“Мандат – бул элдин мага берген убактылуу ишеними, бир да үгүтчү жалдабай шайлоодо жеңишке жетиштим” дейт парламент депутаты Камила Талиева. Депутат менен саясаттагы абал, парламенттин орду тууралуу баарлашып кайттык.
– Саламатсызбы, Камила айым? Депутаттар каникулга тарашты, сиз иш бөлмөңүздө экенсиз, бүтпөгөн эмне иштер калды?
– Саламатчылык. Мен дайыма өзүмө-өзүм жумуш таап алам. Турмуш шартка, чөйрөгө жараша адам калыптанат эмеспи, табиятымдан, секелек кезден мээнеткечмин. Жаш кезден килем токуп чоңойгон Лейлектин кызымын. Иштегенден, эмгек кылгандан качпайм. Баткен элинин маселеси боюнча көйгөйлөрдү карап жаткан элем. Каникулду пайдалуу өткөрөйүн деп окуй турган 10 чакты китепти текчеге тизип койдум, ошону окуганга да убакыт табылбай жатат.
– Кесип тандоо, карьера, саясат... Бул жаатта тагдырдын кандай сыноолорун басып өттүңүз?
– Кичинемде мугалим болом дечүмүн, саясатчылык эми тагдырга жазылганы экен. Мектепте гуманитардык сабактарды жакшы окучу элем, филологияны тандаганым да ушундан болсо керек. Балалыгым тууралуу айтсам, 6-класска чейин Лейлектин Маргун айылында таенемдин колунда чоңойдум. Ата-энем Арка айылында турушчу. Таенемдин үйү көчөнүн аркы башында болсо, чоң энемдин үйү берки башында эле, эки кемпирдин ортосунда эрке небере болуп өстүм. Чоң энем Касиет Жапарова Кыргыз
АССРинин депутаты болгон. Мектепте маданий иш-чараларга активдүү катышкан окуучулардан элем. Ажардын образын аткарып залдагы көрүүчүлөрдүн баарын ыйлатканымды азыркыга дейре көбү эстешет. Жаз келгенде биздин айыл кыпкызыл талаага оролуп, кызгалдактар бажырайып чыкчу. Бир жолу балдар-кыздар менен тоонун кырына чыктык. Кызгалдактардын кооздугуна суктандыкпы, айтор, тоонун кырынан ылдый көздөй чуркап түштүк. Кырдан токтоно албай чуркап түшүп дарак-талдарга бети-башым тытылып келгеним эсимде. Бирок таенем урушса деле күндө кырга чыгып чуркап түшө берет элем. Кызгалдактуу талааларды аралап чуркаган аябай жагар эле.
– Бишкекте 13 жашар кызды зордуктоо окуясы талкуу чордонунда турат. Педофилдерге жазаны катаалдатуу боюнча мыйзам долбоорун даярдап жаттыңыздар эле...
– Ооба, аталган мыйзам долбоорунун үстүнөн депутат Марлен Маматалиев экөөбүз иштедик. Бул көйгөй учурда курчуп баратат. Төрт эркектин 13 жаштагы кызды кезектешип узак убакыт бою зордуктап жүргөнү – акмакчылык! Эне катары жүрөгүм тилинип турат.
Коомчулук мындай окуяларга кайдыгер болбой, коңгуроо кагышыбыз керек. Бул биздин трагедиябыз. Жогорку Кеңештеги депутат айымдар топтолуп бул маселеде өзүбүздүн позициябызды билдиребиз. Балдардын, аялдардын укугу тебеленген жерде адам укугу тууралуу сөз кылбаш керек. Биз экономикалык каатчылыктан мурда, маданий кризисти колго алышыбыз керек болуп жатат. Руханий жардылыктын бөксөсүн толтуруу абдан кыйын, идеология, элдин аң-сезими, билимсиздик, сабатсыздык жоюлмайынча өлкөбүздө жогорудагыдай үрөй учурган кылмыштар көбөйө берет.– Саясатка аралашууңузга кимдин же эмненин таасири күчтүү болду?
– Саясатка келүүмө илимдин таасири зор болду. Жогорку окуу жайда окутуучу болуп иштеп жүргөндө илим жакташым керек деп Бишкекке келдим. Илимдер академиясына келип кол жазмалар фондунда 4 жылдай иштегем. Жайында атайын экспедицияга чыкчу элем. Токтогулдун Көтөрмө айылында жашаган семетейчи Сейдене Молдокеева энебизге барып, жанынан чыкпай магнитофонго толук кандуу Семетейди жаздырып келгем. Кудайга шүгүр, фольклор багытында аз да болсо салымымды кошуп, жаздырып келген Семетейдин негизинде монографиялык китеп жазгам. Аталган эмгегимди окуу жайдын студенттери колдонуп жүрүшөт. Карьерам ошол жогорку окуу жайда иштеп, илим жактагандан башталды десем болот. Кийин Жалал-Абад облусунда губернатордун социалдык маселелер боюнча орун басары болдум. Андан соң өкмөттүн аппаратында иштеп жүргөндө Феликс Куловдун “Ар-намыс” партиясы менен чогуу парламенттик шайлоого баруу сунушу түштү. Буйрук экен, 5-чакырылыштын, эми минтип 7-чакырылыштын депутаты болдум. Бийлик, кызмат, мандат – бул элдин мага берген убактылуу ишеними. Өзүм стресске абдан туруктуумун, жүрөгүмдө, абийир сотунун алдында таза иштеп жатам. Шайлоодо 1 агитатор иштетпей, бирөөгө 1 сом бербей эле шайлоочулардын добушун алдым. Анткени эл менин иштегенимди көрдү. Баткенде Мадиген жолун салдырган элем, ага чейин ошол жолду салабыз десем көбү менин сунушума күлүшкөн. Бирок кечээги Баткен окуяларында ошол жол маанилүү стратегиялык жол болгонун баары моюнга алышты. Өкмөт ошол убакта чечимди улам-улам артка кайтарып макулдук бербей жатканда, эки жыл көгөрүп жүрүп ошол жолду салдырткан элем. Азыр эл ыраазычылыгын гана айтат.
– Жакында интернетке депутат Султанбай Айжигитов менен кайым айтышкан видеоңуз тарап, талкууга түштү. “Мен бир аял эмесмин, мен депутатмын” деп ачууланганыңыздын себеби эмнеде болду?
– Видеодо биз кайым айтышкан учурлар гана кесилип көрсөтүлдү. Элде күмөндүү ойлор жаралбашы үчүн видеону толук бериши керек эле, ошондо келишпестик эмнеден келип чыкканы билинмек. Чынында ал күнү өзүм ооруп жаткам. Залга киргенде эле Айжигитов аксакал “мага жыйындын 10 мүнөтүн бергиле” деди. Макул болуп 10 мүнөт эмес, 35 мүнөт угуп отурдук. Депутат Нурлан Ражабалиев жаныма келип “Баткен маселеси боюнча сурабайлыбы” деп калды, сөзүмө көңүл бурбай жатышат деп буга Айжигитовдун ачуусу келип кетти. Эми адам сурап жатса жооп беришим керек да. “Бул аял” деп, мени “бул эмнени түшүнөт” дегендей көрсөтүп жатпайбы. Мени аял деп кемсинткидей мен тойдо же базарда отурган жокмун да. Кайым айтышып үнүмдү өктөм чыгарганга туура келди. Аксакал киши болгондон кийин сыйын билип жүргөнү жакшы. Негизи өзүм кек сактабайм, мүнөзүм шар, кээде бетке тарс айтып салам. Эми өзүң менен кошо төрөлгөн мүнөздү өзгөртө албайт экенсиң.
– Парламентте жаңылып сүйлөгөн кесиптештериңиз коомчулуктун сынына көп кабылат. Ушул маселеде кандай пикирдесиз?
– Мамлекеттик кызматтагы тажрыйба көп нерсени үйрөтөт, такшалтат, реалдуулукка тарбиялайт. Ал эми айрым эл өкүлдөрү мамлекеттик жумушта тажрыйбасы жок карапайым эл арасынан, бизнестен, айтор, бардык тараптан келишет. Микрофондун да өзүнүн сүрү болот. Билимдүү эле балдар районду республика деп айтып жатпайбы. Болбосо жаш саясатчылар, 5-6дан тил билгендер, чет өлкөдөн окуп келгендер. Алар тажрыйба алып такшалышат, жаш саясатчыларды сындап сындырып албашыбыз керек.
– Айдоочусу жок өзүңүз руль башкарат экенсиз...
– Ооба, рул башкарууда 10 жылдан ашык тажрыйбам бар. Жол эрежесин бузбайм, бирок трассаларга чыкканда ылдамдыгын көбөйтүп унааны зуулдатып айдагандан ырахат алам.
– Аял катары бактылуусузбу?
– Мен өзүмдү эч качан бактысыз сезген эмесмин. Турмушта баары эле сыбызгыга тизгендей тегиз, жыпжылма боло бербейт. Ысык-суугу, оор-жеңили менен кошо болот, жашоо күрөш, күрөшүп гана жеңебиз. Эне болуунун өзү эле кандай бакыт. 1 уул, 1 кызым бар. Балдарымдын билимине көп инвестиция кылдым. Экөө тең саясаттан алыс, сүрөттөрүн баракчама жүктөйүн десем да каршы болушат. “Бир үйгө бир саясатчы жетет, апа” дешет. Жакында келин алайын деп турабыз, бактыбыз дагы толгону турат.
– Бактыңыз бөксөрбөсүн, маегиңизге чоң рахмат!
Лунара Бекиева