Биз социалдык тармакта

ЖАҢЫ ЖЫЛДЫ КАЙСЫ ӨЛКӨЛӨР БИРИНЧИ ТОСОТ?

Жаңы жылды кайсы өлкөлөр биринчи тосот деп ойлонуп көрдүңүз беле? Өткөн сандарда Жаңы жылда балатыны кооздоо жөрөлгөсү качан кабыл алынганы жөнүндө азын-оолак айтканбыз. Бул санда убакыттагы айырмасы боюнча кайсы өлкөлөр биринчи Жаңы жылды тосору тууралуу кеп кылалы.

Көпчүлүк өлкөлөр Жаңы жылды 1-январда, Григориан календары боюнча жылдын биринчи күнү белгилешет. Жаңы жыл стандарттуу убакытты эске алганда Тынч океандан башталат, Лайн аралдарындагы Кирибати Республикасы биринчилерден болуп тосот (саат алкагы UTC+14). Баарынан кеч Америкалык Самоа (Чыгыш Самоа), Мидуэй аралдары жана Ниуэ калкы (саат алкагы UTC–11) тосушат. Бул убакта Лайн аралдарындагы Кирибатиде 2-январь (айырма 25 саат) болуп калат. Кээ бир өлкөлөр Жаңы жылды Ай календары боюнча белгилешет.

1-январдан баштап Жаңы жылды белгилөө алгачкы жолу биздин заманга чейин 153-жылы башталган. Анткени ушул күндөн баштап Рим консулдары кызматына киришкен. Биздин заманга чейин 46-жылы Рим кол башчысы Гай Юлий Цезарь өзүнүн жаңы календарын – Юлиан календарын киргизип, биздин заманга чейинки 45-жылдын 1-январынан баштап жыл башын бекиткен.

• 1-январь – Григориан, Юлиан календары боюнча Жаңы жыл.

• 21-январдан 21-февраль аралыгында (бир күн) – Кытай Жаңы жылы.

• 21 же 22-март – Иран Жаңы жылы – Нооруз (Иран, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан).

• 14-апрель – Бенгаль Жаңы жылы (Бангладеш).

• Песахтан 163 күн өткөндөн кийин (5-сентябрдан эрте эмес жана 5-октябрдан кеч эмес) еврейлердин Рош ха-Шана (Израиль) майрамы. Песах – еврейлердин Египеттен бөлүнүп чыгуусуна арналган негизги майрам, зыярат кылуучу үч негизги майрамынын бири.

Эски Жаңы жыл

Эски Жаңы жыл – Юлиан календары боюнча белгиленүүчү жаңы жылдык майрам. 1901-жылдан 2100-жылга чейин Григориан жана Юлиан календарынын ортосундагы айырма 13 күндү түзөт. Юлиан календары боюнча Жаңы жыл 31-декабрдан (13-январь) 1-январга (14-январга) караган түнгө туура келет. Ал Орусия, Беларусь, Украина, Казакстан, Грузия, Армения, Азербайжан, Сербия, Швейцария жана башка өлкөлөрдө белгиленет.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 996, 7-13-январь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан