Депутат Шайлообек Атазов Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдон 19 тонна алтындын дарегин сурады. 19 тонна алтын өлкөдөн чыгарылып кетти деген маалымат чыкканын, бул маалыматтын чын же жалган экенине кызыкты.
– Эми биз бир жылдык отчётубуз менен келебиз. Экинчи сессияда сиздерде мени далай жолу чакырып, далай жолу суроо бергенге мүмкүнчүлүк болот. Ал эми алтын боюнча сиздерге так жооп берүүгө даярбыз. Анан айрым маалымат агенттиктердин бирибизди бирибизге тукуруп, алтындын тегерегинде чырдашып калсын дегенине жол бербейбиз. Бизде так маалымат бар, алтын оюнчук эмес да. 1 миллиграммына чейин эсеби бар,- деди Жапаров.
Депутат Нуржигит Кадырбеков миграция маселесин көтөрдү.
– Мигранттардын 3-сентябрга чейин мөөнөтү бар, эгер 3-сентябрдан өтүп кете турган болсо, ал жакта чоң көйгөйлөр башталат экен. Мурда бир жылга каттоого туруу 5-7 миң рубль болчу. Азыр үч ай сайын каттоону жаңылаш керек,- деген депутат бул маселени тез арада чечүү үчүн Тышкы иштер министрлигине тапшырма берүү зарылдыгын билдирди.