Биринчиси – айыл чарба жабдууларынын айрым түрлөрүнө ЕАЭБдин бирдиктүү бажы тарифинин ташып келүү бажы алымдарынын коюмдарын белгилөө.
Экинчиси – 2022-жылдын 31-октябрына чейин Кыргызстандын аймагына кантты жана чийки кант камышын ташып кирүүдө бажы алымдарын нөлгө түшүрүү мөөнөтүн узартуу.
Эскерте кетсек, ЕЭК Кеңешинин кезектеги отуруму үстүбүздөгү жылдын июль айында Беларустун Витебск шаарында өткөрүлөт.