КАТ ТУРМУШ (Орусиядагы Кыргыз мигранттарынын жашоосун баяндаган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

– Каяктасың?

– Не болду, эже? Ушул жердемин.

– Акбермет каякта? Кечээ жеңесине «15 миң жибердим, дагы 15 миң жиберишим керек» деп акча издеп жүрөт эле, байкуш.

– Алар адатынча ага «биз сени бакканбыз, карызсың, акча сал» деп жатат да...

– Ушул кызга эле кыйын болду... Ушуну эле коркутуп, ушундан эле акы доолаган адамдар. Дагы жакшы, өзүн-өзү тарбиялап, өзүн-өзү өстүрүп, ушунча жакшы адам болуп калыптыр. Болбосо мындай тагдыр, мындай адамдар менен бул ажаан болуп чыгып кетиши керек эле. «Апа болумуш» операцияга кирдиби?

– Жок, кире элек. Улам Акберметке жазып, улам Акберметтин жүрөгүн сыгып, Вотсапта эле отурат.

– Өлдү го, операция таңкы тогузда деп жатпады беле?

– Билбейм, Вотсапка кирсеңиз. Баары ошол жакта.

– Акберметке чалсам жооп бербеди. «Жеңем операцияга кирип кетти. Бирок жүрөгү көтөрө албайт экен» деди эле, ошол бойдон жок.

– Кыжалат болбоңуз. Өтүн эле алат экен. Кыргызстанда эч кимде өт калган жок. Өт алмай – врачтардын «оокаты».

– Дарылаганга караганда алып салган оңой де…

– Менин таенем Бишкектеги ооруканалардын биринде өтүн алдырган. Атам кошо барган болчу. Ошондо врач атама «айылда өтүн алдыра тургандар болсо мага жибер. Арзаныраак алып берем» деп айтыптыр.

– Кечээ айтып койбойт белең. Буларга 30 миң дептир. Акбермет «15 миң жибердим. Эми 15 миңи калды» деп акча издеп чуркап жүрөт.

– Бул жеңесинин эле баягы көндүм болгон саясаты, эже. Адатындай «мен сени баккам, биз сени бакканбыз» деп милдет артып жатат. «Жүрөгүм наркозду көтөрбөйт, операциядан чыкпай калышым мүмкүн» деп улам эле ыйлап Акберметке телефон чалып, ал телефон чалган сайын сураган акчасы көбөйүп баратат. Үйүндө «ушул кыз талаада жүрөт, кыжалат кылдык, тыңыраак бололу, ниетти ондойлу, өзү араң жүрөт, ушунун эки кызы бар» деген киши жок экен. Жеңесине абысынын кошулуп алганына не берейин? Эркек башы менен ушул кызга чалып, улам аялынын абалын айтып, аялын аяп жатат. Акберметти аяган жок, бирок аялын аяп жатат. Түшүнөм, ооруган кишини баары аяш керек, баарыбыз аяшыбыз керек. Бирок эмнеге булардын үй-бүлөсү бардык аялуу нерселерди Акбермет аркылуу аяйт, эмнеге анын акчасына аяшат? Ал кайнене-кайнатасына түтөбү, аларга түтөбү, же эки кызын чоңойтобу? Эки күндөн бери жеңеси үч чалса, абасы бир чалат. Аларды уккан сайын Акбермет күйүгүп өлгөнү калды. Жанында акчасы жок болчу. Жакында эле кыздарына жиберген. Эми ар кимден акча сурап жүрөт. Үйүндөгүлөрдүн баары – абасы, жеңеси, алардын балдары – бүт андан талап кылып, талапка көнбөсө, коркутуп, коркпой койсо, ыйлап акча алып жашап көнүп калыптыр. Анын ала көөдөн, дардаңбай экенин баары жакшы билет турбайбы. «Операциядан соо чыкпай калам го» десе, жеңесиз калат экенмин деп, дагы болгон мыдырын көтөрүп чуркап жөнөдү. Жеңеси акчага келгенде аны «кызым, балам» деп эсептеп киши ордуна көрүп калат. Башка учурда кааласа сүйлөйт, каалабаса сүйлөбөйт. Болбосо өзүнүн уулу менен кызы дал ушул биз жүргөн Москвада жүрөт. Эмнеге алардан сурабайт? Эмнеге өтүн алганы жатса өз балдарына эмес, Акберметке чуркап келет? Же эмнеге баары чогуу салбайт? Баары чогулуп, акча чогултуп салса болот да. Жок, өзүнүн балдары козголгон жок, ойлонгон жок, жадакалса алардын укканынан шегим бар. Жеңеси ага «сен чоңусуң, алар жаш, алар укса кыжалат болот» деп ыйлактаптыр. Акбермет да үйдүн чоңу экенине ишенип алыптыр. Эмнеге ушундай учурда ал чоңу боло калат, башка учурда үйдүн чоңу эмес? Эмнеге жеңесинин балдары ушундай учурда жаш, кичине? Мейли, жашты, кичинени билет экен, андай болсо эмнеге Акбермет 17 жашында жеңесинин көзүнө жаш, кичине көрүнгөн жок? Суроом эле көп, эже. Көбүнесе бул суроолор өзүмө-өзүм жооп таппаганда сизге берилет, сизден сурай баштайм. Өзүм ушуларды бөөдө жаман көрүп жаткан жокмунбу деп сурайм, ушуларды түшүнөйүн деп сурайм. Түшүнөйүн, анан Акберметке түшүндүрөйүн деп ойлойм. Же ал түшүнбөдү. Арызданып ыйлап жатып эле акчасын алдырып отуруп калат же жинденип, жаман көрүп жатып эле араң алган жаңы көйнөгүн жеңесинин кыздарына чечтирип жиберет. Эми жиниме тийип, «жеңем өлгөн жатат» деп жеңесин аяйт. Жеңеси муну бир жолу аядыбы? Жеңеси менен абасы муну бир жолу аяган болсо «ушул кыздарын багам деп тентип жүрөт, ушундан сурабайлы» демек. Чоң энеси өлгөндө «ушул кемпир сени баккан, сен аны көмүүгө милдеттүүсүң» демек эмес. Кемпир өлгөндөгү ыра-жоронун баарын Акберметке жасаткан да. Кемпир анын чоң энеси болсо, баккан болсо, тигил абасынын апасы го! Качан кыргызда эркек турган жерде өлүктү кыз көмчү эле? Дагы жакшы, кемпир ушул кызды багып койгон экен, көмүлүп калды... Абасы мугалим. Өмүр бою мектепте мугалим болуп иштеген киши. Кеп – абасында. Болбосо бир тууганынан калган жалгыз кызды ушул аялга кордотот беле? Эсиңиздеби, былтыр абасы өзүнүн туулган күнүндө дублёнка алдырып кийгени? «Мен 60 жылдык мааракемде элден кем калбай дублёнка кийишим керек. Үйдүн улуусусуң, дублёнканы сен алып беришиң керек» деп Акберметке дублёнка алдырып кийген. Ошол киши дублёнканы кантип кийди, элге не деп кийди? Пол жууп жүргөн жалгыз бой энеге кантип дублёнка алдырып, кантип ошону уялбай жонуна илди, билбейм. Эмнеге жакшылыктарда, куда-сөөккө барарда, сый көрө турган жерлерде Акбермет үйдүн улуусу болбойт да, кемпир көмүлөрдө, өт алдырарда, дублёнка алдырарда үйдүн улуусу болуп чыга келет? Экөө тең дайым «милдеттүүсүң», «карызсың», «бакканбыз» деп эскертип турат. Антип тынбай айтып турбаса, кудум Акбермет унутуп калчудай...

ххх

– «Өзгөчө кылмышкеримди» көрүп келдим. Эч нерсе өзгөргөн жок. Сүйлөгөн жок. Сүйлөйт деп деле күткөн эмеспиз. Бирок тергөөнүн эрежеси ошондой. Мөөнөтүн узартыш керек, айып коюлуш керек, токтомдор менен тааныштырыш керек, дагы башка тергөө амалдарын аткарыш керек. Укпаса деле угузуп, укпаса деле окуп берип, укпаса деле сүйлөп, укпаса деле которуп беришибиз керек. Эч нерсе өзгөргөн жок. Бирок бул жолу мен өзгөрүп бардым. Экспертизадан бери ушинтип жүрөм... Кылмышкерди тынбай эстедим. Өзүн эле эстебей, анын айылын, айылдаштарын, туугандарын, апасын, апасынын эрин, карындашын кошо эстедим... Өлүп калбады бекен деп кыжалат болдум. Ал тургай качан чакырат деп күттүм.

Изоляторго кирсем капюшонун көзүнө тарта кийип, жер тиктеп отуруптур. Биз жакты караган деле жок. Мага же колу көрүнбөйт же моюну... Же көзүн көтөрбөйт. Айлам кетти. Эч ким аягысы келбеген, эч ким ушунча жыл аябаган адамды мен аягым келип турганын түшүнүп эле турдум. Бирок кантип аяшты билбей койдум. Ал менин аяп жатканымды деле түшүнмөк эмес, ага менин аёоом деле керек эмес, бирок өзүмө керек болду окшойт да... Ичимден аяп отурдум. Анан тамекимди алдына таштадым. Тамекини тиктеди, мен тарапты тиктеген жок. Бир даана тамеки алды. Оттукту айттырбай өзүм жандырып бердим. Ошончо жакын туруп, оттук жандырып жатсам деле мени тиктебей койду. Тергөөчү бир нерсе жазып жаткан. Ишин таштай салып бизди карап турду. Бирок унчуккан жок. Кылмышкердин айылын, айылдаштарын, туугандарын, апасынын эрин, апасын жаман көрүп калыпмын. Ошол кишилердин баары менин көзүмө кылмышкер көрүндү. Ушул кылмыштарга бир айылдын, апасынын туугандарынын, атасынын туугандарынын түздөн-түз тиешеси бардай көрүндү. Айрыкча апасы менен өгөй атасынын... Бирок жазасын жалгыз ушул жигит тартып жатканы жанымды кашайтты. Карындашын гана өзүнө кошуп аяп отурдум. Алардын корголбой калган балалыгын аяп отурдум...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1062, 14-20-апрель, 2023-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан