КЕРЕМЕТ КУТУЧА
Керектелүүчү азыктар:
Каттама камыр – 200 грамм
Шпинат – 1 боо
Катуу сыр – 150 грамм
Быштак – 200 грамм
Жумуртка – 1 даана
Сарымсак – 2 тишче
Туз – татымына жараша
Даярдоо ыкмасы:
1. Бизге ачытылбаган каттама камыр керектелет. Аны 0,5 сантиметр жукалыкта жайып алабыз да, 5х5 өлчөмүндөгү чарчыларга бөлүп чыгабыз.
2. Эгер кекстин формасына салып бышырам десеңиз, 7х7 өлчөмүндөгү чарчыларга бөлүү кажет.
3. Сырды сүргүчтөн өткөрүп, шпинат менен сарымсакты майдалап туурап алабыз. Быштактын майсызын тандаганыңыз жакшы, ага жумуртканы чегип, туз салып аралаштырабыз. Калган азыктарды кошуп аралаштырабыз.
4. Төрт чарчы камырларды кекстин формаларына төшөп, ичине толтурмадан салып, төрт бурчун ортого алып келип жабабыз. Эгер кекстин калыбы жок болсо кесимдерге толтурмадан салып, чекелерин суулап ортого бириктирип коюу керек. 200 градуста ысып турган электр мешине салып 20-25 мүнөт бышырабыз. Закускебиз майрамдык дасторконго коюуга даяр!CЫЙКЫРДУУ ТҮЙҮНЧӨК
Керектелүүчү азыктар:
Куймак үчүн:
Сүт – 400 миллилитр
Жумуртка – 1 даана
Өсүмдүк майы – 2 аш кашык
Ун – 120 грамм
Кумшекер – 2-3 аш кашык
Туз – 3 чымчым
Сода – 3-4 чымчым
Толтурма үчүн:
Быштак – 200 грамм
Бадыраң – 2 даана
Көк пияз – 1 боо
Даярдоо ыкмасы:
1. Алгач куймактарды даярдап алабыз. Бардык азыктар бөлмө температурасында болушу кажет. Жумуртканы чегип, үстүнө кумшекер менен тузду салып көбүргөнчө чалабыз. Сүт менен майды куюп бир массага келтирип аралаштыруу керек. Унга соданы себелеп, суюк аралашмага аз-аздан элеп аралаштырабыз. 20 мүнөттөй тыныктырып койсоңуз сода менен сүт көбүкчөлөрдү пайда кылат.
2. Куймак жасоочу көмөч ысып чыкканда суюк камырдан куюп, жука болушу үчүн жайылтып тегерек кичигирээк куймактарды жасайбыз. Эки тарабынан бышырабыз.
3. Бадыраңды жууп, майда туурайбыз да, быштакка аралаштырабыз. Куймактардын ичине бөлүп салып, четтерин ортого түйүнчөк сымал жыйнап келип, көк пияз менен байлап коёбуз.
Толтурманы каалаган азыктар менен алмаштырсаңыз болот. Эгер мөмө-жемиштер менен толтурам десеңиз десерт да болуп берет. Түйүнчөккө кумшекер упасынан себелеп жанына жемиштерден кесип кооздоп дасторконго коё бериңиз.ГУНКАНДАР
Керектелүүчү азыктар:
Күрүч – 200 грамм
Суу – 230 миллилитр
Алма же күрүч уксусу – 30 миллилитр
Кумшекер – 30 грамм
Туз – 1 чай кашык
Толтурма үчүн:
Нори – 1 даана
Эритилген сыр – 100 грамм
Икра – 100 грамм
Даярдоо ыкмасы:
Гункан япон ашканасында сушилердин бир түрүнө кирет. Гункан – кеме дегенди билдирет. Демек, ал кеме сымал сүйрү формада жасалат.
1. Алгач күрүчтү муздак сууга 2-3 сыйра жууп алабыз да, бышыруу үчүн идишке салып керектүү өлчөмдөгү сууну куюп, капкагын жаап жарым саат коё турабыз. Отко коюп, күрүч кайнап чыккан кезде отту болушунча азайтабыз. 15 мүнөт жай отто кайнатып, андан соң өчүрүп капкагын ачпастан дагы 15 мүнөт күтө турабыз.
2. Бул учурда алма уксусу менен кумшекер, тузду аралаштырып эритебиз. Күрүчкө куюп жакшылап аралаштырабыз. Күрүчтөн 1 чай кашыктан алып кол менен сүйрү формага келтирип даярдап алуу кажет.
3. Норини туурасынан 1,5-2 сантиметр калыңдыкта кесип чыгабыз. Аны менен күрүчтөрдү тыгыз ороп, аяк жагын суулап бекитебиз. Ичине эритилген сырдан бир аз салып, үстүн икра менен толтуруп тарелкаларга салабыз. Бул бир түрү, сиз “кемеченин” ичин каалаган жашылча, быштактуу сыр, туздалган балык эти, краб таякчалары, деңиз өсүмдүктөрү менен толтурсаңыз болот.
Асел Ишенбай кызы