ДНК (аферист эркектин 2 аялы, алардын күлкүлүү окуяларын баяндаган сериал)

(Башы өткөн санда)

Нурия көп кабаттуу үйдүн алдына келип, подъезддин темир эшигин кимдир бирөө ачып жиберишин күтүп турган. Ал ушинтип улам бир үйгө кирип Каныбекти издеп баштаган. Баягы Айша менен Каныбек отурчу кафенин жанындагы 9 кабаттуу эки үйдү карап чыгуу үчүн эле 2 күн кетти. А бул учурда ал издеп жаткан Каныбеги өлкөдөн жылт коюп кеткендир. Ким билсин?..

Темир эшик качан ачылат деп көздөрүн албай тиктеп турган маалда кимдир бирөө унаасынын сигналын басты. Чочуп караган келин арыда кара БМВда кечээ эле анын атасы оозу-мурдун скотчтоп кайра коё берип жиберген Белек отуруптур.

– Бери бас!- деди Белек терезеден башын чыгарып.

Кыз бурулуп кетип калмакчы болгон. Бирок Белек “Эй, сенин күйөөңдү күтүп отурам, кел” дегенде аргасыз кара унааны көздөй басты.

– Отур,- деди Белек кара көз айнегин чекесине көтөрүп.

– Эмнеге?

– Кааласаң ошол жерде туруп тур. Ар бир үйгө кирип күйөөңдү издеп жатканыңды көрүп жатам. Бирок... Акыркы жолу анын ушул үйгө кирип кеткенин көрүшүптүр. Мен күтүп отурам...

– А балким, бул жакта эмес болсочу? Силер ар бир үйгө кирип текшерген жоксуңар да...

– Сага ар бир батирдин ээси чыгып бул жерде жок деп жатышабы?

– Ооба...

– Ачпай койгон батирлер бар да, ээ?

– Ооба.

– Балким, сага жок дедиртип коюп Каныбегиң бир батирде отурган болсочу? Же ачпай койгон батирде Каныбек отургандыр? Сен так билген жоксуң да, туурабы?

– ...

– А бул жакка кирип кеткенин ишенимдүү эле адамдар айтышты. Ал акыры чыгат бул жактан. Ачка болгондо чыгат. Мен деле сага окшоп ар бир батирди карап чыгам. Бирок азыркы адамдарың аябай “паникёр”, милиция чакыртып, ызы-чуу кылып жибереби деп турам. Аны акырын гана алып кетиш керек. Кылдаттык менен...

– ...

– Машинеге отур. Чогуу күтөбүз кааласаң...

Нурия эки тарабын элеңдей карады да, анан унаага отурду.

– Канча күтөбүз эми?

– 1 күн... Балким, бир жума...

– Аны кармасаңар эмне кыласыңар?

– Билбейм, чынын айтсам. Шефке алып барабыз. Ал эмне кылса ошо кылсын.

– Арзыбаган акча үчүн эле артынан түшүп, адамдын айласын кетиргениңерди түшүнө албай жатам.

– Арзыбаган болсо төлөп кой да карызын. Ким тоскоол болуп жатат?

– Эмне, шефиң ушунча майда кишиби? Жөн эле кечип салсынчы! Сен жазага деле татыксыз бир байкуш турбайсыңбы деп салса болот да, туурабы?

– Туура... Бирок дал ушул Каныбекти таап келгиле деп менин шефим да жабышты да, калды. Билбейм эмнеге? Балким, экөөнүн чечилбеген маселелери бардыр. Чипсы жейсиңби?

Белек сунган чипстерди алды Нурия. А жигит болсо артынан эле суу сунду.

– Отура бергенден тажайсың. Эрмектеп тур. Кааласаң укта. Чыгып калса ойготуп коём,- деди Белек.

– Кайдагы уйку?!- кыз нааразы боло чипстерди кытыратып жеп баштады.

– Кашайып келип ушул аферистти сүйүп калганыңа өкүнүп жатасыңбы?

– Сенин ишиң эмне?

– То-олтура жигиттердин арасынан тандап туруп тийсең. Аның аферист болуп калса... Бул деген миллион доллар таап алып, эми эле бир Ламборгини алайын десең, акчаңдын баары жасалма болуп калгандай эле да, туурабы?!

Нурия ачуулана Белекти карап койду.

– А сен үйлөнгөнсүңбү?- кыз жигиттен сурады.

– Жок... Кыздарга убактым жок менин. Анын үстүнө “достойный” кыз жок.

– Ыя де?!

– Апам бүркүттү тооктор үчүн төрөгөн эмес!

– Омий! Сен “самооценка” көтөрүүчү курс ачышың керек экен. Каяктансың деги? Өпкөң сыртка эле чыгып кетейин дейт турбайбы?!

– Хе... Кыргызстанданмын!

– Кыйраттың.

– Тамашалап жатам да. Тетиги күйөө сөрөйүңдү күтүп отура берип тажагам. Сен келип сүйлөшкүм келип баштады.

– Сүйлө анда?

– Каныбегиң деле мээси жок неме экен. Балдарын таштап... Кармаларын деле билет. Качып жүрөт. Кармалгандан кийин эмне кыласың? Кайра тиесиңби ушуга?

– Сен эмне, Андрей Малаховсуңбу?

– Жок.

– Анан эмне бирөөнүн турмушуна мурдуңду тыгып жатасың?

– Турмуш деп... Силердики турмуш эмес. Силердики “мексиканский сериал” болуп кетти. Мындай нерсе баарына кызык. Негизи эле мен ушул кыргыз аялдардын кызыл сызыгы кайсы жерде болот болду экен деп ойлоно берем.

– Ал эмне дегениң?

– Кыргыз аялды күйөөсү 60ка чейин эле токмоктоп келаткан болот. Тиги кетпейт. “Кой кокуй, ушул өзүмдүн абышкам, жаман-жакшыны чогуу көрдүк. Бул ичип алганда эле ушундай, негизи жакшы киши” деп актай берет. Же болбосо үйдөн кетип калып, эркек башка жактан аял алып алат. Ташталган аялы болсо “кайтып кел, кечирем” дейт. Мурунку аялыма кетейин десе, жаңы алганы “кетпе, сени мен эле бактылуу кылам” дейт. Баягы эки кыргыз аялдын талашканы – аягы суюк эркек...

Эки эле мисал келтирдим. Бул кыргыз аялга кандай жамандык кылсаң көңүлү калат негизи? “Кызыл чектен өттүң, акмак. Эми өлүп кет” деп басып кете турган убакыт эркек эмне кылганда келет?

– Сен чындап эле ушундай нерселер тууралуу ойлоносуңбу?

– Эми просто айланамдагы аялдарды карап анан ойлоном да. Апамды, жеңелеримди, сени карап туруп ойлонгондогум. Эмнеге эле мынча азаптана бересиңер? Көк мээ экенин билдиңби, “пошёл на...” деп кетип кал эркектен. Же жаныңдан кууп жибер! Мына сен Каныбекти эмне издеп жүрөсүң?

– Жооп алыш үчүн...

– Хе... Сен чынында анын кечирим сурашын үмүт кылып издеп келдиң. Муну азырынча моюнуңа албайсың. Бирок ал маңдайыңда туруп "кечирип койчу" деп байкуш болуп койчу болсо болду... Сен анын башын жөлөп, аны колдоп баштаганга макул болосуң.

– Сен аны кайдан билесиң?

– Хе... Кайдан билмек элем? Мени да сага окшош жумшак мүнөздүү аял төрөп өстүргөн. Кыргыз аялдар, баарыңар эле окшош болосуңар.

– Далдалактап эле кирип келип чоң чыгып жүрсөң, сени бир зөөкүр экен деп ойлопмун.

– А көрсө, “красавчик” бекенмин?

– Укмуш!- Нурия какшыктады.

– Абайла, тиги күйөө сөрөйүңдү мени менен чогуу күтөм деп отуруп кайра мени сүйүп калба!

– Уфф... Сениби?

– Мени сүйүп калган кыздардын баары башында “уфф, сениби?” дешкен болчу...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
nuraiym_kenzhebaeva
2022-01-03 09:52:38
ДарияНурияКаныбек
Сонун! Балким, сериал кылып тартса болор беле...
0
Ayzada_asanakunova
2022-01-03 11:35:29
nuraiym_kenzhebaeva,уже адашып калдым Дария мурунку аялыбы 2баласы менен Нурия жаңы аялыбы?
0
№ 995, 30-декабрь - 6-январь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан