"КҮТКӨН СҮЙҮҮМ ЖАҢЫ ЖЫЛ МЕНЕН КЕЛДИ...”

Ар нерсенин өз убактысы бар. Биз ага карабай эле шашыла беребиз. Чынында, убактысы келбеген нерсе канча аракет кылба баары бир болбойт деп билем. Жакындарым 22-23 жашымдан баштап эле мени турмушка берүүгө ашыкчу. Алардын эки сөзүнүн бири эле “жигит менен таанышып, сүйлөшсөң боло, жашың өтүп баратат” деген болчу. Башында айтышса бир аз ойлонуп калчумун. Алар айткан айрым жигиттер менен таанышып да көргөм. Көңүлүмө жакпаган адам болгондуктан эч бири менен мамиле түзгөн жокмун. “Жакшы баланы кетирдиң, үйү бар, иши бар, башка эмне керек эле?” деп мени канча жаман көрүп жүрүштү. Убакыттын өтүшү менен алардын мындай сөздөрүнө көнүп, реакция деле кылбай калдым. Кулагымдын сыртынан эле кетет.

Мен башынан эле көпчүлүк учурда өз дүйнөмдө өзүм бактылуу болуп жалгыз жүрө берчүмүн. Бирок жанымда жандап жүргөндөр жок болгону менен, ичимде кимдир бирөө жашачу. Жашоодо ошол адамды жолуктургум келчү, издечүмүн. Өз чөйрөмдөн, туугандардын “тааныш, сүйлөш, жакшы бала” дегендеринен дагы ал адамды кезиктире алган жокмун. Өзүмдүн адамымды күтүп жүрө бердим. Ал мени кайда барсам коштоп жүргөндөй туюлуп мага ушунчалык дем берчү. Андыктан өзүмдү эч качан жалгыз сезчү эмесмин. Бир күнү кубанычым ичиме батпай дердеңдеп сүйүнүп үйгө келдим.

– Апа, мен Түркияга бюджеттик негизде окууга өттүм.

– Аны эмне кыласың? Түркияда эмне бар? Буга чейинки окуганың деле жетишет го,- күйүп турган отко суу сепкендей эле болду. Бирок моюн сунуп отуруп калбайт элем.

– Бул окууну сөзсүз окушум керек. Мен муну көптөн бери көксөп жүргөм, буга канча ирет аракет кылдым. Мени үйдө отургузуп эмне кыласыздар?

– Түркияга кетсең жаштыгың өтүп кетет, ушинтип жалгыз жүрө бересиңби?- деп Бишкектен бир жакка кетсем эле өмүр бою жалгыз калчудай баары бир беткей ызылдашты. Биздин үйдүн эң глобалдуу маселеси мени күйөөгө берүү болчу. Алар бул маселени ары-бери жагынан көтөргөнүнө карабай мен даярданып Түркияга сапар алдым. Менин көнбөсүмдү билген алар акыры бата берип мени узатышты.

Стамбулга келип жайгашып, окуум ойдогудай болуп жатты. Англис, түрк тилин жакшы билгендиктен, ал жактан кыйналган деле жокмун. Убакыт билинбей өтүп декабрь айы аяктап калды. Мезгил кыш болгону менен, кар жок, Бишкектегидей жаңы жылдык маанай жок. Мага Жаңы жыл күнү кардын жаап турганы аябай жакчу. Стамбулдун көчөлөрүндө сампарлап жааган кардын коштоосунда бассам деп ичимден самап жүрдүм.

31-декабрь дем алыш күнгө туш келип, окуудан бош болуп калдык. Адатта дем алыш күндөрү түшкө чейин уктаган мен, эмнегедир бул күнү эрте турдум. Жыл сайын үй-бүлөбүз менен чогулуп тоскон майрамга көңүл кош карай албадым. Бөлмөнү жыйнап жалгыз болгонума карабай жаңы жылдык маанай түзгүм келди. Үйдү кооздочу каражат, дасторконго азык-түлүк алып келейин деп дүкөнгө жөнөдүм. Сыртка чыксам күн бүркөлүп, асманды булут басып калыптыр. “Оо, бүгүн кар жаайт окшойт” деп кудуңдап сүйүнгөн бойдон дүкөнгө жетип бардым. Алчу нерселеримди бат-баттан ала коюп эле кетем деп келгем негизи, бирок аны-муну кармагылап көпкө жүрүп алдым. Дүкөн кыдырып жүрүп бир тааныш жүздү учуратып калдым. Кайдан көрдүм эле деп эки-үч ирет бурулуп карап да алдым.

– Кыргыз окшойт, ошого жылуу учурап жатса керек. Бирок аябай тааныштай болуп жатпайбы, балким, Бишкекте бир жерден көрүшкөндүрбүз?- деп өзүм менен өзүм сүйлөшүп коём. Таттуу алайын деп таттуулар турган тарапка барсам жанагы жигит дагы ошол жакта жүрүптүр. Ал да мени жалт карады, көздөрүбүз чагылыша түштү. Мен уялып бир тортту кармалап калдым. Жаныма басып келгенин байкаган эмесмин.

– Сиз кыргызсызбы?- десе мен чочуп кетип, кармап турган торт жерге кулап түштү.

– Акчасын мен төлөйм,- ыңгайсыздана жан талашып тортту жерден алды.

– Ооба, кыргызмын.

– Кубанычтамын, атым Эмир.

– Айсере,- кол алыштык. Бөтөн жерде жүргөнгөбү, айтор, кыргыз жигитине жолугуп калганыма тымызын кубанып жаттым.

– Кыргызстандын кайсы жагынан болосуз?

– Атам Жалал-Абаддан болот, бирок Чүйдө турукташып калган. Кыскасы, Чүйдөгү жалал-абаддыкмын,- деп күлдүм.

– Мен Баткенден, Сүлүктүдөн болом. Убактыңыз болсо, тиги кофейняга кирип кофе ичүүгө кандай карайсыз?

Макул болдум. Баягы кулатып жиберген торттун акчасын төлөп коюп, кофе ичкени жөнөдүк. Кеңири таанышып, сүйлөшүп кеттик. 30 жашка чыгыптыр, аны дагы үйүндөгүлөр үйлөндүрө албай убара экен.

– Бул жакта эмне иш кыласыз?

– Дарыгермин, келгениме 3 жылдай болуп калды.

– Кесибиңиз менен иштеп жатасызбы?

– Ооба, Сакаряда ооруканада иштейм. Стамбулга жакын эле, бир сааттык жол десем болот.

– Жакшы экен. А мен үйдөгүлөрдүн көнбөгөнүнө карабай окуйм деп келип алдым. Алар мени күйөөгө бере албай убара.

– Көңүл бурба, алар эски каада менен көнүп калышкан да. Үйдө жалгызмын, жалгыз болсом деле жаңы жылдык маанай түзөйүн деп керек-жарак алганы бул дүкөнгө келгем.

– Мен дагы жалгызмын, менин да бул дүкөнгө келген максатым ошол болчу.

– Издешпей табышканбыз го,- деп күлүп калды.

Көп адамдар менен минтип сүйлөшө берчү эмесмин. Бирок жаңы эле таанышып жаткан баткендик жигит эмнегедир чоочун болгон жок. Жылдызыбыз келишкенгеби, Жаңы жылды бирге тосмой болдук.

– Кел, Сакаряга барып меникинде тосолу.

– Меникинде эле тосолу, Сакаряңызга эмне бар? Мен бул Жаңы жылды Стамбулда тоскум келген.

– Андай болсо Стамбулда тосолу,- менин айтканыма көндү. Жаңы эле таанышканыбызга карабай көптөн берки достордой кеңешип азык-түлүк алып жүрдүк.

– Быштак менен тортту жакшы көрөм. Сиз жей бересизби же башка алалыбы?

– Мага да быштак менени жагат. Экөөбүздүн табитибиз дээрлик окшош экен. Кийинкисин сурабай эле ала берсең болот,- жылмая жаныма келди.

Үйгө келип экөөлөп үйгө мишураларды илип, тамак-аш даярдадык, тамактандык. Кечинде мен күткөн кар жаап баштады. Ушунчалык бактылуу болуп, кийинип көчөгө жөнөдүк. Бир аз баскандан кийин ал мени карап колун сунуп, колуңду кармасам болобу дегендей ишарат кылды. Колумду ага сундум. Стамбулдун кууш көчөлөрүн аралай бара жаттык. Акыры деңизге чыктык. Кар жаап жатканы менен, шамал жок. Деңиз мелмилдеп тынч жатыптыр. Деңиздин жанында мен кандай эргип турсам, ал дагы менден кем калышпайт. Мелмилдеп турган деңиздин жээгинде биз бири-бирибизге сөз айткан жокпуз. Көздөрүбүз сүйлөп, көздөр түшүнүшүп жатты. Мен мындай көз караштар кинодо гана болот дечүмүн. Көрсө, жашоодо деле болот экен. Мен аны жашадым. Ошентип бул Жаңы жыл жашоомдогу өзгөчө Жаңы жыл болду. Биздин жолдор ушуну менен бирикти. Көп кызыкчылыктарыбыз дал келди. Өзүмдүн толкунумдагы адамды кезиктиргениме Кудайга миң мертебе ыраазы болуп турдум.

Сүйгөн адамым менен деңиз жээгинде сейилдөөнү кыялданып калар элем. Кыялым орундалды. Деңизге кийин дагы көп жолу келдик. Бир күнү ал менин бактылуу көздөрүмө тоё карап:

– Мени менен бул өмүрдү бирге сүрүүгө макулсуңбу?- деп чөнтөгүнөн шакектин кутучасын алып чыкты.

– ...

Үн деген жокмун. Болгону көзүмдү жумуп баш ийкедим да, анын моюнуна асылдым.

– Эх, буюрса, бактылуу күндөрүбүз али алдыда,- деп жылмая карап ийинимден тарта өзүн ыктай кучактады.

– Бул күндөр узак болсунчу.

– Ар бир учурду бактылуу өткөрүү экөөбүздүн колубузда,- колумду кармап экөөнү алмак-салмак өөп койду.

Ошентип мен өзүмдүн канча жылдар күтүп жүргөн адамымды жолуктурдум. Ал мага Жаңы жыл менен келди. Андан бери биз бактылуу күндөрдү кечирип жатабыз. Турмушка чык дегендерди узакка күттүрбөй Бишкекке келип баш коштук. Ал дагы мага окшоп той-топур, ызы-чууну жактырбайт экен. Бирок бир күн чыдап ата-энебиз каалаган тойду өткөрүп бердик да, жолдошумдун жумушу, менин окуум болгондуктан бат эле Түркияга кетип калдык. Бир толкундагы адамдардын жашоосу жеңил болобу дейм, балким, экөөбүздүн баалуулуктарыбыз бир болгонгобу, ынтымактуу жакшы жашап жатабыз. Азыркы тапта Стамбулдан чакан батир алдык. Чакан болгону менен, өтө жайлуу. Кызыбыздын кылыгына суктанып, бизди табыштырган Жаңы жылды дагы да тосууга даярданып жатабыз. Жаңы жыл биз үчүн өзгөчө майрам. Мени ошол жылы Стамбулга келтирген тагдырга, жолдошума кезиктирген ошол Жаңы жылга ар дайым ыраазымын.

Айсере

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Turdueva
2022-01-03 11:46:18
Романтика бактынар узак болсун
+2
raikakyz
2022-01-05 01:59:41
Turdueva,+ басмакмын негизи.
-1
Asyl.jazi
2022-01-03 12:21:44
Сулукту дейби? Ким экен аа?))))
0
№ 995, 30-декабрь - 6-январь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан