыңды чулгуганыңды айтам да. Баары бир дечи мага. Бирок күлкүм келет.

– Кандай ойлосоң ошондой ойлой бер.

– Жашоодо ак жана кара жанаша жүрөт. Жашоодо эле эмес, адамдардын ичинде ак менен кара аралаш. Болгону ким караны көргүсү келет, ким акты көргүсү келет. Сен мени капкара кылып көргүң келсе...

– Ооба, сен сүттөй аксың,- деди какшыктаган Анвар.

– Анвар, сен мен каалаган нерсени бере алдыңбы? Өзүңө ушул эле суроону берип көрчү. Мен каалаган жашоону бердиңби? Дайым маянадан маянага сүйрөлүп жүрдүк, араң ушул батирди алдың. Айдаган машинең канчанчы жылкы...

– Адамдар эмне каалаганын кээде өздөрү да билбейт,- деди Анвар.

– Ошол үчүн сени менен талкууга түшкүм келбейт. Жайыма кой, курсагымды тойгузуп туруп кетейин.

– Мен жашоодон эмне каалайм билем. Ошол жашоону сен мага берет деп ишенчүмүн. А сен? Сенин жаныңдагыларды карачы, мингени кымбат баалуу машине, чет өлкөгө эс алышат, акчаны уучтап жүрүшөт. Башың иштебесе, колуңдан келбесе бир жөн, сенин талантың менен...

– Мен ушумун! Мен ушундай эле жөнөкөй үйдө, жөнөкөй өмүр кечиргим келген, колумдан келгенин адамдар үчүн жасагым келген бир адаммын. Сен ийгилик деп жаткан нерсе мен үчүн ийгилик эмес. Кааласаң келесоо де, кааласаң философ де, кааласаң лох де. Бирок мен ушумун! Башкача боло албайм. Жаны көзүнө көрүнүп турган адамдан “акчаң болбосо операция жасай албайм, сени дарылай албайм” дей албайм. Адамдардын акыркы акчасын тартып алып ошого жыргап жакшы үй, кымбат машине албайм. Сен бриллиант тагынышың үчүн мен абийиримди булгай албайм. Сен мени менен жыйырма жылдан ашык жашап ушуну түшүнө албасаң анда...

– Сен андай болсоң, мен башкачамын. Мага байлык, бийлик, бриллиант, акак, баары керек!

– Керек болгон нерсеңди алдың да. Жайыңа койдум, дагы эмне керек?

– Анда менден жийиркенип мурдуңду чүйрүбө! Апакай боло бербе! Кызыңды да өзүңдөй идеалист кылып тарбиялаба!

Анвар илбирстей ыргып турду. Альфиянын маңдайына келди да, ызырына сүйлөдү.

– Айсулууга кир дүйнөңдү көрсөтпө. Ага башка бир жол көрсөтө турган болсоң ошондо эч нерсеге карабайм! Сага чыдап жатсам Айсулуу үчүн! Айтып коёюн, кызыма бир нерсе болсо, сени, сенин жанагы итиңди, бүтүндөй дүйнөңөрдү өрттөп жиберем! Уктуңбу? Биз сүйлөшкөндөй болот баары, Айсулуу быйыл институтка өтөт, ошондо тынч ажырашабыз! Ага чейин дымыңды чыгарба. Бир нерсе дей турган болсоң аяп койбойм.

Анвар сабырдуу, бир калыпта жүрө берген, жоош адам. Бирок чындап жини келгенде эч нерседен кайра тартпайт. Альфия муну билчү. Анвардын жашоосунда жалгыз шооласы кызы экенин да билет.

– Ооба, баары сен айткандай болот,- деди ал.

ххх

“Айсулуу, бүгүн экөөбүз өзгөчө ресторандан тамак ичебиз. Машыгуудан кийин такси менен кел”. Апасынан келген СМСти окуган Айсулуу шашыла кийимдерин чогулта баштады. Жарым саатка жетпей шаардагы эң кымбат ресторандын жанына келди. Үчүнчү кабатка көтөрүлүп апасын көрдү.

– Апа-а!- деди кучактай калып.

– Кызым менин, туулган күнүң менен!- деди чоктой кызыл гүлдөрдү сунуп.

– Рахмат!

– Бул дагы сага.

Кутунун ичинде бриллиант көздүү иймекти көрдү. Баасын көрүп кыздын көздөрү чекчейип кетти.

– Апа, мынча кымбат... Мага эмне кереги бар мунун?

– Чоңоюп калдың, кызым, кымбат тагынбаганда...

– Машыгуудан түшүрүп алсамчы?- деди кыз көздөрүн алайтып.

– Сен муну машыгууга тагынбайсың да...

– Баары бир, апа, мага али эрте. Сен муну өзүң эле тагын.

Уф, атасынын кызы. Так атасындай жашоонун жыргалын билбей жашап өтүп кетет окшойт...”- жини келген Альфия ушинтип ойлоду. Бирок бул жолу маанайын бузгусу келбеди.

– Макул, азыр тагынбасаң кийин керек болот, мен катып коём.

– Өзүң тагына бер, апа, билесиң, мындай нерселерге кызыкпайм. Тамак заказ кылдыңбы? Ачкалыктан ичим жабышып калды.

– Кемпирдей сүйлөйсүң...

– Кемпир тарбияласа ошентип сүйлөйм да,- деди күлгөн Айсулуу.

– 13 жашыңа чейин эле...

– Это целое детство, мамочка,- деди кызы. – Ошол кездерде балдар сени “мына бул сенин чыныгы апаң, Альфия сени төрөгөн” десе такыр ишенчү эмесмин. Анткени сен кар ханышасындай сезилчүсүң. Сулуу, ошондой сүрдүү... Сенин кызың экенимди билгенимде...

Айсулуу апасына карап ичиндегисин божурай берди. Ичинде кенедей бир арамдык жок, дүйнөгө таптаза караган кызынын көздөрүнөн көзүн ала качты. Жүрөгүнүн тээ бир түпкүрүндө өзүн күнөөлүү сезди. Тамак жеп жаткан кызынын табитине суктанып карап отурду.

– Айсулуу, силерге диета деп айткан жок беле? Жакында Питерге кетесиңер. Анча көп тамак жебе.

– Мен салмак кошпойм, апа, Ларова билет, башка кыздарды катуу кармайт, бирок мага унчукпайт. Ошол үчүн бүгүн эмне заказ кылсаңыз баарын жейм,- деди күлө караган кызы. – А баса, атам келди бүгүн, мугалимдер менен сүйлөштү. Эмнегедир мага кыйналып жүргөндөй сезилди.

– Хм...

– Апа, атама эмне болгон?

– Билбейм, кызым, жумушунда маселе бардыр...

Кызы менен кобурашып отуруп башын көтөргөн Альфия кирип келе келе жаткан Аскарды көрдү. “Кызым менен отурам, жакын келбе” деп телефон чалайын деди, бирок жетишпей калды.

– Салам,- деди ал. Аскар бул жерге көп келе турган. Бир адам менен кезиге турган болуп ушул ресторанга келген.

– Салам,- деди аргасыз күлгөн Альфия. Энелик инстингби же алтынчы туюм мененби, кызына коркунуч туула турганын сезгендей ордунан тура калды. Денеси менен калкалай берди. Аскар артыла берип Альфиянын каршысында отурган кечээги кызды көрдү. Узун моюну, бакырайган таптаза каректери, койкойгон дене мүчөсү өзгөчө эле. Аскардын көздөрү күйүп кетти...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
gukush_92
2021-12-20 16:44:13
Башталганда эле бүйүрдү кызытып баштады го. Биринчи сериясын окуп эле кийинкисин кутуп калдым. Соонун
+1
№ 993, 17-23-декабрь, 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан