– Каалаган жаран кенге барып, ал жерде эмне иштер жасалып жатканын көрө алат. Бул өндүрүш туризми. Мисалы, Казакстанда стратегиялык жай болуп саналган “Байкоңур” станциясына экскурсияга баруу абдан популярдуу. Бизде андай кылууга эмне үчүн болбосун?- дейт Калашникова.
Маалыматка таянсак, “Кумтөргө” бир күндүк саякаттын баасы 500 доллардын тегерегинде болот.
Айта кетсек, Кыргызстанда туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду Министрлер кабинетинин чечими менен түзүлгөн. Фонд 2022-жылы ишке ашырылат деп буга чейин 34 долбоор сунуштаган, мунун 10у инфратүзүмдүк, 9у маалыматтык долбоор.