«КЕЛИНИМДИН ЖОРУКТАРЫ ЖАНГА БАТТЫ»

Балам 19 жашында үйлөндү, келиним баламдан 3 жаш улуу. Негизи баламды үйлөндүрүү оюмда жок эле. Андан улуу эки агасы үйлөнө элек болчу, шашпай 25-26га чыкканда үйлөнтөбүз го дечүмүн. Анын үйлөнүүсү күтүлбөстүктөн болду. Бир күнү балам:

– Апа, үйлөнүшүм керек, мени үйлөнткүлө!

– Кокуй күн, эмне болду? Азыр сага үйлөнгөнгө эрте.

– Жок, мени үйлөнтүшүңөр керек, сүйлөшкөн кызым кош бойлуу. Аборт жасатканга да кеч болуп калыптыр. Ата-энеси өп-чап турмушта айылда турушат, менин балам көчөдө төрөлөбү?

Балам экөөбүз талашып-тартышып отуруп чоң той бербей эле кыргыз каадасы менен келинди үйгө киргизип алалы дедик. Чоң той бергенге шартым да жок эле. Жалгыз бой энемин, мугалим болуп иштейм. Үч студентти багам. Келиним Жылдыз маңдайы жарык сыпайы кыз экен. Орус мүнөз, шайыр келин болчу. Кызмат кылдыртып кайненелик кылган жокмун, өзү 5 айлык кош бойлуу болсо, окуусунан чарчап келсе деп кечки тамакты да өзүм жасап койчумун. Адамга жакшы мамиле кыла берсең көндүм адат болуп, аны кылбай койсоң билинип баштайт эмеспи. Бир күнү келиним:

– Тамак ичкен идишин жууп коюшпайт, кийимдери чечкен жеринде калат!- деп идиш-аякты калдыратып сүйлөнүп калыптыр.

– Эмне болду, айланайын, кабак-кашың жазылбай, ботом, эркек балдар да, ошентип жыйнабай коюшат. Мен өзүм жыйнайм, берчи,- деп колундагы жыйнап жаткан кийимдерин тартып алдым. Кош бойлуу, төрөйүн деп калды, ушул кезде аял киши чыргоо болуп калат деп көп жолу жоруктарына көз жумдум. Токтолгон жок, мурунку кыял-жоругу эки эселеп көбөйүп жатты. Көз жарды, балканактай уул төрөдү. Үйүбүздө наристе үнү жаңырып барыбыз аны айланчыктап калдык. Келинимдин мурдагыдан да тили узарып, кайнагаларын кайнисиндей эле урушканга өттү. Балдарым үйгө келгенден качып калышты акыркы күндөрү. Келинимдин мындай мамилесине чыдабай, уулум менен келинимди чакырып узун кепке тарттым. “Бөлүнгүлө! Каалайсыңарбы батирге чыккыла, кааласаңар төркүнүңдүкүндө жаша!”- дедим. Тили узун келиним: “Силер мага кайын журт болуп эч нерсе кылган жоксуңар, үлпөт той өткөрүп, калың берген жоксуңар. Мени бекер алдыңар”,- деп жанды кашайтты. Ачуу үстүндө “биздин үйгө мажбурлап келин болуп келдиң курсагыңды чердейтип, баламды мен эрте үйлөнтпөйт болчумун” деп кыйкырдым. Кыскасы, келин-кайнене катары биротоло сыйыбыз кетти. Ошол урушкандан бери үйдө эч нерсе кылбайт, күйөөсү экөөнүн кирлерин бөлөк жууйт. Өздөрүнө бөлөк тамак кылат. Азык-түлүктү да өздөрүнө ылайык алып келет. Бөлмөсүндө таттууларды катып жегенин сураба. Менин үйүмдө “квартиранттай” эле жашап калды. Баласын кыркы чыкканда эле иштейм деп энесине берип койду. Мен карайын десем жумушум бар. Айтор, келиним менен бир үйдө жашоо мага оор болууда. Күндө эртең менен боёнуп, чаптанып алып жумушуна кетет баламдын мен алып берген унаасына отуруп. “Королева” өзүнчө эле. Мен жумушка жөө барып, жөө келем. Бир күнү кечинде балам “апа, бул үй бизге чоң, коммуналдык төлөмдөрү да көп чыгат деп жатпадыңыз беле, сатып, байкемдер менен үчкө бөлүп албайлыбы” деп кеп баштады. Бул ой өзүнүкү эмес эле, келинимдин ою экенин дароо түшүндүм. “Мен тирүү кезде үйдү саттырбайм, сөөгүм ушул үйдөн чыгат” дедим. “Жаш, койчу теңелбейинчи” деген сайын келинимдин жоруктары жанга батты. Мен келин болуп келгенде кайненемдин көзүнө тике карай алчу эмесмин, айтышып, үйүн талашмак түгүл. Эсептешип жашап, эсептешип күйөөгө тийген кыздардын доору келдиби? Үй-бүлөлүк баалуулуктар талкаланып, кыргыздын улууга урмат, кичүүгө сый көрсөтүү деген касиети кайда калды деп жаным кейийт.

Бактыгүл

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (21)
Gulina00
2022-01-03 15:54:55
Кудай сактасын мындай келинден,баарыбыз кайнене болобуз арканды узун таштоо керек.
+10
surgeon777
2022-01-03 20:15:20
Ооба эже,азыркы келиндин кобусундо ыйбаа кылуу,сыйлоо деген жок,тастандап турушат,ал учун куйоо катуураак кармаш керек,мени сыйласан энемди да сыйла деп туруш керек.
-1
Datka7777
2022-01-03 22:26:15
Чай куйбайм, бала туубайм деп мына кочого чыккандардын кесепети
-1
Peri9292
2022-01-04 10:36:42
Чоккусуна чоккусуна коюш керек Эр деген энесин сыйлабай аялынын айтканын кылган болбойт. Эркектердин бейиши эненин таман астындаааа
+2
raikakyz
2022-01-05 01:48:40
Балаңызды өзүнчө калганда кепке тартсаңыз кантет эже. Келин балаңыздын оюн бузуп жаткандай. Менимче балаңыз менен жакшылап сүйлөшүп көрүңүз, эсине келээр.
+2
karabet
2022-01-05 13:53:40
Кыргыздар ушундай тупой маймылдай калк экенсинер.
Келин туптуура кылат.
Кайнене алардын жашоосуна кийлигишип жатасыз. Таттуу жегиниз келсе озунуз сатып алыныз.

Келин кыздар олуп жатат. Анан дагы кыргыз тупой маймыл калк дагы жамандап коет куйолорду. Озунорчу озунор. Урсун деп жатасынар го кок мээлер. Ошон учун орустун туалетин жууп журосунор да россияда. Мээнер жок, тупой кондой болгонунардан учун
-10
medet1983
2022-01-06 09:02:40
karabet,Тазза эле карабет окшойсун ай.Кыргыздардын баары тупой эмес сага окшоп.
+7
karabet
2022-01-06 15:27:23
medet1983, келесоо. мен офисте иштейм. кожам аппак. А силер карабетсинер ошбазарда иштегендер
плюс еще тупойсунан
ошон учун карабет деп койгом никимди

аялым экообуз уйдо силер жондо кыргыздарды жамандаганда, беттери кара бекен деп сурап суйлойбуз

орусча айтканда вы черномазые
-11
medet1983
2022-01-07 04:30:46
karabet,Офисте туалет жууп иштейт окшойсунар,аялын экоон, оозун сасыганына караганда.
-1
Gulina00
2022-01-08 00:20:44
karabet,ак бетине жара чыгат бироону кемсинтпей жур,улутун кайсы.
-1
Izana
2022-01-08 13:14:04
karabet, жазганына карап сени катып окшойт депмин.
-1
Monsterbek
2022-01-08 15:03:09
karabet, Убагында орустун туалетин тазалагандардын кобу бизнеси бар! Жашоонун эн томонку тепкичтерин басып келген адамдар кыйын болот, кээ бир адамдар ата энесинин акчасына керсейгендер айта берет диванда жатып алып
+4
Taalai-bek
2022-01-06 20:15:29
Карабет жазгандарына караганда сен кыргыз эмес окшойсун. Ошондуктан дуй от сюда тебе не места здесь обсуждать. Кыргыздын салтын баалуулуктарын билбесен нечего тебе здесь делать.понял!!! Точно к....к баш экенсин
+6
raykray
2022-01-07 19:25:10
Менин кайненемдинда суйлобогон созу корсотпогон куну калбады! Тилим бар суйлосом суйлогом бирок мен адам катары жолдошумду суйгонум сыйлаганым учун атанесин сыйлап, озунода ата эненди нараазы кылып капа кылып эчтекеге жетпейсин деп келем . Балдарымдыда эч чон ата чон энесине каршы койбойм. Жашоо ушундай экен ал келин жолдошун энесин сыйлабаганы озу бактылуу болуп сый корбойт. Уй булоону сактап калуу аялдын колунда. Чон деп бир ступенка ылдый тушуп озунунда кайнене болорун же апасын эске алсын
+2
Monsterbek
2022-01-08 14:50:03
Урматтуу окурмандар!

Турмуш кургандан баштап озунчо болунуп чыгып жаша! Ата энелер, силер дагы баланы бат болгонго аракет кылгыла. "Эки баш бир казанда кайнабайт" анысы сынгарындай эки аял бир казанда тамак кыла албайт! Бала уйлондубу эртеси куну болуп салыш керек, оз тамагын озу таап жесин, оздору иштесе квартирага акча толосо анан билет акча иштеп табуу кыйын экенин, иштеш керек экенин! Автор, жанынызда эки баланыз бар экенин, уйлонгон баланызды болуп салыныз! Ач кулак
+6
Sajakat14
2022-01-08 20:25:51
Monsterbek,туура бөлүш керек. Иштеп квартирага өздөрү төлөп, өз тамак аштарын өздөрү бышырып өзүнчө жашашсын! Бала жасап үйлөнгөнгө жарашса жашоодо өздөрүн өздөрү бакканды дагы билишсин кыйын болбой
+5
Aquarius84
2022-01-08 20:06:21
Азыркы жаштардын уяты жок, улууларды сыйлоону билишпейт. Ооо Аллах жаштарга ыйман,ынсап бер.
-1
Sajakat14
2022-01-08 20:30:02
Келин дагы кайнене болотда. Баласы жакшы анан баланын апасы жаманбы. Ошол баланы төрөп адам кылып чоңойтту да. Улуу кишини сыйлап койсо болмок. Болбосо өзүнчө квартирага чыгышын. Жалгыз бой эне ар бир баласына үй сатып бере албайт да!Баласынын тентектиги. Бирөөнүн кызын босута койбой эле жүрсө болбойбу! Жөн тура албасаң жоопкерчиликти ойлоп презервативди кий!
-1
Ryskulova
2022-01-16 18:36:53
Беш кол тен эмес. Азыркы кайнэнелер да мурдагыдай каадалуу, салтуу эмес. 2018алып качуу мн бардым, 2019 бир себет мн эле жибердим уйго торкулотуу жок,убактылуу барып тур деп.Той кылам деген бирбереке. Азыр 2022-жыл.той жок, торкулотуу, жок, куда чакыртуу жок. Айтсан ар нерсе дейт
+1
Ryskulova
2022-01-16 18:40:41
Азыркы жаштарда элес, улууларыбыз деле улуудай эмес. Ар кандай адамдар бар. Бул нерсеге сын айттып болбойт. Озубуздон баштайлы,келинди башына тарбиялай бериш керек эле. Кызды деле жумшабай койсок ошого конот
0
Etka
2022-02-17 17:02:19
Адамдардан пейил качты деп кары кишилердин суйлонуп калганын кулагым чалып калчу эле, мындай окуяны уккан болушса -а аттиң акыр замандын адамдары да дешмек. Баардык адам баласында жакшы да жаман дагы мунөз болот, тарбиялап жакшы жол корсотуп, чыдамдуу болгонго не жетсин. Оңолуп кетер, бара бара косом болуп,кыргыздардагы жакшы касиет-эч качан үйдөгү нерсени тышка чыгарбаган. Тарбия бериш озубуздон экенин унутпайлы, ийилгенге ийилгин башын жерге тийгенче дегендей.
0
№ 995, 30-декабрь - 6-январь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан