ДНК (аферист эркектин 2 аялы, алардын күлкүлүү окуяларын баяндаган сериал)

(Башы өткөн санда)

– Тантырай бербечи!

– Жок, чындап эле ошондой болгон. “Койчу ушу сени!” деп жатышкан болот да, анан эле сүйүп калышат.

– Мени эмне ошол “малолеткаларга” салыштырып жатасыңбы?

– Хе... Кел, мелдешебиз?

– Эмне деп?

– Бир жума жанымда жүрөсүң... Ошол аралыкта мени сүйүп калчу болсоң, мага турмушка чыгасың?

– Эмне?! Барчы ары!

– Мелдешип коё бер да. Сүйбөйм деп жатасың го. Же өзүңө ишенбей баштадыңбы?

– Мелдешем эле. Бирок эгер мен сени бир жуманын ичинде сүйбөй калсам, анда бардык карыздарды кечесиңер, макулбу? Каныбекти жайына коёсуңар...

– Жарайт! Бирок бир жума бою мени менен жок дегенде 5 саат чогуу жүрөсүң,- Белек ишенимдүү эле кол сунду.

Нурия жылмайып алды да, кол берди.

ххх

Алар тээ түн киргенче баягы темир каалгалуу подъездди тиктеген бойдон эле сүйлөшүп отура беришти. Эзелки тааныштардай каткырып күлүп, бири-бирине тийишип сүйлөп убакыттын кандай өткөнүн да байкашкан жок.

– Эй! Бар кет үйүңө... Түн кирди. Күйөөң чыгып калса өзүм айтып коём,- деди бир убакта Белек.

– Чын эле десең, тим эле сени менен жажылдап узун сөзгө кирип кетиптирмин. А сен эмне ушу жерде отура бересиңби?

– Ооба...

– Уктабайсыңбы?

– Уктап жатканда тиги шүмшүк качып кетсечи?

– Аны күтүүнүн кажети жок. Ал бир жумадан кийин карызынан кутулат.

– Эми аны көрө жатарбыз? Бир жума бою мен ушул жерде болом.

– Отура бер анда. Давай, мен кеттим.

Нурия Белекти шылдыңдап күлүп, унаадан түштү. Ошол жылмайган калыбында эле 5-6 кадам шилтеп барып анан эмнегедир эле артына кылчая унаада отурган Белекти карады. Ал да аны тиктеп отуруптур.

– Давай, жинди,- деди анан ал дагы бир жолу коштошо.

Белек ага “кет” деп жаңсады. Эмнегедир ал абдан күлкүлүү көрүнө берди Нурияга. Кыз дагы бир жолу кыткылыктап күлүп алды да, маанайы көтөрүлгөн бойдон жөнөп кетти.

ххх

Мурдунун учунан кыңылдап ырдап келген Нурияны Дария таң кала карап койду. Аны такыр мындай абалда көргөн эмес. Нуриянын жүзүнө кызыл жүгүрүп, көздөрү жалжылдап калган.

– Пливет, Нулия!- Даниель чыга калды.

– А эмнеге р деген тамганы айтпай жатасың? Сенин тилиң келет го?

– Клуто же! Слова доблее получаются.

– Так, түшүнбөдүм... Почему?

– Р она злая буква! Рр-рр, видишь?..- майда тиштерин көрсөтүп ырылдап койду Даниель.

– Вэй, сени десе. Андай эмес. Андан көрө кыргызча үйрөн. “Злой” тамгалар болбойт. “Злой” сөздөр болот. Анан злой деген сөздүн кыргызчасы ачуулуу болот. Уктуңбу?

Даниель аны чала-бучук эле түшүндү окшойт. Бир азга тиктеп турду да, өзүнчө жылмайып алып ойноп кетти.

– Каныбекти издөө сенин маанайыңды ушунча көтөрөт деп ойлобопмун.

– А мен аны таптым. Ошондуктан маанайым жакшы болуп жатат.

– Кана анда?

– Бир үйдө экен. Сыртка чыкпай жатат. Чыгары менен, жолугары менен баарын сурайбыз. Такташабыз...

– Анан?

– Анан эмне болмок эле. Үйдү сизге өткөрүп берем. Ата-энемдикине көчүп кетем.

– А Каныбекчи?

– Билбейм...

– Сен эмне аны менен кайра жашабайсыңбы? Кечирбейсиңби?

– Жок...

– Сен бая күнү эле “эмнеге аны кечиргенге болбосун?” деп жатпадың беле?! Аны да түшүнүү керек дегениңчи?

– Аа, чын эле ошенткем, ээ? А эгер мен кечирбей койсом, сиз кечиресизби?

– Не дейт?

– Жок. Сиз алдагинтип суроо берсеңиз, кечирип туруп кайра тиет окшойт деп ойлоп жатпаймбы! Жок, эгер сиз кайра Каныбекке тийгиңиз келип жатса каршы эмесмин.

– Жок-жок... Тийбейм мен. Сен тие бер...

– Жок, мен тийбейм, сиз тие бериңиз.

– Эмнеге тийбейсиң?

– Билбейм. Күйөөгө бир тийгенден кийин тийгиң келбей калат экен го...

– Ошо да... Мен деле тийбейм. Эптеп кутулганда.

– Иий, байкуш... Бирок Каныбек кантет?

– Ошо да, байкуш.

– Кантсе да балдарыңыздын атасы го. Тийип албайсызбы кайра?

– Ошентейинби?!

– Ошентпейсизби?

Дария өзүнчө ойго бата түшкөнсүдү да, анан дароо башын чулгуп чочуп кетти.

– Эй, Нурия, экөөбүз эмне болуп жатабыз? Экөөбүздү ушул кырдаалга алып келип, аз жерден чачташтырып жиберейин дедиртип, ата-энеңди толтура көйгөйгө кептеген адамды аяп, байкуш деп боорубуз ооруп кайра жалкыбай ошого тийип алганга деле макул болгон турабыз го...

– Апей десеңиз. Бүгүн эле бир киши “кыргыз аялдары күйөөлөрүңөрдүн кандай күнөөсү болбосун кечире аласыңар” деп жатты эле. Чын эле ошондой экенбиз...

– Ким айтты антип?

– Бирөө...- Нурия “Белек айтты” деп айткысы келген жок. Бирок ичинен ошол зөөкүр чалыш көрүнгөн жигиттин ички дүйнөсү бир аз башкачараак экенин эстеп өзүнчө кымыңдап алды.

ххх

Айша чала-бучук ойгонуп эле кире беришке чыгып кыйкырып жибере жаздады. Коридордо кыпкызыл бирдеме эле күзгүнү толугу менен ээлеп туруп алгандай көрүндү. Көзүн ушалап жиберип ал Санта Клаустун кийимин кийген күйөөсүн көрдү. Ал өзүнчө күзгүнү карап түздөнүп, мурун учунан кыңылдап ырдап алыптыр.

– Сага эмне болгон?

Жооптун ордуна Тургун аялы тарапка бурулду да, жайдан кыймылдап бийлеп баштады. “Jingle Bells, Jingle Bells...” деп ырдап алган. Маанайы сонун.

– Эй, эмне болду дейм сага?

– Эч нерсе! Хе... Хо-хо-хо...- күзгүнү карап дагы бир жолу Санта Клаусту туурады да, анан арыда турган кызыл баштыкты жонуна артып жөнөп кетти.

Айша саамга ордунда катып туруп бир заматта эсине келгендей чуркап барып парданы ачты. Эшикте жаркырап күн тийип, бак дарактар жапжашыл болуп турган болчу. Тиги эмне анда Аяз ата болуп алган?!

ххх

Тургун тепкичтерден түшүп баратып аны таң кала караган кошуналарына жылмайып: “Быйыл ушинтип жумуш эрте башталып жатат” деп тамашалап кете берди.

Акыры унаасына жетти да, кызыл баштыгын салып, кызынын үйүнө жөнөдү.

ххх

Тургун алдын-ала эшикти Даниель ачсын деп эскертип койгон. Коңгуроодон кийин эле чуркап барып каалганы ачып жиберген балакай нес болуп туруп калды.

– Санта? Санта-а...- кубанычын жашыра албай бакырып жиберди...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Kari
2022-01-10 09:32:15
Менден башка Дед Мороз да бар экен аа ,жазда да бара берген
0
nuraiym_kenzhebaeva
2022-01-15 05:29:45
Автор комментарийлерди окуйт болду бекен? Нуриянын атасынын ысымы баш жагында Абдалы эле, кийин Тургун болуп кетти да негедир...

Дагы башка майда-чүйдө дал келбеген учурлар да бар...
0
№ 996, 7-13-январь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан