Үстүбүздөгү жылдын 21-сентябрында Орусиянын президенти Владимир Путин жарым-жартылай мобилизация жарыялады. Бул кабар Орусияда жашаган, ал өлкөнүн жарандыгына ээ кыргыздын жигиттерин да түпөйүл ойго түрттү. Расмий маалыматка таянсак, жалпы 500 миңдей кыргыз уул-кызы Орусиянын жарандыгын алган, алардын айрымдарына аскер комиссариатынан чакыруу келип баштаганы белгилүү болду. Орусиядагы кыргыз мигранттарынын абалы кандай? Аларды алдыда эмнелер күтүшү мүмкүн?
ТИМ: “КОШ ЖАРАНДЫГЫ БАРЛАР ОРУСИЯНЫН ГАНА ЖАРАНЫ БОЛУП ЭСЕПТЕЛЕТ”
Кыргыздын Тышкы иштер министрлиги Орусиядагы мобилизациянын чоо-жайын түшүндүрдү. Маалыматка таянсак, Орусияда убактылуу иштеп жана окуп жүргөн Кыргыз жарандары мобилизацияга тартылбайт. Ал эми Орусия жарандыгын алган кыргыз жигиттери: биринчи кезекте аскерге запастагылар жана буга чейин Орусиянын куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөгөндөр, тийиштүү адистикке жана тажрыйбага ээ жарандар мобилизация болушу мүмкүн.
Төмөнкү Орусия жарандары мобилизацияга тартылбайт:
• Башка өлкөдө туруктуу жашагандар, аскердик каттоодо жоктор;
• Аскердик кызмат өтөй электер, аскердик билет ала электер;
• Оор кылмышы үчүн соттолгону жоюлбагандар;
• Учурда аскердик кызматын өтөп жаткандар;
• Аскердик каттоодон чыгарылган аскер ардагерлери;
• Ден соолугуна байланыштуу аскерге убактылуу (6 айга чейин) жарамсыз деп таанылгандар;
• Оорукчан жакынын багып жаткандар;
• 16 жашка чыга элек 4 же андан көп бала багып, же кеминде бир баланы энесиз, өзү багып жаткандар;
• 22 аптага чейинки мөөнөттөгү кош бойлуу аялы жана 16 жашка чыга элек 3 баласы барлар.
Кыргыз ТИМи кош жарандыгы бар кыргызстандыктар Орусиянын гана жараны болуп эсептелерин, эки өлкөнүн ортосунда кош жарандыкты таануу жөнүндө келишим же макулдашуу жок экенин эскертти.
Марлен Маматалиев, Жогорку Кеңештин депутаты: “КАЙРА КЫРГЫЗ ЖАРАНДЫГЫН АЛЫП ИШТЕЙ БЕРИШ КЕРЕК”
– Орусия жарандыгын алгандардын көбүнүн жакындары, үй-бүлөсү Кыргызстанда. Андыктан аларга өзүбүздүн жарандардай эле мамиле кылып, мобилизация маселесинде көйгөйүн чечип берүүгө аракет кылышыбыз керек. Бирок бул жагдайда эки өлкөнүн ортосунда сүйлөшүү же келишим түзүүгө ишеним артуу болбойт. Менин сунушум – Орусия жарандыгын алган мекендештер жарандыгын тапшырып, кайра Кыргыз жарандыгын алып иштей бериши керек. Биз, керек болсо, тез арада мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип, мекендештерибиздин Кыргыз жарандыгын алуусун жеңилдетишибиз керек.
Назгүл Мыктыбекова, мекендеш: “ИНИМДИ АЛЫП КЕТИП КАЛЫШТЫ, АПАМ УГА ЭЛЕК”
– Менин иним 1983-жылкы, 2005-2006-жылдары Орусия жарандыгын алган. Ал кезде мигранттардын Орусияда жүрүүсү абдан оор болчу, кененирээк жүрөйүн деп Орусия жарандыгын алган да. 21-сентябрда, мобилизация тууралуу жарлык чыккан күнү эле иниме аскер комиссариатынан чакыруу келди. Демек, бул алдын ала пландалган иш. Иним ресторанда ашпоз, чакырууну көтөрүп алып жумушуна барса жетекчиси “дароо бар, болбосо 10 жылга камап салат” деп аскер комиссариатына алып барыптыр. Барса инимди дароо эле алып калабыз дешиптир. Даярдыгы жок эле да, “аялым ооруканада, апам оорукчан” деп сураныптыр. Бул арада биз ызы-чуу түшүп, “апасы оорукчан, жалгыз көрөр-багары ушул адам” деп маалымкат даярдадык, бирок аны жаратпай, инимди 27-сентябрда алып кетип калышты (ыйлап). Иним абдан жоош, жумшак адам, аялы экөө 10 жылдан бери балалуу боло алышпай, 1 кыз багып алышкан эле. Эмне кыларыбызды билбей отурабыз. Апабыз бул кабарды уга элек. Азырынча машыгууда болушат экен, анан согушка кетишет окшойт. “Кыргыздардан жалгыз мен экенмин” деди. Чакыруу барганда эле иниме “эч нерсеге карабай Кыргызстанга кайт” дедик. “Чек арадан кармалып калсам уят болом” деп болбой койгон. Иним Орусия армиясында кызмат өтөгөн эмес, согуштук тажрыйбасы жок. Ишке орношууда керек болот деп Кыргызстандан аскердик билет сатып берген элек. Ушинтип эле карапайым элди согушка алып кете беришеби? Кыргызстандын президентине, өкмөткө кайрылам, мобилизацияга тартылган инимди кайрып алып калууга жардам бергиле.
Марсель Салахунов, Кыргыз конгрессинин Москва аймактык бөлүмүнүн төрагасы: “МИГРАНТТАР АРАСЫНДА БИР АЗ ДҮРБӨЛӨҢ БАР”
– Учурда мигранттар арасында бир аз дүрбөлөң бар. Айрыкча Орусия жарандыгын алган мекендештерибиздин ата-энелеринен көп кайрылуулар түшүп жатат. Азыр Орусиянын жарандыгын алган, Орусияда аскердик кызмат өтөгөн, согуштук тажрыйбасы бар жана аскердик адистиги бар жарандарды гана алып кетип жатышат. Биз түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Кыргызстандын жарандары мобилизацияга тартылбайт. Ыктыярчы катары барам дегендерден башкасы. Бул үчүн Москвада атайын борбор түзүлгөн. Айрым жарандар аскер комиссариаттарынан чакыруу кагаздарын алышыптыр. Көпчүлүк каттоодо турган жеринде жашабайт, ошондуктан чакыруу алардын колуна жетпей жатат. Көптөгөн ата-энелер аларды ар кандай жолдор менен мекенине алып кетүүгө аракет кылып жатышат. Айрымдары Кыргыз жарандыгын калыбына келтирүүгө аракет кылышууда. Аскердик милдеттен качкандар үчүн Орусияда жаза каралган. Орусиянын социалдык жөлөк пулдарын алгандан кийин, мыйзам боюнча, алар аскерде кызмат кылууга милдеттүү.
P.S.: Орусиядагы кыргыз элчилиги ал жакта убактылуу иштеп жаткан Кыргыз жарандарына эгер согуштук аракеттерге катышса мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу жазасы каралганын билдирет.
ОРУСИЯДАГЫ МОБИЛИЗАЦИЯ СИЗДИ ТЫНЧСЫЗДАНТЫП ЖАТАБЫ?
Чыңгыз Ысманов:
– Мен 17 жылдан бери Орусияда иштеп, үй-бүлөм менен жашайм. Жеке оюм – жарандык алып жатканда “мен ушул мамлекетке кызмат кылууга даярмын” деп анан алат да, Орусиянын пайдасын көргөндө мамлекет керек, анан мамлекет аларга муктаж болуп турганда кереги жок болуп калбашы керек.Асел Лабаева:
– Негизинен, Кыргыз мигранттары тынч эле, дүрбөлөң деле жок. Азыр бир нерсе деп айтыш кыйын болуп калды, эртең менен ойгонсоң эле жаңы мыйзам чыгып калган болот. Мекендештерге колдон келишинче “азырынча жарандык албагыла, эч кандай кагаздарга кол койбогула” деп эскертип жатабыз.Уларбек Жунусов:
– Мага эч нерсе сезилген жок. Күндөгү жумушубузга барып келип, кадимкидей эле иштеп жүрөбүз. Мобилизацияга тартуу биздин жетекчибизге келди. Анын улуту орус, өзү да Орусиянын жараны. Мигранттар арасында ыктыярчы болуп өз каалоосу менен келишим түзүп, согуштук операцияга бараткандар бар экен деп угуп жатам.Дүйнөбек Аданов:
– Орусияга келгениме бир жыл болду. Менде эч кандай тынчсыздануу жок, кадимкидей эле иштеп жүрөбүз. 30-сентябрдан кийин Орусия бардык өлкөлөргө чек арасын жабат экен деген сөздөр айтылып жатат. Ушундан улам учакка билеттер кымбаттап, көптөр өлкөдөн чыгып кеткенге жетишип калалы деп шашылып жатышат окшойт.Толкунбай Акматов:
– Көп кыргыз мигранттар азыр ойлонуп эле отурушат эмне кыларын билбей. Мобилизацияга көз карашым түз. Биз деле кечээги Баткен окуяларында “башка улуттар деле согушпайбы, мекен кыргыздарга эле керекпи?” деп жаман көрдүк го. Анын сыңары орустар деле ошентип жатышат.Бекмамат Мамасалиев:
– Орусияда иштеп жүргөнүмө 4 жыл болду. Мобилизациядан улам көп кыргыздар Кыргызстанга кетип жатышат. Орус жарандыгы жок кыргыз мигранттар эч нерсе менен ишибиз жок эле иштеп жүрөбүз, эч кандай кысым, басым жок.
Лунара Бекиева