Айбек Саралаев, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: “АПАМДЫ КАПА КЫЛБАГАНЫМ – ЭҢ ЧОҢ ЖЕТИШКЕНДИГИМ”

Опера ырларын да, эстрада ырларын да жүрөккө жеткире ырдаган Айбек Саралаев аттуу таланттуу агабыз бар. Ал 19 жылдан бери Опера жана балет театрында эмгектенип келет. Сөзүбүз ушул театр, каарманымдын таланты, өзү тууралуу болду.

– Айбек мырза, куш келдиңиз, сиз менен кенен таанышалы деп чакырып калдык...

– Саламатсыздар, келе жаткан Жаңы жылыңыздар кут болсун! Жакшы болот. Мен 1979-жылы 10-майда кычап майрамдын эртеси жарык дүйнөгө келгем. Нарын облусунун Жумгал районунан болом. Мектепти бүткөндөн кийин Таштан Эрматов атындагы музыкалык-педагогикалык колледжге тапшыргам. Колледжде окуп жүргөндө казак улутундагы Жанат Отаев деген агай “табияттан үнүң таза экен, опера ырчысы болушуң керек” деп ушул багытка түрткөн. Ал агайымдын көзү өтүп кетти, жаткан жери жайлуу болсун. Андан кийин Улуттук консерваторияга тапшырып, вокалдык искусство факультетин аяктадым, опера ырчысы болуп чыктым. Ал жактан Кыргыз Эл артисти Керимкул Орузбаевден сабак алдым. 2003-жылы Опера жана балет театрына жумушка киргем. 8-9 жыл хордун артисти болуп иштеп, кийин жеке солист болдум.

Бир катар эл аралык сынактарга катышып, 3 жолу лауреат болдум. 2011-жылы Чымкент шаарында өткөн "Романсиада” сынагына катышып, 2-орунду алгам. 2014-жылы Башкортостанда өткөн “Урал моно” сынагында 2-орунду алдым. Астанада өткөн “Шабыт” сынагында дипломант болдум.

– Ата-энеңиз, бала чагыңыз тууралуу айтып берсеңиз.

– Атам менен апам айылда адамгерчилиги, жөнөкөйлүгү менен эл оозуна алынган адамдар. Чоң кызматта иштешкен жок, катардагы жумушчу болуп колхоздо иштеген адамдар. Атам 79 жашында каза болду. Апам азыр 84 жашта. 12 жылдан бери Бишкекте биз менен чогуу турат. Мен үйдө 7 бир туугандын жетинчисимин. Эрнис деген агамдан башкасынын баары жакшы ырдашат, бирок чыгармачылык чөйрөгө мен эле кеттим. Өнөр ата-энемден өтсө керек. Атам жакшы ырдачу. Билими бар ырчылардай кырааты менен ырдачу. Апам да жакшы ырдайт.

Балалыгым мал багып, кар күрөп, кадимки айылдын жумуштары менен өттү. Тентек болчумун, кээде тамашалайбыз деп мугалим эжелерди ыйлатып койчубуз. Азыр жолукканда кечирим сурап коём. Бирок жакшы окудум.

– Чыгармачылыкка кызыгууңуз качан ойгонду?

– Кичине кезимде эле аяш аталарым үйгө келгенде атама “балабызды чакыр, ырдат” деп калышчу. Атам мага “Арпанын Ала-Тоосунан, айлантып өпсөм оозунан” деген саптарды үйрөтүп койгон. Ошону ырдасам каткырып күлүп калышчу. Анан мага тыйын беришчү. Менин шоу-бизнесим ошондо эле башталган экен, көрсө (күлүп). Тыйындарды байкелерим, эжелерим алдап алып алышчу. Мага коржик сатып берип коюшчу. Айылда мал жайып жүргөндө Жолдубай Кайыповдун “Атам менен энеме” ырын көп ырдачумун. Кийин да сынакта колледжге ошол ырды ырдап берип өткөм.

– Опера оор жанр деп билем. Аны өздөштүрүү үчүн башка жанрларга караганда көбүрөөк эмгек, күч талап кылынабы?

– Туура айтасыз, оор жанр. Спортчулардай эле күндө үндү машыктырып көнүгүүлөрдү кылып туруу керек. Спектакль аткарылып бүткөнчө үн 3-4 саат туруштук бериши керек. Үндү туура бөлүштүрүп, керек жерден жинденип, сүйүү билдирип, образ берүү зарыл. Ооба, көп эмгек, күч талап кылынат.

– Өзүңүзгө жаккан, купулуңузга толгон театрдагы ролуңуз кайсы?

– Ролдун жаман-жакшысы болбойт. Себеби ар бир ролго сөзүн жазган автор да, музыкасын чыгарган композитор да маңдай тери менен, кан тамырынан өткөрүп жазат да. Бардык ролдорумду жакшы көрөм. Анын ичинде кыргыздын чоң операларынын бири “Айчүрөк” операсында Күлчоронун, дүйнөлүк чоң опералардын бири Жузеппе Вердинин “Трубадур” операсындагы Манриконун, Насыр Давлесовдун “Аста, секин, колукту” операсында Маркабай аксакалдын ролун аткаргам, ушулар өзгөчө жагат. Дагы алдыда көп эмгектер бар. Он гүлүмдүн бир гүлү гана ачылды.

– Сизди да тойлорго чакырып калышабы?

– Тойго барбасак айлыгыбыз бир айлык бензинге да жетпейт. Тойго чакырышат, барып элдин маанайын көтөрөбүз.

– Эң чоң жетишкендигим деп эмнени айта аласыз?

– Апамдын бар экенин. Анын жүрөгүнө так калтырып капа кылбаганымды, адамгерчиликтүү, жакшы досторго бай болгонумду, “ошол адам деле эмес, аман эле болсун” деген сөз укпай, “жакшы жигит” деген сөз укканымды эң чоң жетишкендигим деп билем. Ал эми кесибимдин арты менен жетишкендиктерим көп.

– Үй-бүлөңүз тууралуу айтсаңыз.

– 3 баланын атасымын. 1 уул, 2 кызым бар. Кичүү кызым Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепте окуп менин жолумду жолдоп жатат.

– Жакшы. Опера жана балет театрындагы кемчиликтер, артыкчылыктар, көйгөйлөр тууралуу эмне айта аласыз?

– Көйгөйүбүз, биринчиден, маянабыз. Азыр ар кайсы жакка чуркап иштеп акча таап жатабыз. 30-40 миң сом айлыгыбыз болсо театрдан чыкпай майын чыгара иштемекпиз. Өкмөт тараптан көңүл бурулса, каржы маселелери чечилсе, жаңы спектаклдер коюлса жакшы болмок. Союз маалында 1 күндө экиден спектакль коюлчу экен. Азыр андайга каражат жетпейт. Жаңы кийимдер тигилсе болмок, ата-энелерибиз менен тең кийимдерди киебиз. Жакында театрдын ичи, сырты оңдоп-түзөөдөн өттү, ошол бизге жакшы жаңылык болду.

– Бир кезде театрдын кызматкерлери менен жетекчиликтин ортосунда келишпестиктер болуп, кызматкерлер иш таштоого чейин барышкан эле. Ушул окуя боюнча сиздин оюңуз кандай?

– Пикир келишпестиктер көп эле жолу болот. Мен ошол убакта белгилүү себептер менен алыста жүрдүм эле. Кийин уксам, каржы маселесинин артынан чыккан пикир келишпестик экен. Ал иш азыр аягына чыкты. Азыр ынтымактуу иштеп жатабыз. Кыргызда “жоону чапса эл чапты, аты калды Манаска” деген лакап бар эмеспи. Маңдай тер агызып иштеген оркестр, ырчылар, бийчилер болсо, атагы башка адамдарга калып, ошондон пикир келишпестик болуп кеткен учурлар да бар. Аз болсо да тапкан-ташыганыбызга ыраазы болуп сабырдуулук менен иштеп келатабыз.

– Маегиңизге рахмат! Жаңы жылда тилегиңиздер ишке ашып, маянаңыздар көтөрүлсүн.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
joke81kg
2022-01-16 08:44:05
Каякта эмгек синирген артис мен биринчи жолу корупатам
+1
№ 996, 7-13-январь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан