Министр Алымкадыр Бейшеналиевдин кылмыш ишин тергөө Башкы прокуратурадан ИИМге өткөрүлдү.
20-майда пара алууга шектелип кармалган Жумгал райондук сотунун судьясы УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Айнура Арстанбекова Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды.
Учкучсуз учуучу аппараттар менен иштөөнү киргизүүгө жана окутууга көмөктөшүү үчүн Бишкекке Түркия ИИМинин делегациясы келди.
Бишкектеги дүкөндөрдүн биринен 2 миллион сом уурдап кетүүгө шектелип 2 жаран кармалганы маалымдалды.
2021-жылы чет жерден Кыргызстанга 540 мекендешибиздин сөөгү жеткирилгени айтылды.
Билим берүү жана илим министрлиги: Быйыл “Алтын тамга” артыкчылык аттестатын 80 бүтүрүүчү алат.
Бишкек-Ош жолунун Таш-Көмүр шаарына караштуу тилкесинде күйүүчү май ташыган унаа күйүп кетип, анын айдоочусу каза тапты.
ИИМ жарандарды сууга түшүүдө коопсуздукту эске алууга чакырды.
Нуртазин Жетибаев Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба агенттигинин директору болуп дайындалды.
Экс-депутат, “Мегакомдун” мурдагы жетекчиси Акылбек Жамангулов 20-июнда үй камагына чыгарылды.
Бишкек мэриясы 100 даана автобус сатып алууга сынак жарыялады.
Коомдук жай, имараттарга видеобайкоо системин орнотууну милдеттендирген мыйзамга кол коюлду.
Мектептерде бүтүрүүчүлөргө аттестат тапшырууга арналган салтанаттуу иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынды.
Ат-Башы райондук салык кызматынын башчысы ишеничтен кетти деп кызматтан бошотулду.
Акыйкатчы Атыр Абдрахматова 20-июнда президент Садыр Жапаровдун кабыл алуусунда болду.
23-24-июнда Чолпон-Ата шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик ассамблеялар кеңешинин кезектеги жыйыны өттү.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов парламент депутаттарына "мени кемсинтип сүйлөөгө силердин укугуңар жок" деп эскертти.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.