“СЕНДЕН ӨЧ АЛГЫМ КЕЛЕТ...”

– Жаз келип, жер жарылып чөп чыгып жаткан сонун маал болчу. Жаңы жумушка кирип, жаңы жерде өз ордумду таап алайын деп аракет кылып жүргөм, оюмда мындан башка эч нерсе жок болчу. Сени менен таанышкан учурду эстегенде мага жаздын жыты жыттанып, ошол аба ырайы мээлүүн болгон кез элестелет. Ошол учурду дагы бир ирет сүйүп кетем. Анда Абир да жумушка жаңы келген. Экөөбүз чогуу иштеп калдык. Сүйүү-пүйүү деп баш оорутуп көргөн жан эмесмин. Эртең менен туруп, бетимди эптеп жууп жумушка жеткениме кубанып жүрө берчүмүн. Өзүмдү карабайм, дүңкүлдөп басам, тарсылдап күлөм, канча кааласам ошончо тамак жейм. Бара-бара кызга окшошкум келе баштады. Кээде көйнөк кийип коём, наздангым келет. Өзүмдөгү бул өзгөрүүлөрдү кийин түшүндүм. Көрсө, Абирге жаккым келчү экен. Бир жылдын ичинде чындыгында аябай өзгөрдүм. 7 килограммга арыктап, кызга окшоп көйнөк кийип, боёнуп, наздуу сүйлөп калдым. “Сен жакшынакай болуп кеттиң” деген сөздөрдү көп уга баштадым. Бир күнү корпоративдик кече болуп калды. Ошондо бир аз кызуу болуп калган Абир жаныма келип бийге тартты. Жүрөгүмдүн дүкүлдөгөнү баарына угулуп жаткандай сезилди, бирок мен бактылуу болчумун. Абирдин мага карай кадам жасашын бир жыл бою күткөм. Кечеден кийин ал мени үйүмө жеткирди. Кызуулукка салып сезимдерин айтып алды. Ошол күндөн кийин күндө жумушка толкунданып, шашып бара турган болдум. Экөөбүз жумушта да чогуу иштеп, жумуштан кийин сейилдеп такыр эле ажырашпай калдык. Чындыгында 1 саат көрбөй калсам сагынчу болдум. Эгиз козудай ээрчишип 4 жыл жүрдүк. Ал кезде менин жашым 26га келип калган. Үйдөгүлөр да “турмушка чык” деп шаштыра башташканынан “качан үйлөнөбүз?” деп сурай баштадым. Бирок анын дайыма жообу даяр болчу, бир күнү үйлөнгөнгө шарты жок экенин айтса, кийинкисинде дагы бир шылтоо таап кутулуп жатты. Бир күнү ата-энем менен таанышууну өзү сунуштады. Кубанып эле баарын уюштура калдым. Бирок ал жолугушууга келбей койду. “Досумдун маселелери чыгып калды” деди эч нерсе болбогондой. Бирок бул учур мен үчүн аябай маанилүү болчу. Көңүлүм калды. Айтор, күтүүдөн чарчап кеттим, белгисиздик адамды жейт экен. Же үйлөнөм дебейт, же үйлөнбөйм дебейт. Ата-энем менен таанышууга келбей койгондон кийин экөөбүз таарыныша кеттик. Жиним келип буга чейин мага сөз айтып, телефон чалып жүргөн балдардын бирине өзүм чалып жолугушууну сунуштадым. Ал бала мага жаккан жок. Бирок жигитимдин жинине тийүү үчүн мага башка жигит керек болчу. Ал жигит менен сүйлөшүүнү токтотпой койдум. Ушунчалык ыза болуп калгам Абирге, ар кандай жиндилик кылдым. Бир күнү Абир жалынып, сүйөрүн айтып кайра келди. Бир жумадай артымдан калбай, айтканымдын баарын жасап, белегин берип жүргөнүнөн макул болдум. Өзүм деле ошону күтүп тургам. Кайрадан баары мурункудай болот деп күттүк экөөбүз тең. Кайдан? Көңүлдүн сынганы бүтөлбөйт экен. Анын да мендей болуп көңүлү оорушун кааладым. Анын көзүнчө жигиттер менен сүйлөшүп, кээде каратып туруп башкалардын унаасына отуруп кетип калчу болдум. Ал чыдап жүрдү, акыры анын да чыдамы түгөндү. Тилегиме жеттим, көңүлүн ооруттум. Бирок сүйгөн адамымды түбөлүккө жоготтум. Ал кетти да, биринчи эле таанышкан кызга сунуш киргизип, үйлөнүп алды. Мына, тагдырдын тамашасы, 4 жыл сүйлөштүк, андан үйлөнүү сунушун көпкө күттүм, бирок ал бир көргөн кыз менен тагдырын байлады. Азыр 2 балалуу болуп калышты. Мен болсо анын жашоосун Инстаграмдан карап коюп отурам. Жиним келет, 4 жылымды алганына, дагы эле жүрөгүмдөн чыкпай жүргөнүнө.

Андан кийин жашоомду калыбына келтирем деп көп аракет кылдым. Андан бери дагы 3 жыл өттү, колумдан келбей жатат. Мен дагы эле сени сүйөм, дагы эле сенден өч алгым келет...

Асылай

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
nuraiym_kenzhebaeva
2022-10-31 10:30:00
Жакшы бүлөө куруп, өз турмушуңду түптөп алсаң өч плганың болбой, эмне болуптур?! Бактылуу болсун деш керек, анан сага да бакыт келет...
+1
Gguggh
2022-11-06 19:39:00
Мен дагы суйгонумо ЖЕТПЕЙ калгам 25 жыл болду бактылуумун бирок журогумдо суйгонум жашайт
0
№ 1038, 28-октябрь-3-ноябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан