АЯЛДАРДЫН УКУГУН КОРГООЧУЛАР ПРЕЗИДЕНТКЕ КАЙРЫЛЫШТЫ

Кыргызстанда аялдардын укугун коргоо жаатында иш жүргүзгөн уюмдардын жетекчилери президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасашты. Себеп – өлкөдө аялдар зомбулукка кабылган окуялардын көбөйүшү.

– Аялдарга жана кыздарга карата зомбулук барган сайын көбүрөөк ырайымсыздык, адамгерчиликсиздик, мыкаачылык менен уланууда. 2021-жылы зордуктоо боюнча кылмыш иштеринин 75 пайызы, никеге туруу үчүн уурдоо боюнча иштердин 94 пайызы, үй-бүлөлүк зомбулук боюнча укук бузуулардын 90 пайызы кыскартылган. Кыскартууга мыйзамдуу мүмкүнчүлүктөр жок болгон иштер деле кыскартылууда. Аялын өлтүргөн адамга сот шарттуу жазаны караштырып койгон окуялар дагы бар,- деп айтылат кайрылууда.

Укук коргоочулар президенттен аялдар кордолуп жаткан окуялар боюнча өз укуктарын пайдаланууну, саясий эрк көрсөтүүнү, бул жаатта жарандык активисттер менен ыкчам жолугушууну суранышты.

Айта кетсек, учурда Кыргызстанда 85тен ашык аялдар уюму бар. Аларды “Аялдардын өкмөттүк эмес уюмдары” форуму бириктирип турат. 2021-жылы Кыргызстан аялдардын коопсуздугу боюнча глобалдык индексте (WPS Index) 170 өлкөнүн ичинен 97 орунду ээледи. Бул – Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинен акыркы орун.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1022, 8-14-июль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан