ӨЗБЕКСТАН: КАРАКАЛПАКСТАНДАГЫ ОКУЯЛАРДЫН АВТОРУ ЧЕТ ЭЛДИК КҮЧТӨРБҮ?

"Каракалпакстандагы баш аламандыктардын автору чет элдик күчтөр". Мындай пикирди Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев билдиргенин коңшу өлкөнүн ЖМКлары жарыялашты.

– Албетте, бул окуялар бир же он күндө даярдалган эмес. Бул аракеттер чет элдик күчтөр тарабынан жылдар бою даярдалган. Алардын негизги максаты – Өзбекстандын аймактык бүтүндүгүнө кол салуу жана улуттар аралык жаңжал чыгаруу,- деди Мирзийоев.

Белгилей кетсек, өткөн аптада Каракалпакстандын борбору Нукус шаарында миңдеген жарандар митингге чыгышты. Алардын нааразычылыгы Баш мыйзамга киргизилип жаткан Каракалпакстандын эгемендүүлүгүнө тиешелүү жаңы өзгөртүүлөр менен байланышкан. Массалык толкундоолордон кийин аталган республикага байланыштуу Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү аракети токтотулду. Аймакта 3-июлдан 2-августка чейин өзгөчө абал режими киргизилген.

Каракалпакстан – Өзбекстандын батышында жайгашкан автономдуу республика. Аянты жалпы Өзбекстандын 40 пайызын түзөт. Элинин саны 2 миллионго чукул.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1022, 8-14-июль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан