Саякаттаган кандай сонун, э?! Албетте, акчаң, анан убактың болсо дүйнөнүн төрт бурчун көрүүгө эмне жетсин?! Сизде саякаттоого мүмкүнчүлүк болуп калса, кайсы жакка бармаксыз? Менин оюма азыр дароо Мадагаскар келди. Мадагаскар... Бул сөздү сиз мультфильмден жакшы билесиз. Келиңиз анда, Мадагаскар Республикасына гезиттен болсо да саякаттап келели.
Мадагаскар – демократиялык унитардык парламенттик республика
Борбору – Антананариву шаары
Акча бирдиги – ариарий. 100 ариарий болжол менен 2,08 сом
Расмий тили – малагаси жана француз тилдери. Туристтик аймактарда англисче сүйлөшөт
Калкынын саны – 27,69 миллион (2020-жылга карата)
Аянты – 587 041 чарчы чакырым (дүйнө боюнча 45-орунда)
Башкаруу формасы – президенттик (5 жылга шайланат)
БИР АРАЛДЫ БҮТ ЭЭЛЕЙТ
Мадагаскар Республикасы Инд океанындагы арал мамлекет, Мадагаскар аралында жайгашкан. Бир аралды бүтүндөй ээлеген дүйнөдөгү бул мамлекет Гондвана суперконтинентинин кыйрашынан кийин, болжол менен 80 миллион жыл мурун Индиядан бөлүнүп чыккан деп айтылат. Бул жердеги өсүмдүктөр менен жаныбарлардын түрлөрүнүн 90 пайыздан ашыгы Жер шарынын башка жеринде кездешпейт. Мадагаскар Республикасы 1960-жылы көз карандысыздыкка ээ болгон. Ага чейин арал Франциянын колониясы болгон. Калктын 30 пайызы шаарда жашаса, калгандары айыл-кыштактарда жашашат. Калкынын басымдуу бөлүгүн малагасилер түзөт. Малагасилер Африка жана Түштүк-Чыгыш Азия элдеринин миграциясынын натыйжасы. Мадагаскарга саякатка барсаңыз, дал ушул жерден сиз жашоонун эң уникалдуу жана экзотикалык формаларын кезиктирип, байыркы тоолорду, токойлорду, көз жоосун алган шаркыратмаларды жана каньондорду, бир нече чакырымга созулган кооз пляж, көл, дарыяларды, уникалдуу флора жана фаунаны, колориттүү жергиликтүү калкты кезиктиресиз. Мамлекеттин борбору болгон Антанариву (Тана) – кооз шаар, сыртынан түстүү сүрөттүү китепти элестетет. Көрктүү пейзажды шаардын жанындагы күрүч талаалары жаратат.
ЭКОНОМИКАСЫ
Малагасилер үчүн үй-бүлө биринчи орунда турат. Үй-бүлөдө көбүнчө матриархат же аялдар менен эркектердин тең укуктуулугу өкүм сүрөт. Малагасилердин арасында жаратылышка аяр мамиле кылуу ата-бабаларды сыйлоо маданиятына түздөн-түз байланыштуу. Калкынын 48 пайызы салттуу ишенимдердин (анимализм, фетишизм, ата-бабалар культу ж.б.) жактоочулары, 44 пайызы христиандар, 8 пайызы суннит мусулмандары.
Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты майрамдык маанайда, шаң, бий жана дасторкон жаюу менен өтүп, бир нече күнгө созулушу мүмкүн. Алардын түшүнүгүндө, ал өлбөйт, рухка айланып кетет. Мадагаскар элинин бир кызыктай салты "Фамадихана" ("сөөктөрдү оодаруу") деп аталат. Бул – өлгөндөрдү урматтоо күнү. Алардын ишениминде, маркумдун сөөгү рухка толук өтүүсүнө чейин бир топ убакыт талап кылынат. Бул мезгил ичинде маркум тажап кетпеш үчүн анын сөөгүн "оодарып" турушат. Мында өлгөн адамдын денесин мүрзөдөн казып алып жууп-тазалап, жаңы кепинге ороп, өлүктү көтөрүп алып ырдап-бийлешет. Күүгүм киргенде сөөктү кайра жерге көмүшөт. Ушинткенде өлгөндөр тынчып, эч кимдин тынчын албайт деп ишенишет. Бул салт сөөк коюлгандан кийин бир жылдан соң өткөрүлөт, 7 жылда бир кайталанат.
Жергиликтүү тургундардын көптөгөн майрамдары жана үрп-адаттары ритуалдык мүнөзгө ээ. Май айынын аягында мол түшүм үчүн ыраазычылык билдирүү салтка айланган, ошондуктан Күрүч күнү белгиленет. Эң маанилүү ырым-жырымдардын бири – уул баланы сүннөткө отургузуу. Майрам бир нече күнгө созулат. Дасторкон жайылып, даамдуу тамактар коюлат. Салт боюнча, майрамга коноктор кызыл кийим кийип келбеши керек.
ЛЕМУРЛАР МАДАГАСКАРДА ГАНА ЖАШАШАТ
Мадагаскар – лемурлардын жалгыз мекени, аларды башка жактан кездештирбейсиз. Алардын душманы – жырткыч фосса. Анын кебетеси мышык менен иттин кебетесине окшоп кетет, бирок алардын тукумуна кирбейт, мангусттарга жакын. Мадагаскардагы башка жакта кездешпеген жаныбар түрлөрү адам саны көбөйгөн сайын жок болуп кеткен. Буга кошумча жаратылышы да талкаланып келүүдө. Анткени жашоочулар токойлорду күнүмдүк жашоосу үчүн кыйып отуруп, бүгүнкү күндө 80 пайыздан ашыгын жок кылышкан.
МАДАГАСКАР ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТАР
Гулийпа Маметосмон кызы