“Кыргызстанда адам атуу коён атууга тете болуп бара жатат” деген кепке кошулбай койбойсуң. Болгондо да милиция кызматкерлерин ит аткандай канга боёп атып салуу эмне деген шумдук?!
4-ЯНВАРЬ, ЧУУЛГАНДУУ ОКУЯ
2011-жылдын биринчи айы чуулгандуу окуя менен башталды. 4-январь күнү Бишкек шаарынын 8-кичирайонундагы 16 кабаттуу үйдүн коридорунда милициянын 3 кызматкери кылмышкерлердин колунан каза болду. Саат 20:25 чамасында Октябрь РИИБинин кызматкерлери Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү
№8/1 кабаттуу үйүндө суткасына берилчү бөлмөдө жашап жатышкан азиат улутундагы 4 адамдын паспортун текшеришкен. Ошол учурда алардын бири милиция кызматкерлерине Калашников автоматынан ок чыгарган. Бир нече октон улам оор жаракат алгандар дароо каза табышкан.
Айрым маалыматтар боюнча, окуя болгондон кийин 4 кылмышкер BMW автоунаасы менен күн чыгышты көздөй качып кеткен.
“ЖАРДЫРУУГА ТИЕШЕСИ БОЛГОН”
Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 4-январда милиция кызматкерлерин аткан адамдар террордук топтун активдүү мүчөлөрү экенин белгилөөдө. "Булардын Спорт Ордосунун жанында болуп өткөн жардырууну уюштурууга жана Шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын имаратынын алдында жардыруу аракетин жасоого да тиешеси болгон",- деп билдирет.
ТЕЛЕФОНУН СЫРТКА ЫРГЫТЫП...
Окуя болгон күндүн эртеси түшкү саат 12 чамасында чуулгандуу иш болгон жерге бардык. Үйдү сүрөткө тартып жатканыбызда эки машина менен катуу ылдамдыкта келип токтогон милиция кызматкерлери шаша-буша үйгө чуркап кирип, жапалдаш бойлуу үч кыргыз жигитти колдорун кайрып сыртка сүйрөп чыгышты. Мына ушул учурда үчөөнүн бири уюлдук телефондорун ыргытканга үлгүрдү. Бирок бул жигиттер тууралуу орган кызматкерлери эч комментарий беришкен жок. Болгону, үчөө милиция кызматкерлерин өлтүргөн кылмышкерлер түнөгөн бөлмөгө барышкандарын билдик.
“КЫЛМЫШТУУ ТОП КАРМАЛЫШЫ КЕРЕК”
Өлкөнүн премьер-министри Алмазбек Атамбаев 5-январда күч структураларынын жетекчилеринин катышуусу менен жумушчу кеңешме өткөрдү. Премьер-министр өз сөзүндө: “Кылмыштуу топтор кармалып, жок болушу керек. Ал эми каза болгон милиция кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнө өкмөт ар тараптан жардам көрсөтөт",- деди.
“ТОПТУН 20 МҮЧӨСҮ БАР”
УКМКнын төрагасынын орун басары Марат Иманкулов милиция кызматкерлерине кол салган топту “жихадчылар” деп атады. Анын айтымында, “Жихад” уюму бир катар чет өлкөлөрдөгү уюмдардын идеясын туу туткан уюм катары Кыргызстанда мындан эки жыл мурда түзүлгөн. Бул уюмдун Кыргызстанда 20 мүчөсү бар. “Жихадчылар" динчил катары көрүнүп, террордук, экстремисттик иш-аракеттерди жүзөгө ашырууга камынып келишкен.
БИРӨӨ КАРМАЛЫП, ЭКӨӨ ЖОК КЫЛЫНДЫ
5-январь күнү алдын ала алынган маалымат боюнча, Бишкектин четиндеги Беш-Күнгөй айылына жакын жерде согушчандардын тобу жашырынып жүргөндөрү аныкталган. Ошол эле күнү түштөн кийин шектүү адамдарды кармоо үчүн атайын операциясы өтүп, тик учактан аскер түшүрүлгөн. Анда куралдуу каршылык көрсөткөндөрдүн бирөө кармалып, экөө жок кылынды. Кармалганы "милиция кызматкерлерин өлтүрүүгө тиешеси бар" делип издөө салынган Эдил Абдрахманов, жок кылынгандары Советбек Исламов жана Азим Султанкулов экендиги аныкталды.
Ошондой эле "террорчу" делип шектелгендерди кармоо операциясы учурунда "Альфа" кошуунунун бир кызматкери окко учту. Бул жоокер апрель окуясы боюнча айыпталып жаткандардын бири экени маалым болду.
“СООДА БОРБОРЛОРУНДА ТЕРРОРДУК АКЦИЯЛАР УЮШТУРУЛМАК”
"Кыргызстандагы террордук топтордун бардык иш-аракеттери укук коргоо органдарынын кызматкерлерине каршы багытталган",- деп маалымдайт Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев.
Ал өз сөзүндө: "Спорт Ордосунун жана Бишкек ШИИБинин жанындагы жардыруулар, ошондой эле милиция кызматкерлерин атып өлтүрүү окуясы буга күбө. Бизге жеткен маалымат боюнча, кылмыштуу адамдар «Айчүрөк» соода борборунда, «Вефа» борборунда жана ШИИБдин жанында террордук акцияларды уюштурууну көздөп, өлкөдө баш аламандыкты пайда кылууга умтулушкан",- дейт.
“ЭКСТРЕМИЗМ МЕНЕН ТЕРРОРЧУЛУКТУН ИСЛАМГА ЭЧ ТИЕШЕСИ ЖОК”
Кыргызстан мусулмандар диний башкармасынын атынан муфтий Чубак ажы Жалилов кыргызстандыктарга төмөндөгүчө кайрылды:
– Ислам экстремизмдин бардык түрлөрүн, ошондой эле адилетсиздикти, таш боордукту, коррупцияны, зулумдукту, бирөөнүн жанын кыюуну айыптайт жана кабыл кылбайт. Ислам баскынчылыкка, зомбулукка жана жан кыюуга тыюу салат. Кыргызстандын эли экстремизм менен террорчулуктун исламга эч тиешеси жок экенин билип, болуп жаткан окуяларды түшүнүү менен кабыл алып, кандай кырдаал болбосун тынчтыкты, стабилдүүлүктү сакташарына ишенебиз.
КЫЛМЫШТУУ ТОП КУРАМЫ
ЖОК КЫЛЫНДЫ
ИСЛАМОВ СОВЕТБЕК
АДИЛОВИЧ
1972-жылы 27-майда Чүй облусундагы Кемин районунун Ак-Түз айылында төрөлгөн.
СУЛТАНКУЛОВ АЗИМ
ЖАРКЫНБАЕВИЧ
1985-жылы 19-апрелде Нарын облусундагы Жумгал районунун Миң-Куш айылында төрөлгөн.
КАРМАЛДЫ
АБДРАХМАНОВ
ЭДИЛ АЛЫМЖАНОВИЧ
1986-жылы 25-февралда Бишкекте төрөлгөн.
Оң көзүнө ок тийип, борбордогу ооруканалардын бирине жеткирилгени дайын болду.
ИЗДЕЛҮҮДӨ
САЛИЕВ КАЙРАТ
АЛЫБЕКОВИЧ
1981-жылы 11-июнда Бишкек шаарында төрөлгөн. Жанында курал-жарагы бар, өтө коркунучтуу.
КАДЫРАЛИЕВ ДАНИЯР
КЫЛЫЧБЕКОВИЧ
1976-жылы 9-ноябрда Нарын облусундагы Жумгал районунун Миң-Куш айылында төрөлгөн.
Жашаган жери: Арча-Бешик конушу, Сыдыков көчөсү, 207-үй. Куралчан, өтө коркунучтуу.
ДӨӨТКУЛОВ РУСЛАН
ТУРДУБЕКОВИЧ
1982-жылы төрөлгөн.
Жашаган дареги: Бишкек шаары, Арча-Бешик конушу, Кең-Кол көчөсү, 60-үй. Куралданган, өтө коркунучтуу адам.
Окурмандын ою
"ИСЛАМДАН БАШКА ДИНДИ ДА ЖАЙЫЛТУУ КЕРЕК"
Бул жагымсыз окуя коомчулукта көптөгөн пикирди жаратты. Алардын арасында "башка диндерди жайылтуу керек" деген да окурманыбыз бар.
– Террорчулар баш көтөргөн учурда ар бир адамда ар түрдүү ой жаралат. Террорчулук биздин турмушубузга акырындан кирип келет. Бул мамлекет жана коом үчүн өтө коркунучтуу көрүнүш. Бирок биз буга кайдигер карабашыбыз керек. Террорчуларды мусулман эмес деп өзүбүздөн алыстата беребиз. Андай эмес, чынында, алар – мусулмандар. "Алла жалгыз, Мухаммед анын жардамчысы" деп ишенип тобо кылгандар. Алар Куранга чын жүрөгүнөн ишенгендиктен, курман болуп жатышат.
Албетте, бардык эле мусулманды террорчу деп айтууга болбойт, бирок бир дин үстөмдүк кылган өлкөдө сөзсүз террорчулук болот. Ошондуктан ислам дини менен катар протестанттык динди жайылтып, тең салмактуулукту кармаш керек. Ал үчүн мектептерге, окуу жайларга башка диндер боюнча сабактарды киргизүү зарылчылыгы келип чыгат.
Асек Ногоев
УКМК издөө салынган адамдар жөнүндө маалымат болсо, (0312) 62-65-04, (0312) 66-04-75 байланыш телефондору аркылуу Ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрүнө же 102ге билдирүүнү өтүнөт. Жардам берген адамдын коопсуздугун сактоого кепилдик берилет.
(Арашанда өткөн чуулгандуу окуя тууралуу
видеону сайтыбыздын
"Элдик видео" бөлүмүнөн көрө аласыздар).
Сүйүн Кулматова
koom@super.kg