“Ага-ини” тобу: «АЗЫР ЭСТРАДА ЫРЧЫЛАРЫНАН РЭПЕРЛЕР ПОПУЛЯРДУУ»

Бул жигиттер көбүнчө патриоттук ырларды ырдашат, коомдогу окуялар тууралуу ой-толгоолорун ырлары аркылуу жеткиргенге аракет кылышат, кыргыз тилин пропагандалашат... “Биз коомго терс таасирин тийгизчү ырларды ырдагандан баш тартабыз”,- дешет алар. Бир туугандар Эмир менен Кайбар коногубуз.

– Кандайсыздар, Эмир, Кайбар? Алгач куттуктап өтөйүн, Эмир жакында үйлөнгөн экен. Куш бооңуз бек болсун!

Эмир: – Ооба, үйлөндүм 30га чыкканда. Рахмат! Чыгармачылыкта жүргөнүмө 10 жылдан ашып калыптыр. Чыгармачылыкка үйлөнүп алдым окшойт деп ойлоно баштагам (күлүп). Үйлөнгөн сонун экен. Жакшылыкты артка жылдырып жүрө бербеш керек тура.

– Экөөңүздөр тең үй-бүлөлүү болуп калдыңыздар. Сиздердин оюңуздарча, жубайга карата мамиле кандай болушу керек?

Э.: – Жубайга жумшак, сылык, түшүнүү менен мамиле кылыш керек. Бир бүтүн болуп кыймылдайлы деп ой-пикирди ортого коюп чечим чыгаруу жакты мага.

Кайбар: – Бири-бирин жакшы көрүп, жакшы сөздөрдү айткандан эле мамиле бекемделип калбайт экен. Бекем мамиле кыйынчылыктарды бирге жеңгенде калыптанат дешет го. Бири-бириңе түшүнүү менен мамиле кылып, кеңешип иш кылып, үйдө баары адилеттүү болсо мамиле бекем болот.

– Коомубузда аялдарга болгон мамилеге кандай пикирдесиздер?

К.: – “Кечир бизди, аялзат” деген ырыбызда аялдарга карата коомдогу орой, адилетсиз мамилени ырдаганбыз. Бирок ал акырындык менен жоюлуп баратат. Менимче, бардык мамилени адамгерчиликтин нормаларына салып караш керек. Мамиледе адилеттүүлүк, тең салмактуулук болушу керек деп ойлойм. Эркектер көбүнчө эгоист болушат. Өзүнө, көңүл ачууга көп убакыт бөлүп, үй-бүлөсүнө аз убакыт бөлүп коюшу мүмкүн. Ал эми аялзаты толугу менен өзүн үй-бүлөгө арнайт экен. Хоббисинен, жакшы көргөн жумушунан, айрым учурда өзүн карагандан да баш тартып, өзүн толук бойдон балдарына, үй-бүлөгө арнап коюшат. Ошол себептүү мамиледе кризистер пайда болуп, ортодогу мамиле муздашы мүмкүн. Эркектер аялдарына эркиндик, өзүн кароосуна шарт түзүп бериши керек.

– “Кечир бизди, аялзат” ырын кайсы бир окуядан улам таасирленип жазгансыздарбы?

К.: – Аялынын моюнуна дөңгөлөк илип сабаган эркектин жоругун көргөндөн кийин жазылган чыгарма. Андан кийин деле канчалаган аялдарга карата зордук-зомбулук болуп жатканы тууралуу окуялар чыкты. Ал ыр азыр деле актуалдуу десек болот.

– “Биздин мекен”, “Туулган жер”, “Жамандаба”, айтор, мекенге арналган ырларыңар көп экен...

К.: – Биз кичине кезибизден патриоттук сезим менен чоңойгонбуз. Кийин бойго жетип калганда эл катары миграцияда жүрдүк. Ар үй-бүлөдө бар болуш керек, Орусияга барып иштеп келген адам. Биздин үйдөн Эмир да, мен да, иним да барып келгенбиз. Бөтөн жерде жүргөндө туулган жердин баркын сезет эмеспизби. Москвада жүргөндө мекенибизди сагынчубуз. Ошол учурлар да ушундай ырлардын жаралышына түрткү болгон.

– Москвада жашооңуздар кандай болду, кандай кыйынчылыктар баштан өттү?

Э.: – Ал жактагы жашообуз кызык. “Мен ушундай жөнөкөй жигит” деген ырдын клибиндегидей, көчө шыпырып иштедим. Ал учурда, 2009-2010-жылдары, мигранттардын жашоосу өтө оор болчу. Ошол оор жашоодо бир жыл жашап келгем.

К.: – Мен да бир жыл иштегем. Мен барганда кыш болчу, 2 айдай кар күрөгөм. Кийин тез тамактануучу жайдын кассасында иштедим. Ал жакта айлыктан айлыкка чейин жашачубуз, акча топтоп үйгө жөнөтчүбүз. Айлык алганда азык-түлүк алсак, ал 2 жумага жетпей түгөнүп калат, кайрадан айлыкты күтмөй. Ачка калган учурлар да болду.

Э.: – Картошканы эттей көргөн учурлар болду...

– Азыр экөөңүздөр тең чыгармачылык менен алексиздер, рэпер болуп үй-бүлө бакса болобу?

Э.: – Албетте, болот. Рэп аябай популярдуу болуп жатпайбы. Эстрада ырчыларына караганда рэп аткаруучуларды Казакстанга, Москвага көп чакырышат, гонорары жакшы. Рэп попса менен бир тепкичте же андан бир тепкич өйдөрөөк. Дегеним, тойлордо рэп аткаруучулар жок. Алар оңою менен тойго барышпайт, алар башка аудиторияга иштешет, чоң стадиондордо ырдашат. Менимче, рэп азыр популярдуураак. Анткени ар бир поп ырдаган аткаруучу сөзсүз ырына рэперден бир куплет күтөт. Анткени аудиторияны кеңейтиш керек.

К.: – Рэп популярдуу болуп, рэперлер жакшы киреше таап башташты. Акча көбөйгөндө чыгармалар да сапаттуу чыга баштайт. Азыр көп рэперлердин өз студиялары бар. Бизге уюштуруучулар, менеджерлер, продюсерлер жетишсиз деп ойлойм. Таланттуу аткаруучулар, студиялар көп. Аларды кенен жайылтып, каржы жагынан колдоп бере турган адамдар аз.

– Сиздерди да чет өлкөлөргө чакырышабы?

Э.: – Убагында Орусиядан чакыруулар түшкөн. Такыр келишим түзө албай койдук. “Баргандан кийин кайра келем” деп келишим түзбөсөң, ал жакта биротоло калып калышың мүмкүн экен. Анын үстүнө барып келгендерден сурасак “барбай эле койгонуңар жакшы” деп кеңеш беришкен.

– Кыргызстанда азыр ким кыйын рэпер?

К.: – Биринчи орунда, талашсыз, Улукманапо турат. Ырларынын угулушу, жөнөкөйлүгү менен тартып жатат элди. Тексттери жакшы. Өзүн алып жүргөнү жаштарга жагат. Ал жаштардын тилинде сүйлөйт.

– Ырларыңар менен элге эмнени жеткиргиңер келет?

К.: – Азыр “чала спортиктин” образындагы тамашалардан улам көп жаштар ошентип сүйлөп калышкан. Кээде ырлардагы, кинолордогу айрым сөздөр жашообузга кирип кетет. Биз ушул куралды колдонуп кыргыз тилин көбүрөөк жайылткыбыз келет. Мотивациялык ырлар аз деп ойлойм. Азыр спортчуларыбыз өлкөнү дүйнөгө таанытып кубантып жатышпайбы. Аларга дем берчү күчтүү ырлар керек. Жан дүйнөгө таасир берчү чыгармалар аз. Ушундай чыгармаларды жаратсак дейбиз.

Э.: – Азыр “мени жаман көргөндөр толтура. Ошон үчүн ийгиликке жетип жатам” деген маанидеги ырлар көбөйүп жатат.

– Экөөңүздөр жекече ырдап чыкканга да аракет кылып жатыпсыздар...

Э.: – Ооба, өз-өзүнчө да ырдап көрөлү деп жатабыз. Бир кайыктабыз, чогуу сүзгөн жакшы, бирок жалгыз да сүзүп көрөлү деген ой. Бирок муну бөлүндүк деп айтууга болбойт. Топ болуп деле иштей беребиз.

АКЫРКЫ ЖОЛУ...

– Эмнеге кубандыңар?

Эмир: – Үйлөнгөнүмө.

Кайбар: – Кечээ күнү кызым алгачкы кадамын таштады.

– Эмнеге таң калдыңар?

Эмир: – Өзүбүздүн жерибизге өзүбүз ээ болбой калганыбызга.

Кайбар: – Саясатта күндө эле таң калычтуу нерселер болуп турат. Мисалы, Кемпир-Абаддагы суу биздики, жер тигилердики экен. Бул таң калчтуу нерсе да.

– Эмнеге көп акча короттуңар?

Эмир: – Калыңга. Канча бергеним сыр болсун.

Кайбар: – Унаа алдым, 15 миң долларга.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1037, 21-27-октябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан