«МОДЕРН ТОКИНГ» ("Modern Talking") тобу

80-жылдардын жүрөк эзген ырлары азыркы жаштар тарабынан ырдалбаса дагы ага-эжелерибиздин жүрөгүндө эң жакшы көз ирмемдерди эске салган жандүйнө жаңырыгы бойдон кала бергенинен күмөн жок. Гезитибиздин бул санында окурмандарыбызга бир тамчы болсо да жаштык элесин тартуулоо максатында 80-жылдарга сапар тартууну туура таптык. Анда «Дүйнө жылдыздары» рубрикабыздын бүгүнкү санында убагында миллиондогон кыздардын көз жашын агызган «Модерн Толкинг» тобу жана анын солисттери тууралуу сөз козгомокчубуз. Айта кетсек, сиз сүйүп уккан 80-жылдардын атактуу ырчылары тууралуу маалыматтарды мындан кийин кезек-кезеги менен гезитибизге жарыялап турмакчыбыз.

Топ тууралуу

Сексенинчи жылдардын экинчи жарымында жер шаарын дүңгүрөткөн Германиядан чыккан эң популярдуу топтордун бири “Модерн Токинг” 1983-жылы негизделген. Алгач топтун жетекчиси Дитер Болен ыр жаратып, музыкага жан дили менен берилген адам болгонуна карабастан, алгач өзү сахнага чыгуу тууралуу ойлогон да эмес. Ошол жылы белгилүү француз ырчысы FR Давиддин “Pick up the phone” (“Телефондон жооп бер”) деген ыры жарыкка чыгып, Дитер бул чыгарманы немис тилине которууну пландаштырат. Бирок, өзү ырдоо тууралуу ойлобогондуктан, таланттуу аткаруучу издештире баштаган. Үн жаздыруучу студиялардын биринен Томас Андерс аттуу жаш ырчыны сунуштаган кат келип түшүп, ушундан көп өтпөй Дитер менен Томастын аткаруусундагы хит ырлар жарала баштайт. Дитерге жаш жүрөгү энергияга толгон жигит Томас менен иштешүү кызыктуу жана пайдалуу болуп, өз жемишин бере баштайт. Болендин үйүндө жайгашкан студияда топтун алгачкы ырлары жаралып, бул ырлар топтому бүткүл Германияга тез эле 30 миң даана пластинкада тарайт.
Октябрь айында бул дуэтке “Модерн Токинг”деген ат беришип, буга чейин эле баштаган “You My Heart, You re My Soul” (“Сен менин жүрөгүм, сен менин жанымсың”) ырын аяктап чыгышат. Бирок, бул ыр жарыкка чыккандан кийин деле жакшы жыйынтык берген эмес. Ошол эле жылдын ноябрь айындагы Томас менен Норанын чоң автокырсыкка учурашы жогорудагы чыгармага бул окуяны чагылдырган клип тартууга түрткү берген. 1985-жылы 15-январда клип жергиликтүү телеканалдардын биринде алгачкы жолу элге тартууланат. Бул болсо, “Модерн Толкинг” тобуна атак-даңк жана ийгилик алып келген. “Cheri, cheri Ledi” (“Алча айым”), “Brother Louie” (“Бир тууган Луилер”) жана башка ырларысыз бир дагы майрам өтчү эмес. Миллиондогон күйөрман кыздардын көз жашы алдында өткөн жеке концерттер, дүйнөлүк турне, атактуулук жана байлык... Бул учурда ыр жазууга убактысы жок болгондуктан, мурда чыгарылган, бирок, эл убагында баалабаган чыгармалар эми хитке айланып, кыскасы, күйөрмандары ырчылардын ар бир сүйлөгөн сөзүн чыдамсыздык менен күтүп калышкан.
Турмуштун мыйзамдары ушундайбы, айтор, кандай гана иш болбосун тоскоолдуктарсыз ишке ашпайт эмеспи. 85-жылдардын аягында топтун жетекчиси Дитер Томастын ишине канааттанбай, “беш ай ичинде 2 альбом жаратууга жетиштим, бирок, Томас болгону үн жаздыруу үчүн эки ирет гана студияга кайрылды” деген сыяктуу сөздөрдү шеригинин дарегине узата баштаган. Ортодогу от чагылуулардын жыйынтыгында Дитер башка ырчылар менен иштеше баштайт. Анын айтуусуна караганда, муну менен “Модерн Толкинг” тобунун жылдызы аталган Томастын көлөкөсүндөгү адам катары кабыл алынган Дитер Болен ким экенин элге көргөзүп жана өз күчүн даңазалагысы келген. Анын чыгарган ырлары чыныгы түбөлүктүү чыгармаларга айланып, сериалдарда да аткарыла баштайт. Топ 12 эң мыкты делген ырларын камтыган 4 альбом чыгарууга жетишип, келишим боюнча дагы бир жыл иштешүү керек болгонуна карабастан ортолорунан ырк кетип, топтун чачырашына алып келген. Дитердин айтуусунда, дүйнө элдери сүйүп уккан “Модерн Толкинг” тобунун тарап кетишинин дагы бир себеби Томастын жубайы Нора болгон. “Мен дагы топтун үчүнчү мүчөсү катары таанылышым керек” деген Норанын талаптары бир гана Дитерди эмес, төгөрөктүн төрт бурчун ээлеген күйөрмандарынын да кыжырына тие баштаган. Нора кандай гана концерт болбосун сахнага чыгып алууну адат кылып, бардык иштерине кийлигише берчү. Мунун амалын табуу үчүн Дитер дагы атайлап башка эки кыздын жеке концертинде коштоп ырдап турууларын суранган. Муну уккан Нора амалкөйлүк менен аларды жолотпой да койгон экен. Концерт аяктап, көшөгө жабылаары менен кыйкырык, уруш-талаштардын башталганына залдан чыга элек көрүүчүлөр күбө болушкан. Мындан көп узабай эле “Модерн Токинг” тобу жо­голууга учурап, 200 миң долларлык чыгашага дуушар болушкан.
Айласы кеткен Томас Россияны көздөй багыт алса, Дитер “Блю Систем”деп аталган жаңы топ түзүп, Европага сапар тартат. Эмгегинин акыбети кайтып, бактыга жараша бул топ дагы популярдуулукту багынта алат. Элге белгилүү альбомдорунун бири “Walking On A Rainbow” (“Күн желесинин үстүндө басуу”) “Модерн Толкингдин” стилинде жазылгандыктан, тез эле көпчүлүктүн жүрөгүн багындырган. Бул убакыт аралыгында Дитер киного тартылууга да жетишет.
1998-жылдын апрель айында болуп өткөн дүйнөлүк масштабдагы концерттердин биринде “Модерн Толкинг” тобунун мүчөлөрү Томас менен Дитер бетме-бет жолугуп калышат. Томастын Нора менен ажырашканын угуп, Дитер топту кайрадан жандандырууну сунуштаган. Ошондон тартып эски өнөктөр кайрадан биргеликте иш алып барып, бир жыл ичинде үч альбом чыгарууга жетишишкен. Эки дүйнөлүк музыканттардан турган бул тандемдин өмүрү биз күткөндөй узун болбой, тилекке каршы, 2003-жылдын июнь айында кайрадан топ тараган.

Томас Андерс

Берндт Вайдунг (Томас Андерстин өз аты) 1963-жылы 1-мартта Германиядагы кичинекей шаарча Мюнстермальдфельдде төрөлгөн. Атасы бул шаардын мэри, апасы дүкөндө сатуучу болуп эмгектенчү. Ахим аттуу байкеси жана Таня-Катрин деген карындашы бар. Кичинекей кезинде Томми кыздардын оюнчуктарына көбүрөөк кызыккандыктан, мектепте окуганына карабай сары чачтуу Барби куурчагын колунан түшүрчү эмес экен. Мүнөзү кыздарга окшош болгондуктанбы, айтор, кичинекейинде эч шоктонбогон бала ата-энесинин сыймыгы, элдин сүймөнчүгү болчу. 16 жаш курагында өзү жараткан биринчи ырынын артынан эле Томас Андерс деген псевдоним менен ырдап чыга баштаган. Жашоосуна өзгөрүүлөр бала кыялындагы элестеткен Барбиге окшош Нора Баллингге жолуккандан кийин кире баштаган. Бирок, ал кезде Нора менен түбөлүккө калбасын жана муну менен эл жүрөгүнөн кабыл алган топ “Модерн Толкингдин” келечегин туңгуюкка алып келээрин сезген да эмес. Ал эми жашоосундагы дагы бир бурулушка 1983-жылы атактуу композитор Дитер Боленге жолукканда кезиккен. “Модерн Токинг” тобунун солисти болоору менен эле атагы алыска тарап, дүйнө кыздарынын өздөрүн эмес, жүрөктөрүн сыздаткан ырчы катары таанылды. Кызганчаак аялы Норага бул нерсе жага бербей, анын бардык иштерине кийлигише баштаган. Жогоруда айтылгандай, мунун аягы топтун чачырашына алып келген. Чыгармачылыгындагы 11 жылдык үзгүлтүктөн кийин Дитер менен биргеликте кайрадан эле эски ат менен топту жандандырышкан. Бул убакта “эми сенин жылдызың өчтү, мен сени менен бактылуу боло албайм” деген Норанын сөздөрүнөн кийин ажырашып кетишкен эле. Кайрадан жумшаган эмгектеринин акыбети кайтып, 98-жылдары жаңы ырлары менен Европа хит-параддарынын биринчи катарларынан орун алышкан. Жеке карьерасында Томас 7 альбом чыгарууга жетишкен. Бир топ жыл жалгыздык менен күрөшүп отуруп, Томас жашоосунда дагы бир сүйүүсү Клаудиа Хесске жолуккан. Клаудианын шоу-бизнеске эч кандай тиешеси жок. Учурда ортолорунда баласы бар. Бош убактысында үй жаныбарлары менен алектенүүнү жактырат, андан тышкары сууда сүзүү, теннис ойноо Томастын жеке жашоосундагы хоббилери.

Дитер Болен

80-жылдары жаш кыздардын жүрөгүнөн түнөк тапкан “Модерн Токинг” тобунун жетекчиси Дитер Болен 1954-жылы 7-февралда Германиянын Олденбург шаарында инженер-гидротехниктин үйбүлөсүндө төрөл­гөн. Мектепте башталгыч класстарда эң мыкты окучу, тилекке каршы, кийинчерээк жеңил баңгизатка берилип кеткенинен да кабар бар. Окуучулук кезинде мугалимдери менен тил табыша албай көп чыр-чатактарды чыгара бергендиктен, атасы Дитерди жаза катары мектеп-интернатка өткөзүп салган. Бирок, акыркы класстарда жакшы окуп, Геттинген университетинин экономика факультетине тапшырган жана 1978-жылы бул кесиптин ээси болуп, колго диплом алат. Музыка дүйнөсүнө эрте келип, бардык аспаптарда кол ойноткону менен студент кезинде гана биринчи ирет чакан публика алдына чыга баштаган. Музыкага өтө берилгенин бир жыл ичинде ар кандай стилде жазылган 200 ырынан байкасак болот. Рок жанрына кызыккандыктан, бул жаатта да ыр жазып, чачын ошол убакта өстүргөн экен. 1983-жылы алгачкы жолу шериги Томас менен биргеликте чоң сахнадан жылдызы жанган. Ушул жылдан тартып, дүйнөлүк атак-даңктын туу чокусун багындырат.
Студент кезинде Геттенген шаарынын дискоклубдарынын биринен болочок жубайы Эрика менен таанышкан. Алгачкы сүйүүсүнө жетип, 1983-жылдын 11-айынын 11инде саат 11ден 11 мүнөт өткөндө Гамбург шаарында баш кошушкан. Кызыктуусу, үйлөнгөнгө чейин 10 жыл чогуу жашашкан жана үлпөт тоюн жынсы кийимчен өткөрүшкөн экен. Жубайы Эрика кесиби боюнча стилист болгон. Ортолорунда эки уул, бир кызы бар экенине карабастан, тилекке каршы, пикир келишпестиктердин айынан ажырашып кетишкен эле. Кийинчерээк Дитер Верона Фельдбуш аттуу кызга баш кошууга жетишет. Учурда Верона менен да түбөлүгү буюрбай, «Надя Абдель Фарраг аттуу курбу кызы менен жакын мамиледе» дешет.
Стив Бэнсон, Райан Симмонс, Эрик Стикс, Ди Басс деген сыяктуу псевдонимдер менен да көпчүлүккө таанымал. Чыгармачылык жолунда бардыгы болуп, 13 альбом жараткан. Музыкадан тышкары сууда сүзүүгө, тенниске кызыгат. Айта кетчү нерсе, Дитер кичинекейинде сологой болгондуктан, теннисти дагы сол колу менен ойнойт, тамакты оң колу менен жегенге үйрөнгөн. Спирт ичимдиктеринен шампанды көбүрөөк колдонот. Ал эми тамекини кичинекей чагынан эле тартат экен.

Даярдаган Чолпон Сүйүнбаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 244, 6-12-июль, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан