“Ал өзү акын эле! Атасынын аты Акун эле! Бизнесте мартабасын көтөргөн ак ун болду”,- деп эскеришет бул адамды саясаттагы санаалаштары. Жогорку Кеңештин экс-төрагасы, ишкер Чыныбай Турсунбеков 2020-жылы 6-июлда коронавирус илдетинен көз жумган. Маркумдун жубайы Нуржан Тентимишева “Чыныбай дүйнөнү баланын көзү менен караган жан эле, бардык жаңы нерсени үйрөнүүгө, билүүгө аракет кылчу” дейт. Каарманыбыз жолдошунун кызыктуу өмүр таржымалын айтып берип жатып жашып да, айрым окуяларын эстеп күлүп да отурду.
“Акын, адабиятчы, илимпоз болом дечү”
– Чыныбайдын өмүр жолун 3 этапка бөлүп карасак болот. 35 жашка чейин ал акын жана журналист, 50 жашка чейин бизнесмен, 60 жашка чейин саясатчы болду. Максаты – элге пайдасын тийгизип, эл үчүн иштөө болчу. 30 жашында “Жылдыздуу жээк” деген ыр жазган экен, анда анын кыялдары, максаттары чагылдырылган. Чыныбай кыска өмүрүндө ошол кыялындагы жылдыздуу жээкке жетти деп ойлойм. Акындыкта ыр жазып китептерин чыгарды, бизнесте ийгилик жаратты, саясатта өз ордун тапты. 2020-жылдын 15-октябрында 60ка чыкмак, ал эми 2021-жылы январь айында чогуу жашаганыбызга 35 жыл болмок. Тагдырдын буйругу экен, бул күндөргө жетпей калды. Бирок артында иши калды, анын ишин уланткан баласы, кыздары бар. Ысымы дайыма биздин жана кыргыз элинин жүрөгүндө калат.
Экөөбүз университетте окуп жүргөндө тааныштык. Ал кыргыз филологиясында, мен орус филологиясында окуйт элек. Ал окуу жайды кызыл диплом менен аяктап, аспирантурага тапшырды, мен айылга барып орус тилчи мугалим болуп иштеп калдым. Чыныбай 25, мен 23 жашка чыкканда баш коштук. 25 жашында “Жүрөктөгү жаңырык” деген ыр китепчесин чыгарып, гонорар акысына мага үйлөнгөнүн айтып калчу. Союз мезгилинде акындарга үй берип, гонорар акы төлөп, китептерин чыгарып берип мамлекет жакшы карачу эмес беле. Бизнеске барам деп такыр ойлогон эмес, аспирантураны бүтүп, илим жактап, акын, адабиятчы, илимпоз болом дечү. 28 жашында илимий иш жазып кандидаттыгын жактаган. Бирок 1990-жылдары Союз урап, элдин турмушу оорлошту. Анда Чыныбай экөөбүз аспирантурада окуган студенттерге берилчү жатаканада жашайт элек.
“Жумуштан алынгандан кийин намыстанып бизнес баштаган”
– Жатаканада жашап жүргөндө жолдошум мугалим болуп студенттерге сабак да берчү. Бир жолу мугалимдер менен “турмуш оор, айлыгыбыз тиричиликке жетпейт, келгиле митинг уюштуруп ушул маселени көтөрөбүз” деп 3-4 жаш мугалим менен сүйлөшкөн экен. Ошол сөздөр НКВДга жетип калат, ал кезде билим берүү министри Чынара Жакыпова болчу, ал Чыныбайды чакырып алып “эмне пикет уюштуруп жатасың, ушундай эле энергияң ашып-ташып жатса кыргыз-түрк илимий конференциясы болот, ошол иш-чараны уюштурууга жардам бер” дейт. Ал иш-чараны жолдошум уюштурганга жардам берет. Чыныбайдын кылган ишин жактырып калган министр айым Түркияда окуган студенттердин куратору болосуң деп ошол жакка жиберген. Түркияга үй-бүлөбүз менен кетип, бир жыл иштеп, эмгек өргүүсүндө Кыргызстанга келдик. Эс алып, кайра Түркияга барганда министр Чынара Жакыпованын жумуштан кеткенин уктук. Анын ордуна келген жаңы министр Чыныбайды жумуштан алып салды. Ал кезде алыска кетип жатканда дос-тууган өзүнчө бир шаан-шөкөт менен узатышчу. Бизди да жакындарыбыз ошентип узатышкан. Бир жума өткөндө эле жолдошумду жумуштан алып коюп жатышпайбы. Кайра мекенибизге баргандан намыстанып мен жолдошума “бир жыл Түркиядан эч жакка кетпейм, эмне кылсаң кыл, кантип иштейсиң өзүң бил” деп көгөрүп туруп алдым. Чыныбайга айла жок бизнес баштоого туура келди. Бизнести башташ үчүн каражат керек да. Түрктөрдүн бир жазуучусунун романын кыргызчага которуп биринчи гонорарына ишкерлик баштаган. Алгач түрк достору менен бирге Түркиядан Кыргызстанга тегирмендерди, түрк наабайкана жабдыктарын жиберип жүрдү. Биз ал кезде жабдыктарды Кыргызстанга жиберип, түшкөн кирешени жеп жыргап Түркияда жашай беребиз деп ойлогон экенбиз. Бара-бара аларды өзүң иштетпесең болбой турганын түшүндүк. 1997-жылы жолдошум мекенине келип “Акун” фирмасын түптөп, өзү иштетип баштады. Мен балдарым менен артынан көчүп келдим.
“Ченемсиз оптимист болчу”
– Чыныбай табиятынан оптимист эле, оңою менен көңүлү чөкчү эмес. Дүйнөнү баланын көзү менен карачу, бардык жаңы нерсеге кызыга берчү. Чет өлкөдөн келгенде “Нуржан, ушундай сонун фирмаларды көрдүм, жаңы жабдыктары, аппараттары бар экен” деп толтура идеялары менен көздөрү күйүп келчү. Өзү айткандай, бизнес деле чыгармачылыктын бир түрү экен, дайыма жаңы ыкмалардын үстүнөн изденесиң. Биз ишкердикти жолго салууда оор күндөрдү баштан өткөрдүк, Бакиевдин убагында бизнесибизди тартып алуу аракеттери болду. Бир жолу жолдошум экөөбүз банкротко учураганбыз. Түркиядан тегирмен жабдыктарын алдырабыз деп өзүбүздүн, бир туугандарыбыздын үйүн банкка күрөөгө коюп акчасын салсак, алдамчылар жабдык да салбай, акчабызды да бербей күйүп кеткенбиз. Андан кийин Чыныбай дос, тууган, тааныштардын баарынан 2-3 миң долларлап карыз алып иш баштап мурунку, кийинки карыздарынын баарынан кутулган. Бирок Чыныбай балдарына “бизнес баштаарда дайыма мыйзамдуулугун карай жүргүлө, мыйзам бузбай иштесеңер эч ким, эч бир бийлик кынтык таба албайт” дечү. Азыркы тапта “Акун” фирмасы өлкөдө ири салык төлөгөн фирмалардын бири.
“Саясатка да кокусунан келип калды”
– Чыныбай саясатка барам деп такыр ойлогон эмес, 2010-жылы 7-Апрель окуясы болгондо Кыргызстандагы ишкерлер союзунун мүчөсү эле. Аянтта каза болгон баласынын сөөгүн алып кеткенге шарты жок үй-бүлөлөрдү көрүп, ишкерлерден акча чогултуп ошолорго жардам берип жүргөн. Ошондон кийин Алмазбек Атамбаев ага шайлоого катышып көрүүнү сунуштаптыр. Бирок Чыныбай биз менен кеңешип тынч эле бизнесте жүрөйүн деп чечкен. Чечимин Алмазбек Шаршеновичке айтса ал киши жолдошумду ынандырыптыр, Ысык-Көлдө жүрсөм эле “Нуржан, мени куттуктай бер, КСДП менен шайлоого барам” деп чалып калды. “Ии, эмне болду, биз башкача сүйлөшпөдүк беле?” десем “бул менин тандоом, эл үчүн иштеп берели” деди. Балдарыма айтсам “апа, саясатка барып эмне кылат, барбайм дебеди беле” деп алар да жактырышкан жок. Чыныбай жаңы нерсени даамдап, татып көргөндү жакшы көрөт эле дебедимби, саясат ошол нерселердин бири болду окшойт. Саясатта жүргөндө китеп көп окуду, бир жолу келип “Нуржан, сен орус тилчи эмессиңби, кел, экөөбүз эми орусча сүйлөшөбүз” дейт. "Артымдан түшүп жүрүп кыргызча сүйлөткөн өзүңсүң, жок, үйрөтпөйм" деп тамашалап калчумун. Жумуштан чарчап келсе иш кабинетине кирип орусча китептерди үнүн чыгарып окуйт эле, айрым терминдерди акценти жок сүйлөп тилин көндүрүүгө аракет кылчу.
“Балдарды эркин чоңойтту”
– Биздин 1 уул, 2 кызыбыз бар. Үчөө тең атасы түптөгөн фирмаларды иштетишет. Чыныбай үйдө да демократ эле, балдарды эркин чоңойтту. Кыздары мектепти бүткөндө эле банктан эсеп ачтырып экөөнө 2000 доллардан салып коюптур. “Жаш кыздар мынча акчаны эмне кылмак эле?” деп урушсам, “кыздар каржы жактан көз карандысыз болсун, керек болот” деп койгон. Бирок кичүү кызым 5-классынан, улуу кызым 7-классынан эле жайкы каникулда пансионатка барып иштешчү. Байкасам, атасы алардын эсебине салган акчаларды такыр иштетишкен жок, иштетишсе да кайра ордун толуктап коюп жатышты.
Лунара Бекиева