БИР БҮРКҮМ. АДАМ САТУУГА ШЕКТЕЛГЕН АЯЛ КАРМАЛДЫ...

  • ИИМ: Баткендеги окуяга байланыштуу акча которууда шылуундардын тузагына түшүп калбагыла.
  • Ош шаарында таштанды төгүүчү жаңы полигон курулары маалымдалды.
  • Равшан Сабиров президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору кызматынан бошотулду.
  • Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Канайым Бактыгулова кызматынан бошотулуп, ордуна Актилек Мусаева дайындалды.
  • Ысык-Көл облусунун башчысы Алтынбек Сулайманов кызматтан кетти.
  • Сузакта 16 жаштагы кызга үйлөнгөн милиция кызматкерине жана аларга нике кыйган имамга кылмыш иши козголду.
  • Бакыт Шаршеев Балыкчы шаарынын мэри кызматынан бошотулду.
  • Баткен окуясында жабыркагандарды колдоо үчүн ачылган атайын эсепке 28-сентябрга карата 287 миллион 162 миң 730 сом чогулганы айтылды.
  • Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 28-сентябрга карата 13 миллиард 596 миллион метр кубга жетти.
  • Бишкекте ишкерди коркутуп, андан 50 миң доллар талап кылган 2 жаран кармалганы маалымдалды.
  • Адам сатуу кылмышына шектелип Чүйдүн 31 жаштагы тургуну кармалды.
  • Ахматбек Келдибеков буга чейин козголгон кылмыш иштери боюнча толук акталды.
  • 1-октябрдан тарта Үрүмчү-Бишкек багыты боюнча кошумча авиакаттам ачылмакчы.
  • Учурда Кыргыз жеринде документи жок 10 миңге жакын этникалык кыргыз бар экени расмий маалымдалды.
  • Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев пара алууга шектелип кармалды.
  • Акылбек Түмөнбаев, депутат: "Акылбек Жапаров отставкага кетиши керек".
  • Депутат Тазабек Икрамов Баткенди Манас облусу деп өзгөртүүнү сунуштап чыкты.
  • Кыргызстанда 2022-жылдын 8 айында 1 миллион 181 миң тонна сүт азыгы өндүрүлгөнү айтылды.
  • 2023-жылы Кыргызстандын консолидацияланган бюджетин 500 миллиард сомго жеткирүү пландалууда.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1034, 30-сентябрь-6-октябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан