"КҮЙӨӨ БАЛАМ ТИЙИШИП, СҮЙҮҮСҮН АРНАП ЖҮРӨТ..."

– Жашым 25те, жолдошум өзүмдөн 10 жаш улуу. Чоң үй-бүлөгө келин болуп баргам, эртеден кечке короо-жай, үй иштеринен колум бошобойт. Айылда жашоо кыйын, кээде эс алууга убакыт таппай каласың. Жолдошума көп эле жолу “шаарга кетеличи, жаш кезде иштеп бутубузга туруп алалы” десем, “келин болуп келгениңе 1 жыл эми болду, кайнене, кайнатаңа тыңгылыктуу чайыңды бере элексиң, сен келиндик милдеттен качып жатасың” деп болбой койду. Кесибим боюнча эсепчимин, турмушка чыккыча белгилүү компанияда эсепчи болуп иштегем. Жетекчилик дагы деле жумушка чакырат. Бирок кайын журтум иштешиме каршы. Ошентип көр-тирилик менен күндөр өтүп жатты. Жалгыз кайын сиңдим жолдошу менен таарынышып, 2 баласы менен биздикине келип жашап калды. Көп өтпөй артынан күйөө балам “алып кетем” деп келген. Кызыгы, менин эч кимге айта албаган сырым бар. Аны күйөөмө айткандан корком, кайнене, кайнатама айтсам ишенбей күнөөнү кайра мага оодарабы деп чочулайм. Күйөө балам жаңы келгенде жакшы сүйлөп, үйдөгү майда-чүйдө жумуштарга кол кабыш кылып жаткан. Бирок анын камкордугу бара-бара башка мамилеге ыктап баратты. Ал менден улуу, 30 жашта, бирок кайнагасынын келинчеги болгондуктан мени жеңе дейт. Бир күнү сарайда уй саап жатсам жаныма келип жарык күйгүзүп берди. Мен уйду саап бүтүп, чакамды көтөрүп турайын десем мени кучактап-өпкүлөп кирди. Каршылык көрсөтүп түртүп жиберсем чакадагы сүтүм жерге төгүлүп калса болобу.

– Акмак, шаардан бузулуп келген турбайсыңбы. Сени шашпа, азыр күйөөмдүн колуна салып берем...

– Адинай, суранам, айтпа эч кимге. Нуркыз кош бойлуу, сен билбейсиң, күйөөңө айтсаң кайын сиңдиң мунун баарын көтөрө албайт,- деп жалдырап жиберди.

Ушул окуядан кийин анын жардамынан толук баш тарттым. Сырттагы жумуштардын баарын өзүм кылып андан алыс жүрө турган болдум. Бирок күйөө балам мага тийишкенин койгон жок. Суу ташыганы же сарай тарапта иш баштасам эле жаныма келип алып сүйүүсүн билдирчү болду:

– Адинай, мен сени университеттен тааныйм, мен практика өтөп жүргөндө 1-курска келгенсиң. Сонун кыз болчусуң, дагы деле ошол жалжылдаган бото көзүң, калың каштарың... Эх, сен жасалмасы жок нукура сулуусуң, билесиңби?! Бул айылдык дөңгөчтү кайдан таап алгансың?

– Сен адамдарга келбетине карап баа бербе! Жоголчу ары!

Бир жолу уктоочу бөлмөдө чачымды тарап жатсам, артымдан бирөө келип кучактап калды. Жолдошум эмес, күйөө балам экен, кыйкырбай араң өзүмдү кармап калдым. Кечээ эле биздин уктоочу бөлмөгө кирип, менин ич кийимдеримди кармалап жатканын көрдүм. Күйөөмө “булар качан кетишет, биз менен дайыма чогуу жашайбы” десем, “иш болуп жатканда дыйканчылыкта иштеп алышсын, акча топтоп алып кетишет” деп койду. Ага чейин дагы 4 ай бар. Күйөө баламдын кылыгын кайын журтума же жолдошума айта албай кыйналып кеттим.

Адинай

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
udoqawje
2023-04-10 22:55:00
:) :) :)
-1
suban78
2023-04-12 23:16:00
Чычкан дары кошуп кой тамагына, болду, кутуласын каласын
+1
№ 1061, 7-13-апрель, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан