ДЕПУТАТТАРДЫН ЖОРУКТАРЫ ЖАНА “БАЛП” ЭТМЕЛЕРИ

Кандайсыңар, бурадарлар, тынчсыңарбы? Ооба, азыр бири-бирибиздин кемчиликти айтып, ич ара жаакташууга анчалык ылайык учур эмес. Бирок унчукпай отуруш да кыйын болуп жатпайбы. Бу мен Толик болгону саясатчыларды көп сындай бербейм, анткени аларды эл өзү эле тепкилеп жетишип жатат. Бул жолу саясатчыларды сайгылагым келип туру. Буга себеп көп. Бугум толду, сыя менен бир төгүп албасам оорукчан болуп калчудаймын. Анда кеттик...

Ак үйдө автоматчан жүргөн “азамат”

Ноокаттык иним Жусупбек Коргонбай уулунун Ак үйдө автоматчан жүргөн сүрөтүн силер деле көрдүңөр да, туурабы? Буга эмне болгон? Отурумдан чыгып эле түз Баткенге аттанып жатабы деп ойлоп, оюмдун баш-аягын жыйгыча болбой өзү “бул чыныгы автомат эмес, муляж” деп чыкты. Саал ишенбей калган элем. Көп өтпөй Адахан Мадумаров “өткөндө бир чоң Жогорку Кеңешке эки жашик автомат менен келди” деп бийик трибунадан айтып салды. Эми автомат көтөрүп барбаган Ак үй эле калды эле... Аны “ал күнү чек ара маселеси жабык эшик артында талкууланып, таасирдүү бирөө депутаттарга “кана, кыйын болсоңор Баткенге барып атышып көргүлөчү” деп алдыларына эки жашик автомат таштаптыр” деп эшиттим. Жусупбек иним ачууланып “барса барам эле” деп автоматты көтөрүп алып залдан чыгып баратканда чырк этмеге илинген, сыягы. Бу депутат шайланып келери менен парламентте “килейген Ак үйдө даарат кагазы жок экен, бул эмне деген Ак үй өзү?” деген атактуу фразасы менен бир “дүң” деген эле. Андан кийин дагы хитке айланган цитаталарды жаратты. Бирок, айтып коюш керек, патриот жигит, Баткенди Тажикстан тарап аткылай баштаганда биринчилерден болуп элге жардам колун сунду. Анча-мынча сөздөн жаңылганы эле болбосо, Кыргыздын алабарман мыкты азаматы...

Баатырлар чек арада жан берди, а булар Ак үйдө жатып кан берди

Чын, Баткендеги кол салуу бүт кыргызды бириктирди. Жарадарларга кан керек дегенде Бишкектеги кан борборунда узун кезек жаралды, күйүмдүү кыргызым...

Бул кампанияны Жогорку Кеңештин депутаттары да уланталы дешти эле, анча окшошпой калды. Кыргызда “эрдик кылып кой союп, иттик кылып төш тартты” деген кеп бар. Төрага Талант Мамытов баштаган депутаттар эл катары кан борборуна барып, кезексиз кирсе да мейли эле, ошол жерден кан тапшырса куп жарашмак. Жок, убактыларын аяштыбы же статусубуз бийик дештиби, айтор, кан алуучу топту Ак үйгө чакырышты. Шайлоодо эле баары элге аралашып, тим эле жупуну боло калышат да, мандат алгандан кийин эле өзгөчөлөнүп кетишет, чиркин! Кыргызымдын фантазиясынан айланайын, депутаттар эптеп убакыт таап кан тапшырышса, арабыздан “депутаттардын канын жоокерлерге куйбагыла, бузулуп кетишет” деп тамашалагандар чыкты.

9-рота, Баткенге!

Баткенде атышуу токтоп, абал турукташа баштаганда депутаттарыбыз күтүүсүз жерден Баткенге жөнөп кетишсе болобу? Баары аскер кийимчен, кабакты түйүшкөн, сүрдүү... Кырдаал менен таанышып, элдин акыбалын сурап келебиз дешиптир. Автобуста отурган сүрөттөрү чыкса, Баткенге чейин автобус менен барышат окшойт деп ойлопмун. Мен эмес, эл деле ошентип ойлоптур. Кайдан, автобус “Манас” аэропортуна чейин алпарып, андан ары учакка отурушуптур. Ошо, автобус менен Бишкектен Баткенге кемпирим экөөбүз эле барбасак, булар суткалап жол жүрбөй калышты го. Көчүктөрү жооруп кетпейби. Кечээ парламентте Мирлан Самыйкожо деген депутат “Баткенге барууга депутаттарды мажбурладыңар, кантип мажбурлаганыңарды айтпай эле турайын” деп кептин четин чыгарды. Айттым ошо, автобуста отурган депутаттардын кебетеси Баткенге шашылып бараткандардыкындай эмес болчу.

“Секретутка”... Бул эмне деген сандырак кеп?

Азыркы парламентте Акбөкөн Таштанбеков деген депутат бар. Бир жолу өлкөдө балдарга карата зомбулук маселеси кызуу талкууланып жаткан маалда “айрым өспүрүм кыздар кыска кийинишип, өздөрү педофилдердин көңүлүн бурушат” дебеспи. Кокуй күн, бул эмне деген сандырак кеп? Ошондой кыска этекке кызыккан эркектерди тарбиялап, керек болсо, жазалагандын ордуна кайра күнөөнү алсыз кыздарга оодаруу канчалык туура, башым жетпеди. Кечээ жакында бул депутат “жоокерлердин айлыгы 20 миң сомго жетпейт, ал эми айрым “секретуткалар” 40 миңден жогору айлык алышат” деп салды. Эмне деген термин бул, урматтуу Акбөкөн мырза? “Секретарша” деп айтыш кыйынбы? Катчылар эмне, адам эмеспи? Атайын баса белгилеп айттыбы же сөздөн чалындыбы, эмнеси болсо да депутаттын оозунан чыга турган сөз эмес болчу тиги...

Толик сынчы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1034, 30-сентябрь-6-октябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан