Өзгөчө сунуш: ЖЫГАЧТАН АВТОМАТ, ТАШТАН ГРАНАТА ЖАСАЙЛЫ ДЕЙТ

Парламент депутаты Шайлообек Атазов балдарды мектеп жашынан мекенди коргоого үйрөтүү зарыл дейт. Бул тууралуу эл өкүлү 22-июнда парламентте маселе көтөрдү.

– Балдарга жок дегенде жыгачтан автомат, таштан граната жасап ыргыттырып үйрөтүү керек. Билим берүү министрлиги Коргоо министрлиги менен аталган сабактарда бизге автомат берип турасыз, кайра алып кетесиз деп биргеликте келишим түзсө, 10-11-класстын балдары чек араны коргоого, мекенди сүйүүгө тарбияланат эле,- деди Атазов.

Ошондой эле мектептерде окуучуларга эне тилди жакшы үйрөтүү зарыл болуп жатканын белгилеп өттү.

– Мектептерде тил үйрөнүү стратегиясын түзүш керек. Себеби бүгүн мектептерден мамлекеттик тилди билбей чыгып жаткандар бар. Эне тилде чулдурап сүйлөй албай жаткан аткаминерлерди көрүп алып кыжырың келет. Мектептерде окуучулар жок дегенде 3 тилди жакшы билип чыкканына көңүл бурулса,- деди депутат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1020, 24-30-июнь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан